Жаңылыктар

Ташкент шаарынын баш имам-хатиби Анвар каары Турсунов кайтыш болду

Атактуу аалым, белгилүү дин кызматкери, Ташкент шаарынын баш имам-хатиби Анвар каары Турсуновдун кайтыш болгондугу туурасындагы суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык. Кыргызстан мусулмандарынын жана Аалымдар Кеңешинин атынан маркумдун жакын туугандарына терең кайгыруу менен чын дилибизден
« إِنَّا لِلهِ وَ إِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ »
– «Биз баарыбыз Алла Таалага таандыкпыз жана баарыбыз Анын Өзүнө кайтып барабыз», – деген көңүл жубатуу сөздөрүбүздү айтып, аза кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз.
Арты кайырлуу болсун!
Маркум менен коштошуп жаткан ушул азалуу мүнөттөрдө өмүрдүн кыскалыгына, бардыгыбыз бул сыноо дүйнөсүндө убактылуу конок экенибизди эстебей коё албайбыз.
Маркумга Алла Тааладан Өз ырайымын, Пайгамбарыбыздын (ﷺ) шапаатын, ал эми үй-бүлөсүнө жана жакын туугандарына бекем сабырдуулук тилейбиз.
Анвар каары Турсунов 1958-жылы 21-ноябрда Ташкент шаарынын Хамза районунда туулган.
1966-1976-жылдары Хамза районундагы № 198 жалпы орто билим берүү мектебинде окуган.
1981-жылы Ташкент мамлекеттик университетинин филология факультетин,
2001-жылы Ташкент Ислам институтун ийгиликтүү бүтүргөн.
1981-1984-ж.ж. — “Жаштык” (Yoshlik) журналында корректор,
1984-1987-ж.ж. — Өзбекстан Илимдер Академиясынын илимий кызматкери,
1987-1989-ж.ж. — Ташкент шаарындагы Абдулла Каххар (Abdulla Qahhor) үй музейинин илимий кызматкери,
1989-1994-ж.ж. — Өзбекстан Жазуучулар уюмуна караштуу котормо жана адабий байланыштар борборунда Чыгыш адабияты боюнча баш корректор,
1994-1999-ж.ж. — Ташкент шаарындагы Яшнабад (Yashnobod) районундагы Жаңы-Абад (Yangiobod) мечитинин имам-хатиби.
1999-2015-ж.ж. — Ташкент шаарынын баш имам-хатиби, ошол эле учурда Ташкент шаарындагы Шайхонтахур (Shayxontohur) районундагы “Хожа Ахрор Вали” (Xoʻja Axror Valiy) мечитинин имам-хатиби, 2015-жылдан тартып Ташкент шаарынын баш имам-хатиби жана Йунусобод (Yunusobod) районундагы “Минор” (Minor) мечитинин имам-хатиби болуп иштеп келген.
Анвар каары Турсунов 1989-1992-ж.ж. Курани Каримдин туңгуч котормосунун (Шейх Алауддин Мансур которгон) корректору болгон.
Анвар каары Турсунов Али ибн Ахмад Нисабуринин “Асбабун-нузуул” китебин которгон жана өзүнүн калемине таандык болгон “Пазилеттер китеби” (“Fazilatlar kitobi”) жана “Инсан – улуу зат” (“Inson mukarram zot”) деген китептери жарык көргөн.

Макаланын автору:
Абдишүкүр ажы Нарматов
Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Close
Close

Adblock Detected

Please consider supporting us by disabling your ad blocker