alternatetext Багымдат: 04:22 | alternatetextКүн чыгуу: 06:06 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:56 | alternatetextКуптан: 21:43
АңгемелерТурмуш таалимдери

«Жан дүйнөм «навалымдан» тажаган», аке»

✍🏻Кабинетте терезеден күн нуруна кактанып олтурсам, Сарыбай саясатчы акем келиптир. Анын адаты ошондой, бир айда жок дегенде бир жолу баш багат. Гезитибизди сындайт, сунушун, пикирин, акылын айтат. Төгөрөктүн төрт бурчундагы жаңылыктарды өзү барып көргөндөй, анча-мынчасына кошуп-ташып, апыртып дегендей кеп кылат. Ошонусун билип ага кулак салбасам деле, «Мени уксаң» деп, аңкайтып оозумду ачырып, быдылдай берет. Ошол «узун кулак» акем кече ой-боюма койбой, үстөлүмдөгү аягына чыга элек макалаларымды таанышайын деп тартып алды. Бир сыйра көз жүгүрткөн соң, «Эй, буларың эмне! Саал, бир адамдын бүйүрүн кызыта турган, сенсациялуу нерселерди жазсаң. Болбой баратса, саясаттан чиймеле. Ага мойнуң жар бербесе, азыр эстрада ырчылары жайнап кетти. Ошолордун сүйгөнү, машинасы, ити, мышыгы, наскиси иши кылса «жылдыздардын» жашоосу жөнүндө жаз. Кызыктуу кылып. Буга деле болбосо больница бар. Ойакта жакшылап сүрүштүрсөң сен жаза турган проблемалар навалым. Ушуларыңды ким окуйт,» — деп тырчыят. Агамдын мындай сынын уга бергендиктен, кош көңүл гана туура айтас бүгүн көпчүлүк уурдаган, тоногон, бирин-бири шыбашкан, зордуктаган, сойуп кеткен сыяктуу сенсациялуу макалаларды окуйт. Ошолорго кызыгат, ошондойлорду талдайт. Бирок негедир жан дүйнөм андайларга караганда мындайларды жаз деп, көшөрүп да жаңырып да туруп алгандыктан, ушуларды чиймелеп жатам дедим кыска гана… Ал кеткенден кийин, болору болду деген таризде, ошол агама жакпаган макаламды көпчүлүктүн таразасына коюуну эп көрдүм. Ким кандай баа берет, ал өз эрки…

😞»Баары менин колумда» — Өзүң кимдин колунда…

Жан дүйнөңдү титиретип, калааты кылган учурлар болот бу жарыктыкта. Кадам сайын. Кече күнү маршруткада бара жатып, төрөтканада он гүлүнөн бири ачыла элек, он сегиз жаштагы кыздын төрөттөн көз жумганын кеп кылышты. Шаарга окууга барып, бир чоңдун чокчоңдогон бузуку баласынын кебине башы айланып, боюнда болгонун, анысын ата-энесинен жашырып, беш ай белин бууп жүргөнүн, жигит сөрөйү өзүнүн баласынан баш тартканын, арманын айтаарга киши таппай, жашоодо дардисар жүргөнүн, акырында өз ымыркайынан танган, жанагы бузукуну абийир сотуна тапшырганын жазыптыр, бечара кыз коштошуу катында. Угуп алып ичим эңшерилди. Туура кылдыкпы же жокпу, эркекмин деп баш көтөргөн ошол эргулду маршруткадагылар баары сөктү. Баары каргады, Бала көрбөй боздоп өт дешти. Кудайга салышты…

Кечинде бутумду сүйрөп араң үйгө кирсем, электрик болуп иштеген Сабит акем звандаптыр. Негедир көңүлү жок. Ал жайын сурасам, араң турганбы, төгүлүп кирди: «Өзүң билесиң тиричиликтин айынан мектепти бүтүп-бүтпөй ушул жерге жумушка орноштум. Андан бери далай жыл өттү. Жаманбы, жакшыбы иштедим. Эмгегим сиңди. Эми кечээги «буудай орумдагы» бала башчы болуп келип, «ишиң начар, ордуңду бошот» — деп бакылдап, башымды оорутат. Түшүнсөң мындан башка иш колумдан келбейт. «Жашым өтүп калыптыр» десем да кулак салбайт. Угушума караганда менин ордумду айылдашына алып берет имиш. Бүгүн катуу кеттик… Аерге-буерге кайрылам десем: «Колуңдан келгенин кыл. Бардык жерде таанышым бар. Баары менин колумда!» — дегендей түр көрсөтөт.

Ачыгын айтсам Сабит акем жаш баладай арманын айтып чайнанды. Жооткоттум. Иренжибеңиз, азыр айрымдар жашоонун баарын тааныш-билиш, бийлик, мансап менен карыштап өлчөп калган. Ал, тиги менин колумда деп ишеничтүү айтабыз. Бирок бизге ушунча өмүр, ырыскы берип, артынан бүгүнбү, эртеңби, бүрсүгүнбү ажал дегенди байлап койгон Жараткандын колунда экендигибизди негедир эстегибиз келбейт. Кет десе сүйкөнө бербей, тобокел кылып сыртка чыгыңыз. Балким мындан да жакшы иш табылып калаар. Анткени мен менен сизди жараткан Кудай — Ырыскы Берүүчү эмеспи» — дедим акырын.

🌳»Мен дагы бакка киргим келет»

Бир күнү жакыр жашаган бечара, бай жашаган кошунасыныкына акча сурап келет. Анда тиги: «Түштө келчи, ага чейин ойлонойун» — деп жөнөтөт. Кембагал чоң үмүт менен түштө келсе, бай асыр маалында кел дейт. Асырда баш бакса кечинде кел дейт. Түн кирери менен астанасында сагалап турган кембагалга бай, мыйыгынан жылмайып: «Кандай түшүнбөгөн акмаксың? Акча бергим келсе, сени ушунча убара кылбай бая эле бербейт белем» — деп эшигин жаап, кирип кетет. Эки кошунасынын эртеден берки болгон мамилесин байкаган үчүнчү кошуна, дүйнөсү караңгылап, жашоого жер тар болуп бара жаткан берки бечаранын алдын тороп, акча сунат… Ошол түнү баягы сараң бай түш көрөт. Түшүндө алмасы кызарып бышып, тамшандырган чоң багынын алдында туруптур. Караса берки кошунасы бактын ортосунда алма жеп олтурат. Анын жанына барып, бирге олтуруп алма жейин деп кадам таштаса эле, алдынан жылан чыгып, аны бакка жолотпойт. Канча аракет кылбасын, баары текке кетет. Эртеси таң эртең менен берки кошунасыныкына кирип, көргөн түшүн айтып: «Ээ кошуна, кече бечара Бектур акча сурап кирди эле, бере албадым. Байкашымча менин ордума сен бергенсиң, чамасы?! Эми сураныч, ошол берген акчаңды андан сураба. Анын ордуна берем» — дейт. Анда берки тек гана сыр бербей: «Мен дагы бакка киргим келет дечи. Эми баары кеч болуп калды» деген экен. Анын сыңарындай, бул жарыктыкта бири-бирибизге кайыр акыбеттүү болушубузга не жетсин. Жараткан ар бирибизди өз жолунан адаштырбасын, амийн!

👤Нуркамил Абдуллаев.
👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button