МакалаларТаасирдүү окуялар

ЖҮРӨГҮ ЖАРЫЛЫП ӨЛГӨН ЖИГИТ

✍🏻Халифа Умардын кезинде бир жаш жигит бар эле. Ал эч качан мечиттен калбай намаз окуп, кулчулугун такай орундайт болчу. Алланын амирлерине өтө такыбалыгы менен таанылган эле. Азирети Умар (р.а.) намазга келип жүргөн өз жамаатын жакшы билгендиктен бир күнү ошол жигитти мечиттен көрбөй калат. Күнүгө намазга келип жүргөндүктөн анын капыстан көрүнбөй калуусу Азирети Умардын (р.а.) тынчын алат.
Намаздан кийин жамаатка карап: “Паланча деген жигитке эмне болду экен?! Бир-эки күн болду, аны мечиттен көрө албадым?”- деди. Ошондо жыйналган жамаат бул суроого жооп бергилери келбейт. Баары баштарын жер каратып, Умардын (р.а.) бетине тике кароодон уялышат.
Умар(р.а.) суроосун дагы да кайталаганда, жамааттан бирөөсү: “Эй, момундардын Амири! Ал жигитти (айтууга уят болгон жерде) жолдо өлүп калган жеринен таап алдык. Сиздин көңүлүңүздү түшүрбөө үчүн дароо жаназасын чыгарып, жерге бердик”- дейт.
Азирети Умар (р.а.) болгон окуяны түшүнөт. Аллах да анын жүрөгүн ачып жашаган жашоосун аян кылат. Окуянын баарысы мындай болгондугу маалым ьолот. Бул жигит күнүгө мечитке келип-кетип жүргөн кезде ошол көчө боюнда бмр аял ага сырттан ашык болуп жүрө берет. Жигит сулуу, көрктүү жана бойдок болгондуктан жанагы аял аны өзүнө каратуу үчүн шайтандын бардык кылыктарын колдонот. Ар жолуккан сайын жигит анын ушунусун кабыл кылбастан күнөө кылбоого тырыша берет. Канча деген менен ар бир пенденин назик түсү болот эмеспи?! Мына, ошондой күндөрдүн биринде ошол жигиттин алсыз түрүн пайдаланган жанагы аял антип-мынтип өзүнө чакырат.
Жигит да чыдай албай анын үйүнө карай бир-эки кадам жүргөн кезде эрксиз түрдө тилине бир аят түшөт. Жигит эрксиз оозуна түшкөн аятты окуй баштайт. Алгачкы аяттын маанисине анча маани бербегени менен, ошол аяттын маанисине жетет.
Аяттын маанисинде мындай эле:

“Такыбаларды шайтан азгырса, алар (Аллахты) эске алып, (Туура жолду) көрүшөт”. (Аараф:201)

Бул аяттын маанисин түшүнүп окуган кезде, денеси дирилдеп, дал ошол кезде аят көктөн жаңы түшкөндөй жан дүйнөсүнө катуу таасир этет.
Жигит эсин жыйып, кылган иши үчүн Роббисинен катуу уялып, кандайча күнөө кылууга дити барганына өзү түшүнбөй калат да, бүткөн боюн коркунуч бийлейт. Жигит оозуна келген аяттын маанисин ойлогон сайын жүрөгү катуу дүрсүлдөп согот. Бирок, жүрөк чиркин коркунучтан чыдай албай жарылып кетип, жигит ошол жерде жарык дүнүйө менен кош айтышкан экен.
Азирети Умар (р.а.) жигиттин башына келген бул окуяны билгенден кийин дароо анын кабырына карай жүгүрүп жөнөйт. Кабыр башына барып, жигиттин жаткан жерине ийилип, болгон үнү менен: “Я, фата! Уа лиман хафа макома Роббихи жаннатан” (Эй, жигит! Роббисинен корккондор үчүн эки жаннат бар) деп кыйкырат. Дал ошол кезде Азирети Умарга (р.а.) күрүлдөгөн үнү сыяктуу бир үн угулат. Бул өлгөн жигиттин: “Эй, Момундардын Амири! Аллах мага сенин айтканыңдын эки эсесин берди”- деген үн болчу.

