МакалаларТаасирдүү окуялар

ТАРБИЯ ӨКСҮГӨНДӨ…

ТАРБИЯ ӨКСҮГӨНДӨ...

ТАРБИЯ ӨКСҮГӨНДӨ…

Түн бир оокумда достугумда бар,бирок,бейтааныш айым телефон чалып,убактымдан бир аз бөлүп коюшумду суранды…
-Макул,көп эле бөлө берсем болобу,убакытты-деп,тамаша аралаш жооп узаттым.
-Жакшы болду,көптөн бери айтсамбы деп жүргөн,жүрөк өйүгөн сөзүм бар эле…
Менин башымдан өткөн окуя,өзүм жаза албадым,туура да көрбөдүм…
Балдарымды күнөөлөгөндөн алысмын, башкаларга да сабак болсо деген ойдо гана…(Ушул сөздөн кийин көпкө тыным болуп турду,сездим…ыйлап жатты…)

Анда,кеп башынан болсун…
Жашоодо көп нерсеге кийин өкүнүп калат экенсиң…Жашоомду жомок кылам дедимби же эл катары иштеп, балдарымды багам дедимби, айтор,турмуштун катуу соккусу мени Россиянын бир шаарына иштегени келдим.Үч баламды таенесине таштадым,эки уул,бир кызымды багып берди,кудайга шүгүр…Кичинекей кызым 3-класста,уулдарым 5-7-класста окуп калышкан болчу…Атасыз эле тарбиялап алам деп,алимент да төлөтпөдүм, атасына…
Ишим жакшы жүрүшүп,балдарым акчадан кем карч болушпады,2-3 жерде чуркап иштеп жүрдүм,2саат дем алам,тыным жок,айылга барганды каалап турсам да,ошого кеткен чыгашаны дагы бир нерсеге жаратып алайын дегенимчи…
Жада калса,кийимге акча коротпоптурмун, орустардын даяр эски кийими турса,эмнеге акча коротом дедим да…
Балдарымды жогорку окуу жайдан окутам,үйлөйм, там салам, керектүүсүн таап берейин деп жүрүп,16 жыл өтүптүр…3-4 жылда бир барам,балдарыма…кайра,10 күн өтпөй, ишиме шашам…Кыскасы,балдарымды акчадан кем-карчы жок багып жатканыма ыраазы элем…Ошол учурда жанымдагы курбум “өзүңө да көңүл буруп кой,ооруп калсаң,эч кимге керегиң жок” деген сөзүн жаман көрүү менен кабыл алган болчумун.. .
Ошентип жүрүп,белим ооруп калды, Кыргызстанга келип, дарыланмак болгом…Санаам тынч,балдарым үй-жайлуу,иштешет,кызым турмушта,эс алайын эми деп пландаштырган болчумун…Балдарым деле “апа,эми эс ал,биз багып алабыз” деп айтышпаптыр…
Көрсө,мени акча тапчу машина катары эле көрүп алышканын кийин байкап жатпаймынбы,аларга өзүм деле кантип иштеп,кандай кыйналганым жөнүндө ооз ачпаган экенмин,алар проблемасын айтса,канча акча керек экенин гана сурап,жөнөтүп коет элем…
Көрсө,мен тарбия дегенди ойго албаптырмын,балдарым жакшы жашаса деп гана иштей берген экенмин…(Маектешим көпкө сүйлөй албай,анан барып,жазылып кетти,көрсө, кийинки окуя аянычтуу тура…)
