Белгилүү аалым Чубак ажы Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Исмаил Мамытов менен маектешип, буга чейинки сөзүндө динге мамиле, саясат, депутаттык тууралуу кеп салып берсе, бул жолу коомчулукта курч турган даават, талак маселелери, Сирияга кетип жаткан мекендештерибиз тууралуу сүйлөп берди.
Чубак ажы маекти «суроо тандагыдай артист эмесмин, мен суроого келгенде малдын баарын батырып алган короо сыяктуумун, суроо ылгабайм, баарына жооп берем» деп баштады. Анда кызыктуу маекке назар салыңыз.
— Даават радикализмге жол ачып жатат деген пикирлер бар…
— Эгерде ага тыюу салып койсо жол ачат. Мындай учурда даават жашыруун жакка кирип, аны көзөмөлдөө мүмкүн болбой калат. Азыр Россия, Казакстанда дааватка тыюу салынганы менен жашыруун түрдө күчөп жатат. Бирок аларда көзөмөл жок, а биз баарын көзөмөлдөп турабыз. Кыргызстанды дааватчылардын берекеси менен Кудай эле сактап турат. Анткени Бакиев убагындагы көйгөйлөр азыр деле бар, бирок элдер митингге чыкпай калды. Анткени диний маданият көтөрүлдү. Мен, өлкөнүн муфтийи Максат ажы, Абдышүкүр ажы баш болуп даават өтүп жатып, адамдар мамлекет эмес, дин менен алек болуп, өз жашоосун улантууда. Мына ушунун өзү эле динди кандай колдоо керек экенинен кабар берет.
— Ошону чоңдор түшүнүп жатабы?
— Түшүнүп жатат. Анткени, президент Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү даават боюнча жакшы пикир айтып келет. Жөн адам падыша болбойт да, кудайдын назары түшкөн адам гана тандалат. Анын кулагына периштелер шыбырап турса керек.
— Көпчүлүк дааватчылардын кийген кийимине, сырткы келбетине нааразы болуп келишет. Костюм-шым кийип даават айтса болбойбу?
— Азыр көпчүлүгү ошого өтүп калды. Мурдагыдай эмес. Элдер Jeep унаасы менен даават айтып жатышат. Адамдардын баары көйгөйлөрдү гана көрүшөт. Мисалы, профессор ак баракка чекит коюп, «бул эмне?» десе баары «чекит» дешет. «А эмнеге чакан чекитти көрүп, ак баракты көрбөйсүңөр?» дейт да. Ошол сыяктуу эле адам кемчиликти гана көрөт. Дааватчылардын буту жарылган, кийимдери жаман дешет. Эмне үчүн мени, Абдышүкүр ажыны карабайсыңар дейбиз да. Сакалы кир дейсиңер, ооба кир, бирок соо болуп, элди жакшы жакка үндөп жүрөт го. Ал эми дин менен жашабагандар мас болуп, арыкта жатат. Эки президент жумуштан түшүп качып жүрөт, а биздин бирөөбүздү жылаңачтап камерага көрсөтсө да качып кеткен жок. Никелүү аялым болчу деп жүрөт. Мен жумуштан түшүп качпай эле жүрөм.
— Негизи эле дааватка асылган туура эмес. Ал тууралуу терс пикир айткандар жумуштан кетип калат. Мисалы Эмил Каптагаев, Адахан Мадумаров, Исмаил Исаковдор жумуштан айрылышкан. Мен ал сөзгө кошулбайт элем. Анткени, бизде миллионго жакын дааватчыларыбыз Сирияга кетпей эле жүрбөйбү. Даават бизди жакшы жакка үндөйт.
— Мектепке караганда мечит көп болуп кетти деп коомчулук бир «булк» этти эле…
— Бул сөз туура эмес. Анткени бизде 2050 мечит болсо, 2500 мектеп бар. Демек мечиттер аз. Мектеп керекпи, мечит керекпи деген суроо «атаңды жакшы көрөсүнбү же апаңдыбы?» дегендей эле. Бирин жаман көрүп, экинчисин жакшы көрө албайсың. Ар нерсенин орду бар. Бул суроо келесоолук дээр элем. Анткени мечиттин бир милдети — адамдарды жакшы жакка үндөө болуп саналат. Колдон келсе экөөнү тең салыш керек.
— Телефондон талак бергендер көбөйүп кетти…
— Талак берүү масели бизде оор болуп турат. Шым кийип жүргөндөр эркек болбой калды. Сырткы келбети эле эркек экенин билдирбесе, аялдардан өтөт. Буга биздеги билим берүү системасындагы кемчилик себепкер. Бала бакча, мектептерде аялдар сабак берип, алардын тарбиясын алган уландарда эркектик касиет калбай калды. Алар спортчу болуп, кычырап кийингени менен жан дүйнөсү — аялдыкы. Шариятта аялдар жеңил ойлуу деп талак берүү укугун эркектерге берген. Азыр эркектер аялдардан жаман болуп, «а» дей электе эле оозунан талак чыгып жатат.
