АалымдарМакалаларӨрнөктүү өмүрлөр

Улуу Имам Абу Ханифа

40 жыл бою бардык багымдат намаздарын куптан намазындагы даарат менен окуган Абу Ханифа

«Имам Абу Ханифа баарына маалым болгондой эле, кырк жыл бою бардык багымдат намаздарын куптан намазындагы даараты менен окуган. Куран Каримди ар түнү саарлык (сухур) убактысында бир ирекетте эле баштан–аяк толук окучу (хатым кылчу). Түн ичинде анын ыйлаган үнүн кошуналары да угуп, аны аяп кетишчү».

Күндүзү орозо кармап, түнү ибадат кылчу. Абу Ханифа оозуна эч качан шектүү тамак алган эмес. Ошондой эле Абу Юсуф да устазы Имам Абу Ханифа Курани Каримди бир ирекетте эле хатым кылгандыгын айткан. Аль-Хасан ибн Зияддын ѳз устазынан Абу Ханифанын «Кээде мен багымдаттын эки ирекетинде Курани Каримди толугу менен хатым кылчумун» – деп айткан сѳзүн келтирет. Абдуллах ибн Мубарак Имам Абу Ханифанын бир эле даараты менен беш убакыт намазды окугандыгын айткан.

Абу Абдуррахман аль-Мукринин досуна минтип айтканы бар: «Абу Ханифанын намаз окуп жатканын кѳргѳнүңдѳ, бүткүл жан-дили менен берилип окуп жатканына ынанат болчусуң».

Булак
«Улуу Имам Абу Ханифа» китебинен
Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Адилет Сыдыков

Сыдыков Адилет Акматжанович 1995-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы Атамерек айлында туулган. Улуту – кыргыз. 2001-жылы айылдагы Боронбай Атишев атындагы орто мектептин босогосун аттаган. Эркин журналист, блоггер жана веб-дизайнер. 22 жашта. Кыргыз-Түрк “МАНАС” университетинин социология факультетин аяктаган.

Тектеш темалар

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Close
Close

Adblock Detected

Please consider supporting us by disabling your ad blocker