Мурда устаз деген сөздү көп эле укчумун. Анын үстүнө акыркы учурларда менден сабак, таалим алгандар, же жашы кичүүлөр деле мага «устаз» деп кайрылып калса катардагыдай эле кабыл алчумун. Бирок, жакында устаздыкка болгон көз карашымды түп тамыры менен өзгөрткөн бир окуя болду. Бул тууралуу жазбасам жаным тынч албай, бугумду силер менен бөлүшкүм келди.
Ал киши менен саламым дайым түз, көргөн жерде жашым улуу болсо да билимин сыйлап, чуркап барып саламдашчумун. Мен отурган жерге кирип калса, ордуман ыргып туруп, өзүмдөн жогору өткөрчүмүн. Анткени, ал Египеттен дин билимин алып, элде да «билимдүү» делип келет. Чоң мечитте кутба жасайт, иши кылып, урматтоого татыктуу десе болот. Бирок, акыркы убактарда бийлик менен ымаласы келишип калганбы, же бирөө ага жамандаганбы, же катардагы эле пенделик ичи күйдүлүгү козуп кеттиби, айтор мени жок жерден жамандай баштады. Кээ бирлери ишаарат менен айтса кээ бирлери: «Паланча дамла сизди катуу жайлады го…» — сымал кептерди угуп калчу болдум. «Эми а киши билимдүү болгондуктан, бизге окшогондорду оңдоп койгону туура» — демиш болуп, абалдан чыгам. Кээ бирлерин урушуп да койом.
Бир жолу унаамда баратып, радиону койсом, ошол дамла кутба кылып жаткан экен, кулак төшөдүм. Кеби Абу Ханифадан башталып, мага өттү да аягы мени «ашатмай» менен бүттү. Атымды гана атабады, калганы бүт айтылды, «билимсиз», «шабашник», «жалганчы», ж.б. толгон жарлыктар тагылып, иши кылып, мен тууралуу айтылбаган кеп калбады.
Алдастай түштүм, машинеден түшүп, ары бери баса баштадым. Шайтан «азыр ага барып, тумшугу менен жер сүйрө» — дейт. Калганы эмне болоорун билбейм, бирок, чатын жара тепкенге үлгүрсөм керек эле. Өзүмдү эптеп кармадым. Дартым ичимде туйлайт, бир туруп ишенбейм, анын бул кылыгынын себебин түшүнбөйм.
Ошентип, эптеп кечкирди. Өзүмдү ар нерсе менен алаксытып, эптеп убакыт өтсө бир аз өзүмдү басып алаармын деп убармын. Кээ бир аны билгендерге чалып, жин тийбедиби экен деген ойдо ал абалын да сурап көрдүм, баары жайында. Анан аз келгенсин анын ар жерде мен тууралуу айткан, али мен уга элек, уккан адамды жөн койбогон, «…тиги дамланын радиодон сен тууралуу айткандарын уктуңбу? Аны эмне мынча таарынткансың? Ал өткөндө палан жерде сени паландай деген эле…» — деген кептер жете баштады.
Акыры журналисттигим кармап, бул маселени суук кандуулук менен иликтей баштадым. Бир канча күндүн ичинде бул дамланын мындай ишке барган себеби аныкталып калды. Бир жолу теледен кайсыдыр мамлекеттик чиновниктин жалган сүйлөп жатканын оңдоп койгон элем, ал мунун «крышасы« экен, менден ушинтип өч алууну ушуга буйуруптур. Дамла биздин мамилени четке ыргытып, шымаланып кириптир. Мына сага билимдүүлүк.
Арадан дагы бир канча убакыт өттү. Өзүмдү толук басканга жетиштим, анан болгон окуяны айтып, кеңеш суроо үчүн белгилүү аалым, көсөм аксакалыбыз, Молдосабыр дамлага бардым. Саламдашып отурган соң болгон окуяны төкпөй айтым бердим. Акыры билип туруп, атайы бирөөнүн буйрутмасы менен жалаа жапкан дамлага кандай жооп берүүнү сурадым.
Молдо Сабыр дамла да мындан кабардар экен. Анын үстүнө тиги дамланын акыркы кездеги кылыктарына анчейин ичи чыкпай жүргөнүн да айтты. Анан мага карап:
-Сиз бир кезде ал дамланы устаз деп кайрылганыңызды кулагым чалды эле, эмнеге антип кайрылдыңыз? Жөн элеби, же сиз ал кишиден билим алдыңыз беле? — деп сурады.