Бул окуядан сабак азыркы күндө кыз -жигит болуп жүргөндөргө деги эле зынааны каалаган аял -эркектерге чоң эскертүү! Кыз -жигит болуп канчасынын тагдыры талкаланды,канчасынын абийир,намсын жоготуп ,кор болуп жүрөт,канчасы зына кесепетинен айыкпас ооруга туш болуп жап- жаш өмүрлөрү соолууда, канчасы өз үй -бүлөсүн таштап өз кызыкчылыгы менен балдарын жетим кылып ,канчасынын көз жаштары агууда ! Шарият жөндөн жөн тыйган жок кыз -жигит,зынаанын арам экенин, ооба албетте кыз -жигит бирин -бири таануусу керек чеги менен шарттары менен көп узатпай үй -бүлөө очогун куруу керек мына ошондо баары өз ордунда болот! Ошон үчүн мусулман бир тууганым ойлонуп туруп,ойлонуп кадам кой,сен каалаган, сен кордогон,сен таштаган бирөөнүн алтындай карындашы,эжеси,апасы ,кызы болот. Өз жакындарыңды ойлоп кой,анткени зынаанын жазасын Аллах Таалам сөзсүз өз жакындарыдан көрсөтүп коёорун унутпагын ….

Пенде эгер зынаа аракети кезинде өлүп кетсе, тозокку болот. Себеби, Азирети Пайгамбарыбыз (соллаллааху ъалайхи уа саллам) мындай дейт: “Зынаа кылган киши зынаа кылган кезинде момун катарында зынаа болбойт (саналбайт)” (Муслим, Иман 100-102 ).
Аллах Таала зынаа тууралуу Курани Каримде эскертет:

“Зынаага жакындабагыла. Анткени, ал эң ыплас, жаман жол”. (Исра:32)

“Алар – Аллахка кошуп, башка Кудайга табынбагандар, Аллах өлтүрүүгө тыюу салган тирүү жанды укуксуз өлтүрбөгөндөр жана аягы суюктук кылбагандар. Кимде-ким муну жасаса, ал жазага тартылат. Кыямат Күнүндө алардын жазасы эки эсе болот жана ал анда түбөлүккө кор кылынат”. (Фуркан:68-69)

“Аягы суюк аял менен аягы суюк эркектин ар бирине жүз балак ургула. Эгер Аллахка жана акырет күнүнө ишенсеңер , анда аларга жумшактык кылбагыла. Албетте, экөөсүнүн жазасына момундардын бир тобу күбө болсун (карап турсун)”. (Нур:2)

Аллах Таала ушундайча кулдарына эскертүү жасап, зынаага баргандарды жазалоо буйруду.
Ыймансыздыктан боло турган бул аракет коомго көп таасирин тийгизип жатканы ырас.
Үй-бүлөсүн бузбай, жетимдердин санын арттырбай, түрлүү ооруларды пайда кылбоонун эң башкы жолу ар бир пенденин зынаага жолобоосу.. Анын азабы бул өмүрдө гана эмес, Акыретте да эселенип берилет. Зынаа жасоо тургай ага жакындоого динибиз тыюу салат. “Ачык да жашыруун да бузукулук иштерди кылбагыла” (Аьанам:151) -дейт Аллах Таала.

Зынаа жасаган коомго Алланын мээрими түшпөйт жана андай коомдун башына ар түрдүү балээкеттерди жиберет. Пайгамбарыбыз (соллаллааху ъалайхи уа саллам) бир хадисинде: “Зынаакорлуктун алты түрлүү жазасы бар. Анын үчөөсү ушул дүйнөдө, үчөөсү Акырет күнүндө болот. Бул дүйнөдөгү үч жазасы: Ал адамдын бетинен нуру кетет; кедей болот; өмүрү кыска болот. Ал эми Акыреттеги үчөөсү: Алланын каарына учурайт;
Акыретте эсеби кыйын болот; анан да түбөлүк отто калат”- деп айтты. (Абулайс Самарканди, Куррату-л-Гуюн 21-бет).

Аллах баарыбызды өз ырайымына бөлөп, туура жолго салсын!

👤Нуриза Кармышакова.

Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Пикирлер жок

Бул да кызыктуу

Close
Close