Атактуулар ааламы

УЛУУ УСТАТ НЕЖМЕТТИН ЭРБАКАН

Дал ушул күнү 8 жыл мурун бүткүл мусулман коомчулугу өмүрүн үммөт үчүн арнаган уулунан айрылган. Сөз учурдагы Түркия өлкөсүнүн башчысы Режеп Тайип Эрдогандын, экс президент Абдулла Гүлдүн,экс премьер министр Ахмет Давутоглунун, экс парламент спикери Бюлент Арынчтын жана башка азыркы түрк саясий элитасынын устаты, өлкөнүн мурунку премьер-министри (1996-1997) Нежметтин Эрбакан жөнүндө болмокчу. Анда сөз башынан болсун!

Нежметтин Эрбакан Түркиянын Синоп шаарында 1926 жылы саясатчынын үй бүлөсүндө туулган.Стамбулдагы орто мектепти бүтүргөн соң, Стамбул Техникалык Университетинин (ITÜ) инженердик факультетине тапшырып, Тургут Озал жана Сулейман Демирел менен бирге окуп, 1948 жылы ийгиликтүү аяктаган. Германиянын Рейн-Вестфаль техникалык университетинде кандидаттын дисертациясын жактайт. Аскердик машиналар үчүн мотор чыгарган Klockner Humboldt Deutz AG заводуна инженер катары иштеп берүүсүн суранганына карабай, өз өлкөсүндө мотор чыгаруучу завод куруу кыялы менен 1953 жылы мекенине кайтат. Бир тараптан мекенин сүйгөн тарапташтары менен завод курууга аракет кылып, экинчи тараптан өзү окуган университетте сабак берет. 1954 жылы 28 жашында доцент наамын алат. 1956 жылы курулуп бүткөн “Күмүш мотор” ишканасында 200 ашык санаалаштары менен иш алып барган. Мотор сатуу базары европалыктардын монополиясына айлангандыктан, алгач бааны жасалма түшүрүп , бир топ шаштысын алат. Ошол эле учурда европалыктардан аз май жеген моторлорго уруксатнаама жана патент алууда да кыйынчылык көрөт. Ал ортодо диний билим алып, аскер кызматын кылганга да жетишет.

Завод иштерин жана илимий иштерин бир нукка койгон соң, саясий аренага аракет кыла баштайт. “Адилет” партиясынын ветосунан соң,1969 жылы парламентке Конья шаарынан депутат болуп шайланат.Ошол эле жылы белгилүү “Millî Görüş”(Улуттук көз караш) манифестин жарыялайт. Бул манифест бүткүл түрк саясий ислам кыймылынын негизи болуп, саясий аренада жаңыча көз караш калыптандырганга аракет кыла баштайт. Ал мезгилде саясатта диний кызыкчылыктарды көтөрүп чыгуу абдан эле кыйын болчу. Анткени ошол учурда исламчыл премьер-министр Аднан Мендерес аскердик секулярист топ аркылуу иштен алынып, өлүм жазасына дуушар болгон. Өзүнүн саясий жолунда Эрбакан бир топ исламчыл саясий партияларынын башчысы болот. Секулярдык бийликтин башында турган аскердик жана кемалчы альянс светтик туруктуулугун жоготуудан коркуп, улам партиясын жапкан сайын, ногдаундан кайра турган боксер сымал, улам жаңы партия түптөп, ишин уланта берген. 1971 жылы конституциялык сот аркылуу алгач түзгөн Улуттук тартип (Millî Nizam) партиясынын ишмердүүлүгүнө тыюу салынат. Бирок кайрадан жаңы эле түптөлгөн Улуттук тынчтык (Millî Selamet ) партиясы менен Бюлент Эджевит доорунда Эрбакан мырза эки жолу вице-премьер болууга да жетишет. Бул макамда “Кипр кризисин” чечүүнүн башында Нежметтин Эрбакандын ролу чоң болгон. Осмон дөөлөтү кулаган соң, Кипр аралынан Түркия кол жууп,аймак Грецияга өткөн эле. 1974 жылы Нежметтин Эрбакандын кол астында түрк куралдуу күчтөрү тарабынан НАТО альянсында союздаш болгон Грециядан Түндүк Кипрди тартып алышат. Бирок азыркыга чейин Батыш өлкөлөрү бул жерди Түркиянын аймагы катары тааныбай келет.

