✍🏻Туугандар менен карым-катнашта болуу бул дүйнөдө ырыскынын кенен, өмүрдүн узун болуусуна, ал эми Акыретте Алла Тааланын ыраазылыгына жетүүгө себеп болот. Бул туурасында Алланын элчиси (Ага Алланын салават-саламдары болсун):
«Кимде-ким, ырыскысы кенен, өмүрү узун болуусун кааласа, жакындары менен туугандык байланышын үзбөсүн»! – деп айткан. (Бухари: 5986. Муслим: 2557).📚
🤝Жакын туугандар ата-тектеги туугандар жана кайын-журт себептүү түзүлгөн туугандар.
☝🏻Мусулмандын жакын туугандарына карата болгон милдеттери төмөнкүлөр:
📌1. Алар менен жакшы мамиледе болуп мээримин төгүү.
📌2. Алардын алсыздарына жардам берип, жакшылык кы-луу.
📌3. Кедейлерине материалдык жардам көрсөтүп туруу.
📌4. Орууларынан кабар алып, оруу эместеринин абалдарын сурап туруу.
📌5. Алар менен болгон мамилени үзүүдөн сактануу (эгерде алар мамилени үзүп коюшса да). Анткени туугандык мамилени үзүү пенденин бейишке кирбей калуусуна себеп болот.
Бул туурасында пайгамбарыбыз (Ага Алланын салават-са-ламдары болсун) минтип айт-кан:
«Тууганчылыктан кол үзгөн адам бейишке кир-бейт». (Бухари: 5984. Муслим: 2556).📚
📌6. Эгерде кошуна болсо, туугандык жана кошуналык милдетти аткаруу керек.
Ыйык Куранда Алла Таала минтип айткан:
«Алла Таалага кулчулук (ибадат) кылгыла жана Ага эч нерсени тең (шерик) кылбагыла! Ата — энеңерге, тууган-урукка, жетимдерге, бейбечараларга, тууган кошунага, бөтөн кошунага, жаныңардагы жолдошуңарга, жолоочу мусаапырга жана кол астыңардагы кулдарыңарга жакшы мамиле кылгыла»! (Ниса сүрөсү, 36-аят).📘
Ошондуктан башкаларга караганда жакын туугандарга садака берүү жогору турат.
Алла Таала айткан: «(Оо, Мухаммад) сенден эмнени (жана кимдерге) кайрымдуулук кылууну сурашат.
“Кандай жакшылык кылсаңар (анын баарын) ата-энеге, тууган-урукка, жетимдер менен бей-бечараларга жана жолоочу мусаапырларга кылгыла. Кандай жакшылык кылсаңар, Алла Таала баарын көрүп, билип турат». (Бакара сүрөсү, 215-аят).📘
🔗Бир жолу пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салава-ты болсун) кайсы бир адамдар тууралуу айтып жатып:
«Алардын үй-бүлөсү менин жакындарым эмес. Менин жакындарым – Алла Таала жана момундардын жакшылары. Бирок, алар менен туугандыгыбыз бар. Ошондуктан алар менен туугандык байланышта болом» — деп айткан. (Бухари: 5990, Муслим: 215)…📚
👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ +996700334493
✿ WWW.FORMULA.KG