Жаңылыктар

Түркмөнстанда ичкиликке тыюу салынды

Ушул жылдын 8-июлунда Ашхабаддагы спирт ичимдиктерин саткан дүкөндөрдүн баары жабылып, сыртынан тиешелүү кызматтар тарабынан мөөр басылган.

Түркмөнстандын башкалаасы Ашхабадда жана облус борборлорунда спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды. Азырынча тыюу жөнүндө расмий маалымат айтыла элек. Бирок “Азаттыктын” түркмөн кызматы өз булактарына таянып жазгандай, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жогору жактын оозеки буйругунун негизинде соода түйүндөрүндөгү алкоголдук ичимдиктерди конфискациялап жатышат.

Түркмөнстанда бул жолу спирт ичимдигин сатууга каршы күрөш 5-июлда “Алкоголдун зыяндуу таасиринин алдын алуу боюнча улуттук программа” кабыл алынгандан кийин башталды. Күрөштүн алкагында жеке менчик дүкөндөрдөгү бардык алкоголь өндүрүмү конфискацияланууда.

– “Мир” базарындагы дүкөндөрдөн эч кандай документтерсиз эле спирт ичимдиктери ташылып кетип жатканын өз көзүм менен көрдүм. Дүкөн ээлерин товардын конфискацияланганы тууралуу кагаздарды толтуруш үчүн шаршемби күнү полиция департаментине чакырышты, — деди ашхабаддык байкоочу Аманмурат Бугаев.

“Түркмөнстан хроникасы” 12-июлда күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери жеке менчик дүкөндөрдү кыдырып, спирт ичимдиктерин алып кетип жатышканын кабарлаган. Ал эми «Толкучка» соода жайынан жүк ташуучу унаадагы спирт ичимдиктерин толугу менен алып кетишкенин маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Булак
«Азаттык»
Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Close
Close