24.1 C
Bishkek
16.06.2025
Атактуулар ааламыЖаңылыктар

Устаз Абдишүкүр ажы Нарматов 49 жашка толду.

Ал 1968-жылы 8-февралда жарык дүйнөгө келген. 1985-жылы Шураб шаарына караштуу №11-орто мектепти бүтүрүп, 1989-1993-жылдары Ташкенттеги «Имам Бухари» университетинен, 1993-2000-жылдары Египеттеги Каир шаарынын «Аль-Азхар» университетинен шарият жана фикх илимдери боюнча билим алган.
2003-2006-жылдары «Алтын муун» кайрымдуулук фондунун мүдүрү, 2000-жылдан тартып Кыргыз мамлекетиндеги Ислам университетинин ректору кызматын аркалап келген. 2016-жылы өз ыктыяры менен ректорлукту тапшырган. 2014-жылдын 4-мартынан тарта А.Нарматов Аалымдар кеңешинин төрагасы болуп иштейт. «Ислам негиздери», «Бейиш жолу», «Жашооңду өзгөрт», «Өчпөс өмүр» аттуу китептердин автору.

Эне тилинде, араб, өзбек тилдеринде эркин сүйлөп, орус, түрк, фарсы тилдерин жакшы билет. 5 кыз, 2 уулдун атасы.

Related posts

Бүгүн, 16-февралда Аалымдар Кеңешинин кезектеги 3-протоколук жыйыны өтүп, Муфтияттын, БТКнын отчёту угулуп, аймактагы диний абал талкууланды

Ош шаарынын Жапалак айылында мындан ары спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды.

Адилет Сыдыков

Бишкекте «Жаштар Ассамблеясы» мечитинин ачылышы болот.

admin

1 comment

Улук 08.02.2017 at 22:07

МАШАЛЛАХ!!! Сонун кабарын аллах омурун берсин

Reply

Leave a Comment