-Ошентип,үйгө келдим,үйдөгү балам балдары менен,тагыраагы,кайын журту менен Көлгө эс алганы жөнөп жатышкан экен,менин оорум жөнүндө уккан деле жок…үйдө жалгыз калдым,түш ченде белим катуу ооруп,диванга жатып,кайра турайын десем,кыймылдай албайм…Аракет кылдым,майнап чыкпай калганда,чоң балама телефон чалдым,бир кыйла убакыт өткөндө келди,абалымды көрүп чочуган деле жок,жөлөп отургузуп, тойго шашып жатканын айтты…Дарыланышым керек эле десем,ошол жакта эле дарыланыш керек болчу,күчөтпөй деп акыл айтып коет,аңгыча ,келиним келип калды,сүйүнүп кеттим,телефондон ал-ахыбалымды тынбай сурап турчу…
-Эми дарыланам десеңиз,акчаңыз бар,таң атсын, эртең барасыз, биз тойдон кечигебиз,кеттик-деп,чыгып кетип баратып,”темселеп тентип жүрүп,ооруганда келиптир да,дарылана берсин,ошончо жылдан бери тапкан акчасына”-деп сүйлөнгөнү башыма таш менен чапкандай эле болду…Ошол “темселеп ” тапкандарымды ушул балдарыма короттум эле,жөн эле бир башымды багып жүргөндөй сүйлөп койду..
Баламдан үн чыккан жок,тойго кете беришти…Жөрмөлөп жатып,таң да атты…түш болду,кабар алган эч ким жок…Кызыма чалсамбы деп,кайра токтодум, ал курган мага жолукканы келип,бир саат да отура албады,күйөөсү кайра-кайра чалып,шашылыш кеткен…
Короодо машина турат,кошунамды айтсам, ооруканага алып бараар деген ойдо сыртка эптеп чыктым,кудай боору ооруду окшойт,ал да үйүнөн чыга калды…
Дароо макул болду,үйгө кирип,ачкыч сурады…балама чалды,заматта өңү өзгөрүлө түштү…көрсө…балам машинасына уруксаат бербептир..
-Мен,азыр…- деп,чуркап чыгып кетти…Чоң балама телефон чалдым,гудок кетет…алган жок…Мен алыста жүргөндө,минтип маалкатып албай койчу эмес эле,анткени,акча салганда гана чалчумун да…Тиги кошунам машина таап келген күндө деле жанымда акчам жок,уят болбоюн деп,калтырып койдум.
Акыркы айлыгыма билет алып,белек-бечкекке коротуп койгон болчумун.Башымдан өткөн окуяларды эстей баштадым,балдарым мага жакшы деле сөз айтпаптыр,мен деле…качан келесиз ,сагындык деп да айтпаганына көңүл бурбаптырмын,эми ыза болуп жаттым…Жанагы курбумдун айтканы туура келип жатканын карачы,аны ушул сөздү айтканына ачуум келген…
Ооруп жаткандагы эки күн менин көзүмдү ачты,ойлонтту,каталарымды сездим,албетте,балдарымды күнөөлөй да,актай да албайм,көкүрөгүмдө ыза кайнап жатты, ыйлап да,жараткандан ден соолук беришин тилеп да жаттым…
Таң атып калганда көзүм илинип кетиптир,катуу уктап кетиптирмин,чочуп турсам,башкага айтсам ишенбейт,кечээки оорудан дайын жок,сопсоомун…өзүмдү сынап,ары-бери бастым,сүйүнгөнүмдөн ыйлап жибердим…
Анан,дароо бир ой келди,бирге иштеген курбума чалдым,”мага бүгүнкүгө самолетко билет алып койчу,барып,акчаңды берем”дедим,ушунчалык шамдагай болуп кеткениме өзүм да таң калып
турдум,сумкамды даярдап,эч ким менен коштошподум…
Азыр жакшымын,иштеп жатам,бирок,
өзүм үчүн…

