Биздин сайтыбызда иштөөнү жакшыртуу үчүн cookies колдонобуз. Биздин эрежелерге макулсузбу?
Макулмун
Formula.KGFormula.KG
  • Башкы бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Суроо-Жооп
    • Даарат
    • Намаз
    • Орозо
    • Зекет
    • Ажылык
  • Аңгемелер
    • Таасирдүү окуялар
    • Өрнөктүү өмүрлөр
    • Турмуш таалимдери
    • Эне жөнүндө
    • Тарбия
  • Рубрикалар
    • Мультимедиа
      • Фото
      • Видео
      • Аудио
    • Ден-соолук
    • Китептер
    • Атактуулар ааламы
    • Пайдалуу кеңештер
    • Ырлар
  • Жардамчы
    • Намаз убактылары
    • Орозо календары
    • Мечит жана намазканалар
    • Кыргызстандагы медреселер
Окулуп жатат: УЙ-БУЛООЛУК БАКЫТТЫ САКТАШ УЧУН АЙЫМДАРГА КЕНЕШ:
Бөлүшүү
Эскертмелер Көбүрөөк көрсөт
Аа
Formula.KGFormula.KG
Аа
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Суроо-Жооп
  • Намаз убактылары
  • Башкы бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Суроо-Жооп
    • Даарат
    • Намаз
    • Орозо
    • Зекет
    • Ажылык
  • Аңгемелер
    • Таасирдүү окуялар
    • Өрнөктүү өмүрлөр
    • Турмуш таалимдери
    • Эне жөнүндө
    • Тарбия
  • Рубрикалар
    • Мультимедиа
    • Ден-соолук
    • Китептер
    • Атактуулар ааламы
    • Пайдалуу кеңештер
    • Ырлар
  • Жардамчы
    • Намаз убактылары
    • Орозо календары
    • Мечит жана намазканалар
    • Кыргызстандагы медреселер
Авторизация Кирүү
Катталыңыз
  • Advertise
© 2022 FormulaMediaGroup. All Rights Reserved.
Formula.KG > Blog > Макалалар > УЙ-БУЛООЛУК БАКЫТТЫ САКТАШ УЧУН АЙЫМДАРГА КЕНЕШ:
МакалаларТарбия

УЙ-БУЛООЛУК БАКЫТТЫ САКТАШ УЧУН АЙЫМДАРГА КЕНЕШ:

Насиба Абдуллаева
Жаңыланды: 2020/04/20 at 11:02 ТЧ
Насиба Абдуллаева
Бөлүшүү
- Advertisement -

