Коом

«TYVcoin өтө кооптуу!» Ал мыйзам жакшы иштебеген өлкөлөрдө активдешип жатат

Акыркы күндөрү Кыргызстанда криптовалютанын ар кандай түрү чыгып, ага кызыккандардын саны көбөйдү. Адистер буга байланыштуу айрым «коиндер» атайын шылуундук үчүн иштелип чыкканын эскертишүүдө. Криптовалюта менен алектенем деген адам эмнелерди эске алышы керек? Бул боюнча Германиядагы Wayfair IT-компаниясынын программисти Нурсултан Турдалиев менен маек курдук.

— Азыркы күндө криптовалютанын түрлөрү көбөйүп, бизде да жасалып, алардын рынокто тарап жатканы маалым болууда. Айрымдары муну туура көрүшсө, айрымдары анын коопсуздугунан шек санап, зыянга учурап калышы мүмкүн деген чакырык таштоодо. Сиз IT-тармагын билген адис катары бул тенденцияны кандай баалайсыз?

— Негизи крипто — өтө чоң революциялык тармак. Бирок бул тармак акча менен байланыштуу болгондуктан ар кандай оюнчулар пайда болду. Кээ бири жакшы ой менен баштаса, кээ бири жаман ойдо болуп, кара ниеттик менен пайда табуу үчүн иш алып барып жатат. Тилекке каршы, Кыргызстанда жаман ойлуулар же туура эмес маалымат тараткандар көбөйүп кеткени байкалууда.

-Бүгүнкү күндө сиз айтып жаткан «жакшы-жаманын», айырмасын кантип аныктаса болот?

— Ар бир криптовалютанын артында бир команда, бир идея, максат болот. Мисалы, мен бир компания ачтым дейли. Ошону «силер ээлик кылгыла, элге таратып бергиле, кандайдыр бир инвестиция кыласыңар, канча бир пайызына ээлик кыласыңар» деп ачык жар салдым. Бул учурда менин идеям ушундай: «силер ушунча бир бөлүгүнө ээлик кыласыңар» деп ачык айтканым кепилдик болуп саналат. Ушундай таризде иштегендер бир идеяга таянган болот.

Эми криптоволютанын бир платформасы болгон эфирдин мисалында айтайын. Ал криптовалютаны жасаганга мүмкүнчүлүгү жокторго шарт түзүп берип жатат. «Силер өзүңөрдүн криптовалютаңарды менин аянтчамда куруп, бизнесиңерди аткаргыла» дегендей максатты көздөп, бир платформа катары сунушталып жатат. Бул — жакшы жагы, буга ишенсе болот. Ал эми жаман жагы платформада каалаган адам ал жерде 5 мүнөттүн ичинде өзүнүн криптовалютасын түзө алат. Азыр Кыргызстанда жайылып жаткан TYVcoin — (Тивкоин) ошолордун мисалы. Ал кандай? Мен өткөндө»Даканса coin» криптосун 5 мүнөттүн ичинде жасап койдум. «Мындан 15-20 миллион даана бар, баштапкы баасы 1 доллар» деп туруп, сатып салсам болот. Ал жерде  «Даканса coin Нурсултанга таандык» дегенден башка эч нерсе жок. Эгер бирөө менден сатып алса ага мен 1 доллардан миң даана берсем, мен ага «Даканса коин» деген эле сөздү бере алам. Кийин ал кайтып келсе, компанияма ээлик кылбайт, Ал акча же коин эч бир жерде кабыл алынбайт. Артында бир идея, адам же компания болбогону үчүн кооптуу. TYVcoin ушундай эле платформа болуп жатат.

— Биз сөз кылган TYVcoin калктын кеңири катмарына тарап жатат. IT-тармагынан же криптоволютадан кабары жоктор да аралашып жатат. Алар сиз айтып жаткан коркунучтарды алдын алуу үчүн эмне кылышы керек? 