Өзүм үчүн дегеним жашап жаттым дегеним менен балдарыма болгон таарынычым, ызам,сагынычым эсимден кетпей койду.Мени оор кырдаалдан Жамал курбум гана чыгарып калды…
Ии,баса,Москвага келээрим менен ошол Жамалдын жанына келдим,квартирада кыздар көп болгондуктан,сыртка чыгып, бакта отурдук,бир нерсе тамагымды бууп туруп алгандай болуп,буулугуп турган болчумун…Сөз баштабай туруп,өксүп-өксүп ыйладым,а курбум бир сөз айтпай жер тиктеп отурду,анан,ага да ачуум келип коет,үн катпаганы, мени сооротуп ,бир сөз сүйлөбөгөнү үчүн…
-Ыйлап бүттүңбү,бугун чыгарып алсын дедим,бул көз жаш чыгыш керек эле,Кыргызстандан ушунча көп чогултуп келген жашыңды төгүлсүн деп күтүп отурдум- деди тамаша аралаш.Эми мени угаарсың, сени билем,канча жылдан бери бирге жашайбыз,балдарың дегенде жеген ашыңды унутасың…Бирок,балдарыңдын сага боору жок болуп калганын байкаганым менен, сага айтсам капа болмоксуң. Сени күтпөй баласына той өткөргөн улуу балаңдын жөнөткөн (аны да өзүң суранып жатып жөнөттүрдүң),видеосун көрүп,капа болгонмун,сен эч нерсе байкаган жоксуң,кудундап сүйүнүп жүрдүң…эми айтайын, досум.Тойдун жүрүшүндө сени эч ким эстебептир,сөз жок,бир гана иниң эжемдин катышпай калганына бир аз кайышып турам дептир, ошондо эле балдарыңдын кандай экенин байкап койгонмун, оор тийсе кечир…
Сенин өзүң үчүн кам көрбөгөнүңө,той-топурга катышпаганыңа, достор көңүл ачып отуралы десе,баргандан баш тартканыңа, балдарыңдын маңдайында жүрбөгөнүңө,аял экениңди унутуп койгонуңа ичим ачышып жүргөн, сени өзүң сыйлаганчалык эч ким сыйлабайт, сени өзүң сүйгөнчөлүк эч ким сүйбөйт, балдарым деп өпкөңдү чаап жүрө бербей,баарын тегиз алып кеткенди үйрөн…- деп,мени сооротуп да,ойлонтуп да койду.
Көпкө отурдук,сыр бөлүштүк, бир аз болсо да жеңилдей түштүм…Дем алып,анан мурдагы ишиме бармакчы болдум…Курбумдун айткан сөзүн кайра лентадан өткөргөн сымал,талдап жаттым.Неберемдин сүннөт тоюн кайра көргүм келди…чын эле мен жөнүндө эч ким сөз деле кылбаптыр…айтмакчы,той болоорун балам айткан,ошол числого билет алып, жумушуңду бирөөгө дайындамакчы болгон элем,анан эле балам тойдун мөөнөтүн жылдырып коюшканын, ал күнгө кайындарында той бар экенин айткан болчу,мен билетти кайра тапшырып,ал акчаны да балама жөнөтүп жатпаймынбы…жакшы өткөрө бергиле деп…Келбесеңиз болбойт деген деле жок,мен да ишимден калбайын деп кала бердим…А тойдо укмуш сөздөр,укмуш кийиттер,сый-урмат,каалоолор айтылыптыр…Келиним апасына небереңиздин сыйынын алгачкысы деп алтын шакек тагып,балам экөө колун көкүрөгүнө алып,көп жашаңыз, сыйда жүрүңүз деп, мен укпаган сөздөр төгүлүптүр…Мына кызык,курбум айтпаса,ушуга да башым жетпептир, ал айткандай,той өткөргөнүнө сүйүнүп жүрө бериптирмин…”Ар дайым сыйыбызда жүрүңүз”…Ушул сөз мени ыйлатты…ичим тарып эмес, мени эмне үчүн эстебеди,эмне үчүн мен сыйда жүрсөм болбойт,апам да келсе болот эле дебегенине…Менин өзүмдө дедим күнөөнү…ошондо да ыза күчөй берди..
Балдарымдан телефон чалып,неге айтпай кетип калдыңыз дейт бекен деп күттүм..
жок, чалышпады. Кызым гана кызыгып сурады,ага чейин кошуналардан чекесин угуптур,бирок,агаларына айтса,ийин гана куушуруп,кайра мени күнөөлөшүптүр,ошончо келгенден кийин күтүп турса боло беле деп…
Ошентип капа болуп жүрсөм,курбум тамашаны аралаштырып сүйлөчү эле,азыр балаң сенден кабар алат,бирок,сен телефонду алба деди,түшүнбөсөм да макул болдум…