Үй-бүлөлүк бакыт — ар бирибиздин кыялыбыздагы нерсе. Жадакалса үй-бүлө кура электер дагы бул тууралуу ойлонбой коюшпайт. Сүйүктүү жолдошуна бакыт тартуулоо үчүн аялзаты эмне кылышы керек? Көпчүлүгүбүз бизди бактылуу кыла турган адам тууралуу кыялданабыз. Ал бакытка жетүү негизинен аялзатынын колунда экенин аңдай бербейбиз. Эгерде төмөнкү кеңештерге көңүл буруп, алардын ар бирин жашооңузда колдонсоңуз, чыныгы бактылуу боло аларыңызга кепилдик бар.
1. Өзүңүздүн аял экениңизди эсиңизден чыгарбаңыз. Бир аз алсызыраак болсоңуз, бул сизге пайда гана алып келет. Социологдор тастыктагандай, көп никелер үй-бүлөдөгү бийликти талашуунун айынан бузулат. Жолдошуңуз үйдө өзүн күчтүү сезсин. Кантсе да ал кичинекей мамлекеттин кожоюну эмеспи. Андыктан жолдошуңуз менен тең тайлашпай, кичине болсо да ийкемдүү болуп коюңуз.
2. Жолдошуңуздун жаман сапаттарын издебестен, жалаң гана жакшы жактарын издеңиз. Ал эми кемчиликтери тууралуу унутуп коюңуз. Мүмкүн болбогон нерсени өзгөртүүгө аракет кылуунун кереги жок.
3. Жөнөкөй болуңуз. Эгерде мүмкүнчүлүгү жок болсо, кымбат баалуу белектерди андан талап кылбаңыз. Аны кемсинтип айланасындагы бай адамдар менен салыштыруунун кереги жок. Андан көрө акчасын сактоого, үнөмдөөгө жардам бериңиз.
4. Сүйүктүү адамыңызга ар убак ыраазы болуңуз. Ошондо ал сизге дагы-дагы жагымдуулуктарды тартуулаганга аракет кылат. Анан да мактаганды унутпаңыз, ал анчалык деле кыйын эмес да. Эркектер аялынан мактоо укканды жакшы көрүшөт.
5. Жолдошуңуз үчүн кызыктуу болуңуз. Сүйлөшүү үчүн жалпы тема таап, аны эмне кызыктырарын билип алыңыз. Жалпы кызыкчылыктар түгөйлөрдү жакындаштырат, андыктан үйлөнбөй туруп бири-биринин билим деңгээлдерин билип алгандары жакшы.
6. Ар убак күлүп, жылмайып жүрүңүз. Жылмаюу – адамдын сулуулугуна сулуулук кошот. Ал эми ар бир эркек жанындагы аялынын сулуу болушун каалайт.
7. Жолдошуңуздун кылган ишинен кыйкым таба бербеңиз. Оор басырыктуу болуп, аныкы туура эмес болуп жаткан күндө да уруштун отун тутантпаңыз. Андан көрө талаш-тартышты токтотуп, экөөңүздөр тең тынчтангандан кийин ортодогу маселени жай олтуруп чечип алыңыздар. Кыйкырып-бакыргандан эч кандай майнап чыкпайт.
8. Ишениңиз, бирок сүйүүсүн текшериңиз. Татыктуу кызганыч сүйүүнү бекемдейт. Андыктан сизге баары бир эмес экенин сездириңиз. Ал кимдер менен мамиле түзүп, кимдер менен иштегени тууралуу биле жүрүңүз. Бирок чектен чыгып ашыкча кызганып, уруш-талашка чейин жеткирбеңиз!
9. Эркек таш эмес. Ошондуктан келбетиңизге көңүл буруп, өзүңүздү жакшы алып жүрүңүз Анын алдында жарашыктуу кийинип, дайыма жагымдуу жыттанып туруңуз.
10. «Сүйүү бара-бара өчүп жок болот» деген сөзгө ишенбеңиз. Бул туура эмес. Сүйүү убакыт өткөн сайын өсүп, көбөйүп турат. Болгону маал-маалы менен “коломтого отун таштап” турсаңыз, от жалындай берет.
11. Үй-бүлөлүк сырды сактай билиңиз. Үйдөгү маселени башка бирөөгө айтканда анын кеңеши, тескерисинче, залакасын тийгизиши мүмкүн.
12. Балдардын көзүнчө жолдошуңузга өйдө карап сүйлөбөңүз, себеби бала уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат.
13. Күйөөңүздү дароо эле күнөөлөп кирбей, актоону үйрөнүңүз. Эгерде ал сизди таарынтып койсо, “балким, ал чарчады”, “балким, анын маанайы жок” жана башка.
14. Дайыма ишенимдүү болуңуз. Айрыкча башына кыйынчылык түшкөндө колдооңузду унутпаңыз. Жолдошуңуздун жападан жалгыз жакын адамы сиз экениңизди унутпаңыз.
15. Жолдошуңуз эс алып жатканда балдардын ызы-чуу салуусуна жол бербеңиз. Үйүңүздүн дайыма таза, иреттүү болушуна көңүл буруңуз. Маал-маалы менен үйдөгү буюмдардын ордун алмаштырып туруңуз. Мүмкүн болсо бул иш менен чогуу алек болуңуздар, анткени чогуу жумуш жасоо түгөйлөрдү бири-бирине жакындатат.
16. Өзүңүздүн ийгиликтериңизди жолдошуңуз менен тең бөлүшө билиңиз.
17. Үй жумуштары менен көбүрөөк алек болууга аракет кылыңыз. Себеби жумуш жасоо стресстен арылтат!
18. Жашоодогу кайгылуу окуяларды эстебей, тескерисинче, кубанычтуу, маанайды көтөрө турган учурлардан эстеңиз.
19. Түгөйүңүздүн жумушун түшүнүүгө аракет кылыңыз. Жумуштан кеч келсе ачууланбай тосуп алып, алыска иш сапарына кетип баратса жакшы маанайда узатыңыз. Келгенде жакшы жаңылыктардан сөз баштаңыз. Сиздин аябай күткөнүңүздү, сагынганыңызды сезсин.
20. Романтика үчүн убакыт табыңыздар. Чогуу сейилдеп, жаратылыш койнунда чогуу эс алыңыздар. Мындай аракеттер чыңалуудан арылтат.

 

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

- Жарнама-
АЧКЫЧ СӨЗДӨР: асыл кеңештер, бактылуулук, Үй-бүлө
Насиба Абдуллаева 29.04.2017
Макаланы бөлүшүңүз
Facebook Twitter Whatsapp Whatsapp VKontakte Telegram Шилтемени көчүрүү Басып чыгаруу
Насиба Абдуллаева
By Насиба Абдуллаева
Көптөгөн курч макалалардын автору.
Мурдагы макала Жума баяны. Шайлоо кампаниясы 5-сабак. Добуш берүү маселеси. Шейх Чубак ажы 28 04 2016
Кийинки макала ВАЖНОСТЬ СОВЕРШЕНИЯ НАМАЗА. Шейх Чубак ажы
Пикир калтырыңыз Пикир калтырыңыз

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Formula.kg — Диний, руханий, маданий агартуучу порталы

Катталыңыз
© 2022 FormulaMediaGroup
Ассаламу алайкум!

Авторизация

Сырсөздү унттуңузбу?