— Биринчиден, анализ кылганды билүү керек. Менимче, математика илими болгондой эле крипто жөнүндө маалыматтарды топтоо керек. Мисалы, мен жана айтып кеткендей, 15 миллион даана коин жазып алып, бүт баарына өзүм ээлик кылдым. Бул жерде мен монополистмин да. Бул соодага кирип жатканда «криптонун артында бир эле монополист барбы?» деген нерселерди анализ кылуу керек. Криптонун жакшы жери ушул маалыматтын баары ачык көрүнүп турат. Мисалы: «Ким канча акчага, кайсы дарекке которду, ким канча акча сарптап жатат, ким канча пайыз ээлик кылып жатат жана ким көп сатып жатат?» дегендин баарына жооптор көрүнөт. TYVcoin ушундай эле монополисттик ыкма менен иштеп жатат. Монополист дегенде, аны түзгөн адам баасын каалагандай өзгөртсө болот. Оң чөнтөгүнөн акчасын алып туруп, сол чөнтөгүнө салып, «мен криптону алдым, сатып алдым» деп туруп, бир адам эле иштеп койсо болот. Ошондой нерселерди туура изилдөө керек.

— Демек, TYVcoin биржага кирбеген болсо, анда баасынын түшүшү, көтөрүлүшү бир эле адамдын колундабы? 

— Ал өтө кооптуу же мыйзам жакшы иштебеген мамлекеттердеги биржага кирген болушу мүмкүн. Экинчиден, ошол эле монополист акчасын бир капчыктан экинчи капчыкка өткөрүп туруп эле криптонун баасын өзгөртүп койсо болот. Муну изилдеп көргөм. Бир адам бир канча электрондук капчык ачып алып, биринен экинчисине которуп турушу мүмкүн да.

— Жаңы чыгып жаткан криптолорду Биткоин менен салыштырып, «бул да ушинтип башталган» деп кабыл алгандар да болууда. Ортодогу айырмачылыктарды санап өтсөңүз…

— Жогоруда айтып кеткендей, баарынын баштапкы архитектурасын кароо керек. Биткоинге эч ким ээлик кыла албайт. Бул жакта «майнинг» кылуу керек. Башкача айтканда, аны «казып алышың» керек болот. Биткоин — бул дүйнөгө тараган феномен. Ал эми TYVcoin — казылып алынган даяр нерсе. Бирөөсү даяр продукт, бирөөсү даяр эмес, өзүң эмгек кылып табасың. Биткоин, адашпасам, 2140-жылы казылып бүтөт. Экинчиден, биткоиндин аркасында азыр чоң-чоң компаниялар, долбоорлор турат. Аны акчаны сактоо формасы катарында колдонуп жатышат. Мындайча айтканда, жоопкерчилик ала турган тарап бар. А TYVcoin долбоорунун артында командасы, изилдөөлөрү, веб-сайты, жадагалса, логотиби да жок. Ал эми биткоиндин коду жаңыланып, оптимизацияланып турат, а TYVcoin болсо, жөн эле жазуу.

— Азыркы күндө ар кандай «коиндерди» сатып алып тез эле байып кетүүнү эңсеген, кыялданган жана буга аракет кылып жаткан адамдарга сиз бул тармакты билген, IT-адис катары кандай кеңеш бересиз?

— «Бат байып, миллионер болуп кетесиң» деген сөздөн алыс болушуң керек. Акча табуу оңой эмес, байып кетүү оңой эмес, байлыкты кармап туруу оңой эмес. Менин кеңешим: эгер кызыккандар болсо, туура анализдеп көрсүн, туура билим алсын, изилдесин, жакшы-жаманын айырмалай билсин. Адалбы же арамбы дегендер болсо, ошол жагын да изилдеп көрсүн. Андан кийин кирсе болот, жөн эле «эртең көтөрүлөт» десе эле кирип алган бир аз кооптуу болуп калат. Эртең айрымдар үйсүз, машинасыз же жерсиз калышы мүмкүн.

Back to top button