Макалалар

ЖҮГҮНҮҮ ЖЕ КЕЛИНДИН САЛАМ БЕРҮҮСҮ (1)

«Жүгүнүү» салтынын өкүмү кандай?

🕌Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын ысымы менен.

🧕🏻Жүгүнүү же келиндин салам берүүсү.

✍🏻Орто Азия элдеринде, анын ичинде кыргыздарда да келинге мүнөздүү болгон жүгүнүү салты чоң мааниге ээ болуп келген. Жүгүнүү – эки колун бооруна алып, башын ийе эңкейип, таазим этүү салты. Келин кайын ата-энесине, кайын ага-жеңелерине, кайын эже-жезделерине, күйөөсүнүн улуу туугандарына учурашуу иретинде биринчи кезиккенде жүгүнгөн. Жүгүнткөн улуу кишилер ага алкоо айтышып, “Алдыңды бала бассын, артыңды мал бассын. Алганың менен тең кары, ак жоолугуң башыңан түшпөсүн” деп ак батасын беришкен. Күйөө бала да биринчи жолу кайын журтунун үстүнө жүгүнүп кирет.

Жүгүнүү сыяктуу учурашуу салты дүйнөдөгү башка элдерде да кездешет. Жаш келиндердин кайнагаларына, кайын аталарына, деле сакалдууларга кашкайып барып, кол берип, колун кысууга караганда эки колун бооруна алып, ийилип коюу сылыктык катары сыпатталган көрүнүш болгон.

Кыргыз элибиздин илгертеден бери келе жаткан үрп-адаттары жана каада-салттары бар. Бирок бул үрп-адаттар Курандагы Алла Тааланын аятына, же пайгамбарыбыздын (САВ) көрсөткөн жол жобосуна каршы келбеген кезде, ал аткарылат, ага эч каршылык болбойт. Үрп-адат шариатка баш ийет, бирок дин салтка баш ийбейт.

📍«Жүгүнүү» салтынын өкүмү кандай?

Кээ бирөөлөр айткандай, Аллахтан башкага рүкү кылган болуп, ширкке кирип кетеби? Же ал улуктоо, сыйынуу максатында эмес, жөн гана саламдашуу катары каралабы?

☝🏻Бул суроого жооп издеп, Ханафий аалымдардын пикирлерин карап көрүүнү туура көрдүк.

📍Алгач “рүкү” деген сөздүн түпкү маанисин түшүнүүгө аракет кылып көрөлү. Бул сөз кайдан келген? Кандай маанини берет?

“рүкү” арап тилинде «ийилүү», «эңкейүү» жана «ооп кетүү» деген маанилерди берет. Эгер курма дарагын «рүкүгө барды» десе, анда анын ийилип калганын түшүнүшөт.

📍 Канчалык деңгээлде ийилгенде «рүкү» болот?

Имам Мулла Хисру (рахматуллохи алайхи) айтуусунда аалымдар рүкүнүн өлчөмүн аныктоодо ар кандай пикирлерди айтышат.

Мазхабдын көпчүлүк китептеринде, парз болгон рүкүнүн өлчөмү баш менен эки далынын кошулуп ийилүүсү, шарияттагы рүкүнүн негизи болуп эсептелинет.

Ханафий мазхабында Имам Мулла Хисру (рахматуллохи алайхи): «Араб тилинде жалпы эле ийилүү жана эңкейүү «рүкү» деп эсептелинет.»

Имам Каасани (рахматуллохи алайхи): «…баш менен эки далынын кошулуп бир аз гана ийилүүсү, намаздагы парз рүкүнүн өлчөмү болуп эсептелинет.»

Демек, жогоруда айтылган аалымдардын сөзүнө таянсак, баш менен далынын кошуп бир аз ийилүү менен шариятта айтылган рүкүнүн абалы болот.

☝🏻Бул көрүнүш (жүгүнүп салам берүү) боюнча Ханафий аалымдарынын көз-карашы кандай?

Имам Ал-Тирмизи ибн Мааликтен риваят кылат:
«Бир сахаба Пайгамбарыбызга (САВ):
– Оо, Алланын элчиси эгер биздин арабыздан бирөө диндеш бир тууганын жоолуктурган болсо, ага ийилип (салам берсе) болобу?
Пайгамбарыбыз (САВ):
– «Жок» деп жооп берди.
Сахаба андан кайра сурады:
– Кучактап, өбүшүп (саламдашсачы)?
-Жок..
Сахаба:
-Кол алышып учурашсачы?
Анда Пайгамбарыбыз (САВ):
– Ооба, деп жооп берди. (Ал-Тирмизи 272).

Имам Али Ал-Кари Ал-Ханафи бул хадистин түшүндүрмөсүндө мындай дейт: «Сый-урмат жана кичипейилдик иретинде, башын, далысына кошуп ийип учурашууну Пайгамбарыбыз (САВ) кайтарды. Себеби мындай учурашууда, намаздагы рүкүдөгүдөй абал көрүнөт. Ал Аллахка кулчулук кылып сажда кылгандай эле.» (Миркот ал-мафатих шарх мишкат ал-асобих 7:2965).

Имам Аблулхак Ал-Дахлявий Ал-Ханафий (рахматуллохи алайхи) айтты: «Ийилип учурашып, саламдашууну Мухйи Ал-Сунна макрух (жактырылбаган амал) деп атады. Муну кээ бир илим ээлери аткарып келген болсо дагы. Шейх Абу Мансурдан риваят: Жерди өбүү, баш менен далыны ийип (саламдашуу) каапырчылыкка алып барбайт, бирок чоң күнөө болот. Себеби бул жерде максат сыйынуу эмес, урматтоо гана.»
(Лама’ат Ал-Мафатих шарх Мишкат Ал-Масаабих 8:46).

Бурхан Ал-Дин Ал-Ханафи айтты:
«…Падыша же башка адамга ийилип саламдашуу макрух (жактырылбаган ) амалдардан. Себеби ал отпарастардын жоругу.» (Ал-Мухит Ал-Бурхани 5:396).

Уландысы бар …

🧕🏻Даярдаган: Мээрим Сардыбаева @hanafi_aiym.

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Ачкыч сөздөр
Улантуу
WhatsApp группабызга кошулуңуз!

Эми биздин маалыматтарды Whatsapp аркылуу окуй аласыздар.

Бизге жазылуу үчүн +996700334493 номерине кайрыңыздар!

-БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ-

Мээрим Сардыбаева

Мекке шаарында "Умм Аль-Кура" Университетинде Шарият факультетин бүтүргөн. Иорданиядагы Амман шаарында "Дүйнөлүк Ислам Университетинде" Ханафий-Фикх факультетинде билим алууда.

Тектеш темалар

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button
Close
Close