1980 жылкы Кенан Эвран башында турган аскердик төңкөрүлүштөн кийин , Эрбакан мырза саясаттан четтетилип, кыска мөөнөт абакта да отуруп чыккан. Саясатка кайра 1987 жылы анын саясий ишмердүүлүгүнө уруксат берилген соң, Дөөлөт (Refah )партиясынын лидери катары кайтат. Бул партия 1995 жылкы шайлоолордо болуп көрбөгөндөй ийгиликке жетишет.Шайлоо компаниясы учурунда Нежметтин Эрбакан НАТОдон чыгуу, Израиль менен мамиледерди үзүү, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен алака куруу демилгелерин көтөрүп чыгат.

1996 жылы министр кабинетин жетектеп, “Туура жол” партиясы менен коалиция курулат. Исламчыл саясатчылардан алгачкы болуп премьер-министр макамына жетет. Кыска мөөнөттөгү өкмөт башчы кызматында араб өлкөлөрү менен мамилелерди чыңдоого аракет кылып, Ислам сегиздигин түзүүнү сунуштайт ((D-8). Бирок бул аракеттер аскердик саясий күчтөргө жакпай, бир жылдан соң кызматынан кетүүгө мажбур кылышат. Аскерлердин бул аракети “постмодернисттик ыңкылап” деген ат менен тарых барактарына жазылып калат. Буга кошумча сот партияны ашынган исламчыл деген доомат коюп, мурдагыдай эле ишмердүүлүгүнө тыюу салат.

Саяий жашоодон алыстап калса да, көптөгөн лидерлерди тарбиялоону токтотпогон Эрбакан алгачкы мөмөлөрүн көрө баштайт. Бирок анын шакирттери түптөгөн саясий партияларына да акырын тыюу салынат.Эрдоганга окшогон окуучулары менен түптөгөн жаңы “Пазилет” (Fazilet) партиясына да тыюу салынып калат. 2001 жылы соттун өкүмүнүн мөөнөтү аякташы менен кайрадан “Бактылуулук” партиясын (Saadet) түптөйт.
Бул партиянын лидери катары өмүрүнүн аягына чейин кызмат кылат. Нежметтин Эрбакан жүргүзгөн саясий ишмердүүлүк ар дайым диний, улуттук жана руханий кызыкчылыктарды коргоо, ислам дүйнөсүндүгү өлкөлөр менен саясий,экономикалык жана маданий кызматташууну күчөтүү, Түркиянын мурунку тарыхий ордун ээлеши керек деген пикирлерди көтөрүп чыгышкан.

Ал түптөгөн “Millî Görüş” кыймылы алгач Millî- улуттук деп улутчулдар тарабынан кыска гана мааниде чечмеленип келген, а бирок Эрбакан бул сөздүн Исламдагы бүткүл миллати Ибрахим деген маанисине ылайык, бүткүл мусулмандардын камы үчүн аракет кылган. Ар дайым энергияга бай болуп,сексенден ашкан учурунда да китеп окуу, лекцияларды өтүү, чогууштарда сүйлөө менен өмүр кечирген.

2011 жылы 27 февраль күнү Анкаранын Чанкая бөлүгүндө көз жумган. Керезине ылайык, мамлекет тарабынан расмий коштошуу митинги уюштурулбай, жөн гана жаназа окуу менен чектелет. Алгач Анкарада багымдан намазынан соң, жаназасы окулуп, денеси Стамбулга жөнөтүлөт. Пешим намазынан соң 2 млн жакын адам топтолгон жамааттын катышуусунда жаназасы окулуп, жерге берилген. Жаназага бүткүл мусулман өлкөлөрдүн өкүлдөрү, 60 ашуун исламий саясий кыймылдардын лидерлери, бүткүл саясий элита катышкан. Коопсуздукту сактап туруш үчүн эле 14 миң полиция кызматкери тартылган. Улуу устазды сүйгөн окуучулары дүнүйөнүн чар тарабынан топурак алып келип, салышкан.