Анан эле,улуу баламдан смс ,чалуу тынбай келе баштады…албай койдум,смсти окуп,неге тынбай чалып жатканын түшүндүм…Көрсө, курбум менин телефонумдан “Айлыгымды алдым эле,мага азыр акчанын кереги деле жок,жакшы болуп калдым,бирөөгө берген карыз акчамды да алдым,кошуп салып жибердим,иштете бергиле, иниң экөөң бөлүп алгыла,100 000 рубль,коду бул…..
деп,жок эле цифраны жазып,жөнөтүп коюптур…Банкка келсе,коду чыкпай,кайра-кайра чалганы ошондон улам экен…”Апа, кодду кайра жөнөтүңүзчү”-деп,жазып жатты балам.
Курбум телефонду окуп,жооп жазып койду,болду,эч ким чалбай калды…”Апаңдын ден соолугу жакшы болгондо,балдарына таарынычы таркаганда,балдары апасын эстегенде гана кодду оңдоп жөнөтөт,ага чейин банкта тура берсин,мүмкүн,өзү барганда алат,балдарынан акча сурап отурбай же тойдон качан келет,көлдөн качан кайтат деп отурбай…” деп жөнөткөн тура,курбум…Апанын ден соолугу десе кабарсыз болуп кетип,акча салдым десем чуркаган балама боорум ооруп да,ачуум келип да жүрдүм…
Жамалдын жашоого сабыр менен караганы,көп нерсеге алдын ала баа бере билгени да кызык боло баштады…Мынча акылдуусуң деп тамашага салып сурасам,турмуштун казанында кайнай берип,досум деп койчу…Көрсө,анын тагдыры да олку-солку болуп,көп азап тартыптыр, аны эч кимге деле айтпайт,мен сурагандан улам гана кыска айтып койгон болчу…
Анын апасы оорукчан болуп,төшөктө көп жыл жатыптыр,бир туугандары баары өз түйшүгү менен жүрүп,апаны кароо Жамалга жүктөлөт,ал кичинекей баласы менен апасын карап жүргөндө,ушул үй да сага калат дешкенинен,турмуштан ажырап,кыйналып жүргөндө,баламды бирөөгө көз каранды кылбайын деп ошол үйдө жашап калат…Ошентип,апасы да өтүп кетет,жанагы үйгө эң кичине баласы келип,үйдү оңдоп салып бермек болуп, эски үйдү сурдүрүп таштап,ошол боюнча салынбай калып кетет… Баласын инисине таштап,иштеп жүрүп,үй алыптыр,баласын өз жанына алып келип алган,үйлөнгөн,небереси бар…Турмушка чөкпөй,кайра чыйралып жашоону ал курбумдан үйрөндүм,бир тууганыма таарынбайм, ал мени кууп чыкпаса жүрө бермекмин,айылдан чыкпай,кайра рахматң айтканмын ага дейт,каткырып…
Акылым көп нерсеге жетпептир, Жамал кеңешчим болуп калды десем жаңылбайм,жашоомдун бүт баарын балдарым деп жүргөн болсом,өзүмө көңүл буруу күчөдү,айлыгымдан кийинип алганды адат кылдым,бул жакта да тынымсыз тойлор болот,чакырган жерге барып, кадимкидей оор көйгөйдөн алаксый баштадым.Ошентип жүрүп,мага көптөн бери көңүл буруп жүргөн мырзага көңүл бура баштадым,бирок,менден 4 жашка кичүү болчу…жашоодон аксап калганын,үй бүлөөсү жок экенин укканым менен,көңүл бурчу эмесмин…Анын үстүнө,сыртта жүргөндөргө тескери пикир айтылып жүргөнүнөн, тийип кетиптир,үйлөнүп алыптыр деген сөздөр зээн
кейитчү…Адамдын баары эле бирдей эмес,кудайдан корккон,абийирин тебелетпегендер толтура, бул жакта деле…
Ошентип,курбумдун таасириби, мендеги өзгөрүүбү же тагдырдын буйругубу,ал адамга турмушка чыгып алдым…Ал өтө акылдуу десем аша чаппасам керек,мени жашоого сабыр менен кароого тарбиялады,балдарыма болгон таарынычты унуттурду, кабарлашып турууга мажбурлады,канча өмүрүңдү арнап,эми таарынып,алардын жашоосунан чыгып кеткениң туура эмес деп,балдарымды кечирүүгө үгүттөдү. Өзүнүн бир баласы бар,аны менен тааныштырды,”атамды сыйлаңыз, ушуну гана сизден суранам,ал сыйга татыктуу киши” десе,жаш болуп туруп,акылдуу чыкканына ыраазы болом.А балдарыма жолуга элекмин,аларга барчу күндү да белгилеп койгон,курбан айтка жакын бармак болдум,баарын кечирип койдум,болгону жүз көрүшүү гана калды…Мени капа кылса да,балдарым экен,сагынычым күчөп турган кези,кудайым баарына өмүр,ынсап берсин…мен аларды кечирдим,мерез болуп калышына менин да үлүшүм бар, алар сагынганда да,кубанып,капа болгондо да жанында боло албаптырмын,өздөрүндөгү бөксө жерди акча менен толтуруп жүрүшкөн тура,ананайындарым…Мени кечиргиле,менин бар байлыктарым…
Ии,баса,кийинки жолдошумдун кесиби психолог болгону да мага жашоого түз багыт алууга жардамы тийди… Мурда экинчи турмуш кургандарга тескери пикир айтчу элем,учурдан пайдаланып,алардан да кечирим сураймын…Көрсө,жашоо өзү кудайдын буйругу менен экен…
Менин жашоомдун көркү болгон балдарым, мен силерди сагындым,
ошондогу бере албаган мээримди мен силерге кеч болсо да бергим келди,менин күнөөсүз күнөөлүүлөрүм…

СӨЗ АЯГЫ… Менин маектешимдин турмушу жакшы жагына бурулганына кубандым,балдары да ойлонуп калгандыр,ар кимден сөз уккандыр, апасын кадырлап алаар, туура түшүнөөр деп. ..аз күндүк жашоодо сыйлашып өткөнгө не жетсин,өмүр кыска,таарынып,капа кылып,жаман сөз айтканга убакыт тар же такыр эле жок…

Автор Фарида Усонбаева

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button
Close
Close