Бишкектин Свердлов районунун баш имам хатиби, устаз Садыбакас ажы Дооловдун үстүнөн УКМК менен Башкы прокуратурага арыз түштү. Бул тууралуу феминист, Адил Турдукуловдун жубайы Умай Арыкова билдирди.
Анын айтымында, аалымдын билдирүүсү «аялдарды малга салыштыруу менен барабар».
«Садыбакас ажы Дооловдун насаатында, аялдарды малга салыштырып, аялдардын кийимин көзөмөлдөөгө чакырып, аялдарды басмырлап, укуктарын тебелегени үчүн УКМК менен Башкы прокуратурага арыз жаздык», — дейт ал.
Ал ошондой эле Дооловдун аракети КР Кылмыш-жаза кодексинин “Адам укуктарынын тең укуктуулугу” (189-беренеси) беренесине каршы келерин белгилейт.
Умай Арыкова арызын алып эле койсунчу дайны жок чычалабай .