Нежметтин Эрбакан- өз доорунун лидери, мусулманчылык бир гана намаз окуу, орозо тутуу менен чектелбешин ачык көрсөтө алган, динине бекем болгон он миңдеген окуучуларды тарбиялаган, кулаган сайын кайра бутуна туруп, күрөшүн уланткан, өлкөсүнүн өсүшү үчүн салым кошкон, жүрөгү үммөт үчүн соккон Аллахтын кулу. Анын окуучуларынын бири болгон Эрдоганды ЭРДОГАН кылган киши дал устаты Эрбакан мырза. Жөн гана устат болбостон, саясий көрөгөчтүгүн, дасыккан чечендигин жана адилеттүү башкаруучулугун да көрсөтө алган.

Бул жашоодо балким Эрдоган болуш оңой, а бирок ошондой лидерлерди таптап өстүрүү абдан эле кыйын нерсе. Биз да Эрдоган боло албасак да,Эрбакан болуубуз тийиш. Мыкты лидер боло албасак да,мыкты лидерлерди таптап чыгуубуз лазым. Ар бирибиз Фатиха окуп ,сообун бул улуу устаттын рухуна багыштап коюу- мусулман катары милдетибиз деп билем.Жаткан жери жайлуу , барган жери Фирдаус бейиши болсун! Жараткан бизге да ислам жолунда аракет үстүндө жан берүүнү, шакирттерге татыктуу устат болууну насип этсин! Бул улуу инсандын кээ бир таамай айтылган сөздөрүн которуп, чыгарууну туура көрдүм:

“Урматтуу Ататүрк мырза, бул өлкө сиздин кылгандарыңызды эч качан унутпайт”


“Жаратканына кул боло албаган, пикирине ээ боло албай”


“Бир гүл менен жаз келип калбайт, бирок жаздын келиши бир гүл менен башталат”


“Бир улуттун чыныгы күчү мылтык, бомба же танк эмес, ыймандуу жана максаттуу жаштарда”


“Күн турганда, шам жагуунун кереги барбы?”


“Сионизм бир крокодилге окшош.Үстүңкү жаагы Америка болсо, астыңкысы-Европа биримдиги”


“ Саясатка көңүл бурбаган мусулмандарды, мусулмандарга көңүл бурбаган саясатчылар башкарат”


“Намаз диндин тиреги болсо, жихад диндин эң чокусу. Биз саясат менен гана алектенген жокпуз, бир эле учурда жихад да кылып жатабыз”


“Мусулман Акыйкаттын өкүмү үчүн мотор, зулумдуктун өкүмү үчүн тормоз болууга тийиш”


“Биздин аракетибиз ар бирине түшүндүрүлүүсү зарыл. Чакыруу бизден, хидаят Аллахтандыр”


“Миллий Гөрүш текеден да сүт чыгарат”


“Бузулган 40 жумуртка биригин таза бир жумурткадай боло албайт”


“Ыйман болсо, мүмкүнчүлүк да болот. Мүмкүнчүлүк жок деген ыйманынан шектенсин”


“Ислам дини эки дүйнө бактылуу болуунун дарысы”


“Эгер мусулманчылык бир гана намаз оку, Куран окуу, теспе тартуу менен гана чектелсе Абу Айюб аль-Ансаринин (Кудай андан ыраазы болсун) Стамбулда эмне иши бар эле?”


“Ислам согуштары ар дайым адамзаттын бактылуулугу үчүн болгон”


“Саясат менен башым оорубайт деген “Курандын жарымы же инсандардын абалы биздин башыбызды оорутпайт” дегенге барабар”


“Дүнүйөнү оккупация кылган жырткычтын мээси- сионизм, жүрөгү- Европа, оң колу-Америка, сол колу- Орусия”


“Артымдан малы жана жаны менен жихад кылган Кудайдын кулу катары эскерүүсүн каалайм”


“Кызыл деңиз Фираунга кандай мазар болгондой эле, Ак деңиз да Израиль үчүн мазар болот”


“Максатыбызга алгач чуркап, болбосо басып, анда да болбосо жөрмөлөп болсо да жетебиз”

Ачкыч сөздөр
Улантуу
WhatsApp группабызга кошулуңуз!

Эми биздин маалыматтарды Whatsapp аркылуу окуй аласыздар.

Бизге жазылуу үчүн +996700334493 номерине кайрыңыздар!

-БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ-

Тектеш темалар

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button
Close
Close