Исламга негедир ичи таарып,
Динге каршы пост жазчу бөлүп-жарып.
Жакындарын боздотту, — ажал экен,
Жакында эле бир адам өлүп калып.
Жакындары салышып кеп-кеңешти,
«Жаназа оку молдоке!»- деп келишти.
«Жаратканды таанычуу беле?»,- десе,
Жан жагына карашып теңселишти.
Жашыл түстө чапаны жондо кетти,
Жашыл теспе шырыктап колдо кетти.
«Жаназаны каапырга окубайт!» деп,
Жайбаракат үйүнө молдо кетти.
Жакындары убайым жеп турушту,
Жайканага көмөлү деп турушту.
Мүлдө шаарча чогулуп, каршы болуп,
Мүрзө бербей аларга бек турушту.
Оо, калайык бөлүнүп жарылбайлы,
Атактуубу, ким болсун жагынбайлы.
Тилин тыйбас каапырды, дин безерди,
Тизмелейли, тизмеден жаңылбайлы.
Арканы бар Алланын Ислам деген,
Аркаңды сен салбагын — карман бекем!
Агайын журт тескей жүр бир бооруңду,
Акырети динсиздин арман деген!
Камбараалы Оркошов