Уганда шаршемби күнү (8-июнда) 31 миллион тонна алтын рудасын тапканын жана өлкөсүнө тоо-кен тармагына ири инвесторлорду тартууну пландап жатканын билдирди.
Уганданын Энергетика жана минералдык өнүгүү министрлигинин басма сөз катчысы Соломон Муйита акыркы эки жылда өлкө боюнча абадан чалгындоо иштери жүргүзүлүп, андан соң геофизикалык жана геохимиялык изилдөөлөр жүргүзүлгөнүн билдирди.
Кошумчалай кетсек, табылган 31 миллион тонна алтын рудасынан болжолдуу түрдө 320 158 тонна аффинаждалган алтын алынаары жарыяланды.
Буга чейин дүйнө жүзү боюнча казылып алынган жалпы алтындардын көлөмү 201 296 тоннаны түзөт.