-Жок билим деле алган эмесмин, эл устаз десе мен деле ошентип койчумун — дедим.
-Аа, азыркылар устаз деген сөздүн маанисин деле түшүнбөй калышты — деп унчукпай отуруп калды. Кыязы мага кандай кеңеш берээрин ойлонуп жаткандай. Бир кезде кыялыма бир нерсе кылт дей түштү.
-Дамла, мен 2002-жылы ажыга барганда ал киши менен бир бөлмөдө туруп калдым. Анан андан араб тилин үйрөтүүсүн өтүнгөм. Ал мага «нун» тамгасын, анын эки абалын, «идгам» жана «изхарын» үйрөткөн. Мен балким ошондон «устаз» десем керек эле — дедим.
-Аа мына бараккалла, ал сизге жарым тамга үйрөткөн экен (сукундуу «нун» тамгасынын төрт абалы бар). Энди кеп башка. Мына угуң…
«Азыркы ушу «молдобуз» деп жүргөндөрдүн баарынын устазы бир киши, эшитсеңиз керек, Молло Шакир деген дамланы. Ошол киши бир жолу бир шакиртин катуу урушуп калганын уктум. Көрсө шакирти бирөөнүн устазы тууралуу айткан тамашасына кошулуп күлүп койгон экен. Ал сөз устазга бурмаланып, кошулуп, көптүрүлүп жеткенде анын ачуусу келип, шакиртин Оштон Бишкекке чакыртып, бөлмөсүнө киргенде шапалак менен уруп да жиберген дешет. Шакирти бир канча ай устазынын босогосунда эңкейип ыйлап, кечирим сурап турганын көргөнбүз. Кечирбеди, сүйлөшүп да, ал тарапты карап да койбоду. Акыры устаз өлүм төшөгүндө жатканда гана аны чакыртып, кечиргенин айтып, анан коштошту. Мана караң ошондо шакиртинин жашы алтымыштан ашып, өзүнүн аты чыккан устаз болуп калган учуру эле. Мына ушуну устаз менен шакирттин мамилеси десе болот. Ушуну устазга берилгендик жана таазим дейт. Азыркылар устазын кабылдамасына киргизбей күттүрүшөт. Аларды жерип, жамандаганы канча.
Балким сиз «бу дамла мага алардай билим берген эмес да» дээрсиз. Билиң, азирети Али: «Мага бир тамга үйрөткөн кишиге өмүрү кызматкер болууга даярмын» — деген. Бул дамла сизге майли жарым тамга үйрөтүптүр, сиз ошондо да аны устаз дешиңиз жана ага жараша шакирттик маданият менен мамиле кылганыңыз сизди адамдар алдында кем кылып койбойт жана Аллах алдында албетте даражаңыз бийиктейт.
Дагы бир нерсе бар, азыркы устаздар да устаздык жоопкерчиликти билбей калышты. Шакиртин жарым тамга үйрөтсө да «устаз» дедиби, ал ага жоопкер, шакиртине атасынан кем эмес камкор мамиле кылуу ага аманат. Шакиртин кордогон устаз өзүнүн гана беделин түшүрөт. Көрөсүз ал киши сизге болгон мамилесин оңдобосо, катасын түшүнүп, сиздин урматыңызды койбосо ишинин бүткөнү, текеберлигинин түбүндө калат. Негизгиси сиз шакирттик адептен чыкпапсыз, эми чыкпаң, көргөн жерде дагы деле устаз деп төрдү бошото бериң, кепичин туурулап, колуна суу куя бериң. Сурагандарга: «Устаз бизди урушканы эмес, урганы да акысы бар» — деп койо бериң. Муну түшүнсө өзү уялып калаар, түшүнбөсө сиз уттурбайсыз. Ушундай таксырым, Аллах сизге даанышмандык жана сабырдуулук берсин» — деп сөзүн бүтүрдү.
Бир да сөз айта албадым, ал «устаздын» мага «жарым тамга» үйрөткөнү чын, демек мен анын шакиртимин. Эшикке желкемдеги басып турган тоо түшкөндөй шалдайып чыктым, машинеме отурдум да: «Эй, Аллахым! Менин устазымды кечир жана Өзүң аны сакта! Мен аны кечирдим, Сага чексиз шүгүрлөр, ал эми шайтанга наалат жана шерменделик болсун!» — дедим да унаамды кенен жолго бурдум.
УСТАЗ ТУУРАЛУУ
Пикир калтырыңыз
Пикир калтырыңыз