alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
МакалаларТарбия

Тамактануу адеби

Жан азык

Тамактануу адеби

14 апреля 2017 г. 13:25

Карап отурсак тамактанганды билгени деле, билбегени деле, ыштанын туура кийгени деле же эртең менен туруп тескери кийип алганы деле чыгып алып саясатты сүйлөп жатканда биз жөн гана адам тамакты кантип адамча жеш керек, мусулман адам туура тамактанганды кантип нукка сала алат деген маселени козгоп, ортого салып, ошол тууралуу сөз кылсак.

Тамактануудан мурдагы адептердин биринчиси эки колду жакшылап жууп алуу керек. Колун жуубастан же дааратканага барып келген бойдон дасторкондун четине отурган кээ бир адам сыяктуулар бар. Чындыгында эки колду жууп тамакка отуруу пайгамбарыбыздан калган сүннөт.

Андан кийинкиси эгерде сиз кайсы бир жерге конокко барсаңыз, өмүрү көрө элек, даамын сезе элек тамакты алдыңызга сунса ошол тамактын табиятын, эмнеден жасалгандыгын сурап билип алуу дагы тамактануунун адептерине кирет. Анткени ошону жеп алып, жегенден кийин же ары кетире албай же бери чыгара албай, кысталыш учурга калып калбаш үчүн тамактын ачуу-таттуусун, биринчиби же экинчиби билип алуу талапка ылайык. Эгерде сиз билген тамак болсо анда суроонун кажети жок.

Андан кийинки адептердин бири эгерде сиз конокко барсаңыз, сизге тамак алып келсе, тамакты суутпастан дароо жеп киришиңиз керек. Анткени үй ээси сизге тамак сунгандан кийин, тамакты сынагандай болуп, аны тоготпогондой болуп же жактырбагандай болуп эмес, ошол конок күткөн үй ээсин кандайдыр бир ыңгайсыз абалга калтырып койбостон, дароо даамдап жеш тамак адептеринин көркү болуп саналат.

Тамактануунун төртүнчү адеби тамак жээрден мурун «Бисмиллах» же «Бисмиллахир Рохманир Рохим» деп Кудайдын аты менен баштап жеш эсептелет. Кайсы бир жерде «Бисмиллах» менен тамак желип башталса ошол адамдын тамагына Алла Таалам береке берет, иншаллах. Бирок кээде «Бисмилланы» айтууну унутуп, аптыгып тамакка баш-оту менен кирип кеткен учурда мейли ортолоп калсын же аяктап калсын иши кылып эстегенде «Бисмилланы» айтып койсо зыян эмес. Же болбосо «Бисмиллахи ау алаазу ахираху» дубасын айтып жегенин уланта берсе болот.

Андан кийинки адеп оң кол менен тамактануу. Кээ бир элге үлгү боло турган адамдар, падышалар, чоңдор, министрлер айтор эл астында акыл үйрөтөм деп жүргөндөрдүн кээ бирлеринин сол колу менен тамак жегендерин көрөбүз. Чындыгында сол кол менен дааратканада авреттерди тазалайбыз, көбүнчөсүн кир деп эсептелген кыймыл-аракеттерди жасайбыз. Ал эми оң кол менен тамак жейбиз. Оң кол менен тамак жеш сүннөт болуп эсептелет. Пайгамбарыбыз алейхи салам: “ Силердин араңардан бириңер да сол кол менен тамак ичип, суу ичпегиле. Анткени шайтан сол колу менен суу ичип, сол колу менен тамак жейт”, — деп айткан.

Демек шайтандын аракетине окшошпоо үчүн биз дайыма оң колубуз менен жеп, ичкенге аракет кылышыбыз керек. А бирок ошол оң колубузга сол колубуз жардамга келе турган болсо бул макул. Эгер сол кол менен жеп, андан кийин оң кол жардамга келе турган болсо анда бир тууганым бул жакшы эмес деп эсептелет.

Андан кийинки маселе, кайсы тамак болбосун ар ким өзүнүн астындагы тамакты жеш керек. Башкалардын тамагынын, табагынын астына колдорду жөнөтүп ийбөөгө аракет кылышыбыз керек. Тамак ичкен соң сөзсүз оозду чайкоо керек. Анткени даамдуу тамак жеген сизге жагымдуу, бирок оозуңузду чайкабагандыктан келип чыккан жыт башкаларга жагымсыз болуп, аларды ызалантып коюшу ыктымал. Кимде ким сизди конок кылып сизге тамак алып келип бере турган болсо ошол адамга дуба кылуу керек. Ал сизден коркконунан конок кылганы жок. Тамакты жеп жатканда үч манжаны колдонуп тамакты жеш дагы ыңгайлуу, тыкан болуп көрүнөт. Беш манжага муштумдап алып жеш айрым бир беш бармак өңдүү колдон суюлуп түшүп кете турган тамактарда колдонулса дагы жакшы. Тамак жеп жатканда кайсы бир тамактын үлүшү же нандын күкүмү жерге түшүп кала турган болсо аны шайтанга жегизбей тазалап алып жеп коюу да пайгамбарыбыздын сүннөтөрүндө жатат. Тамакты жатып алып, бой көтөрүп же чыканактап алып жегендик макрух деп аталат. Ал жаман көрүнүш болгондуктан тамактануу учурунда түз, жакшынакай болуп отуруу керек. Тамактанганда какырынып, чимкиринип айланадагы кишилерди жийиркентүү бул жеткен адепсиздик болуп эсептелет. Колдон келсе тамакты жалгыз отуруп жебей, жамаат менен жесе ал дагы бир жакшылыктардын катарына кошулат.

Үйгө конок келгенде алдына тамак-ашты жайнатып койгондон соң, “Алдыңа аш койдум, колу-бутуңду бош койдум” — деп унчукпай отуруп албай, конокту колдоп-коштоп тамактан тартынбай жешин сунуштап туруу керек. Бирок конок чындап тамактарга тойгонун билгизсе деле аны кыйнап отуруп алуу адептүүлүккө жатпайт.

Тамак ичүүдөгү эң негизги маселе тамакка айып койбош керек, эгер тамак жакпай кала турган болсо аны унчукпай алып коюу туура. Тамак жеген учурда орточо болуш керек. Сугалактанып тамактын баарын жеп алып кыйналуу же болбосо ошол тамакты жеп жатканда бүт ааламдын баарын унутуп ошол тамак сизди жеп койчудай болбосун. Алтын жана күмүш идиштер менен тамак жеген туура эмес.

Даярдаган: Нуржан Бейшенбекова

«Саресеп»

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button