«Ыйман» маданий комплексиндеги кайрымдуулук акциясынан топтолгон каражаттар, буюм-тайым, кийим-кечелер муктаждарга берилет
Бишкек шаардык казыятына караштуу «Ыйман» маданий комплексинде ар жума сайын кайрымдуулук акциясы уюштурулуп, топтолгон буюм, каражаттар муктаж жарандарга берилмекчи. Кайрымдуулук акцияда таза, кийүүгө жарактуу кийимдер топтолсо, кыз-келиндер жума күнү жамаатка тамак-аш сатып, андан түшкөн каражатты да толугу менен муктаж үй-бүлөлөргө бөлүп беришет.
«Биз албетте элдин кызматында болгондуктан, болгону ортомчулук милдетти аткарабыз. Элден түшкөн каражат, буюмдарды адилеттүүлүк менен бөлүштүрүп беребиз»,-деди Ниматулла ажы Рыскулов.
Аталган комплекстин имам хатиби Рыскулов Ниматулла ажынын айтымында бул акция эки айдан бери өткөрүлүп келүүдө жана жакшы натыйжаларды бере баштаган мезгили.
http://muftiyat.kg
А.с уч балам бар жоолдошум отуп кеткен азыркы учурда шартка байланыштуу ойдомун сизерден кенеш алсам болобу.