Телефондон талак бергендердин диний түшүнүгү аз экенинен кабар берет. Баары эле талак берсем бүттү дешет, андай эмес. Балдардын тарбиясы, келечеги жана башка көйгөйлөрү бар. Негизи талак телефондонбу, микрофондонбу эркектин өзүнүн чыгып, анын кулагына угула турган болсо шариятта эсептелине берет. Мырзаларга туура тарбия берүү үчүн армияга жөнөтүү зарыл, мектептерди экиге бөлүш керек. Түшкө чейин кыздар, андан соң балдар окуса туура болот. Балдарга агайлар сабак берсе, накта эркектер чыгат, болбосо эркектин көпчүлүгү мажирөө болуп, эркек калбай баратат. Болбосо карап көрөлү, Россияда казак, өзбек же тажиктердин эркектери гана иштеп жүрүшөт. А биздин кыздар толуп кеткен. Тажиктер эмне жыргап жатабы? Кыргызстанда аларга караганда жашоо жакшы го. Бизде намыс деген калбады. Кыздардын баарын таркатып жибердик. Аларда айып жок! Күнөөнүн баары эркектерде! Ал жакта тоноп жаткан, зордуктап жаткандарын көрүп туруп, кыздарыбызды жөнөтүп жатабыз! (ачуусу келип) А биз болсо салган акчасына курсак тойгузуп отурабыз. Кыздар барса күйөөлөрү, атасы, агалары менен барсын. Бойдок кыздарга эмне бар? Мектепти бүттү, эртеси Москва. Бишкектеги филармонияны көргөн эмес, бирок Москвадагы Арбатты билет. Бул туура эмес. Маселе мамлекеттик деңгээлде чечилиш керек!
— Айрым медресе мүдүрлөрү светтик билими жок экен деген шылтоо менен аттестацияга кирбей калышты. Деги эле медреселердеги билим берүү маселесине нааразы болгондор күчөдү.
— Негизи андай талап койгон уставдын автору менмин. Ал кезде светтик түшүнүктү киргизгенибиздин себеби, молдолордун светтик билими болуп, түшүнүгү жогоруласын деген элек. Бирок биз беш жылдан кийин ишке кирсин дегенбиз. Азыр аны күчтөп эле колдонуп жатышат. Бул туура эмес. Негизи светтик билими болсун деген сөздү кийинки курултайда алып салууну сунуштайын деп турам. Бөрк ал десе баш алгандай болуп жатат. Эң кыйын делинген мүдүрлөрдү алып койсо, анан кайдан башчы келет? Бул жерде ляппай урган, өзүнө жаккан адамдарды алып келүү болуп жатат деп ойлойт элем. Албетте бул сөзүмдү уккандан кийин көптөр кыжалат болуп, температурасы көтөрүлөт бирок акыйкат сөз чынынан бузулбаш керек. Көп жылдан бери кызмат кылып келе жаткан аалымдардын светтик билими жок экен деп алып салуу туура эмес. Деги эле бул маселеде муфтият кайрадан карап чыгуусу керек деген пикирди карманам. Ал эми медреседеги билимдерди айтсам, абалы дурус эле. Диний билим менен кошо адистештирилгендери бар. Мындан сырткары жаш балдар үчүн өзүнчө медреселер бар. Ал жакта мектеп программасын окуп, кошумча да таалим алышат. Медреседеги балдар эч нерсени окубай, келесоо болуп калышат дешүүдө. Жок, андай эмес. Алар компьютерди билишет, көпчүлүгүндө WiFi бар.
Интервью сыртындагы маек…
Жан дүйнө ырахаты…
Дайыма жакшы болууга аракет кылуубуз керек, бирок жасалмалуу болбошубуз керек. Анан дагы бир маселе Кудайга ишенүүнүн ырахаты. Адамдардын баардыгы ошол ырахатты издешет. Ырахат үчүн Антальяга барып, падыша болгусу келет. Бирок көпчүлүгү чыныгы ырахат динде экенин билишпейт. Адамдын жан дүйнө ырахатына эч нерсе жетпейт.
Китеп окуунун пайдасы…
Китеп окуу мен үчүн көп нерсеге шыпаа. Адам президент болууну көздөсө ошол жөнүндө китеп окуса, көксөөсү канат. Эгер бай болгусу келсе, ошол жөнүндө китеп окуса, анан көйгөйүн билип кадимкидей тажап калат.
Чыңгыз Айтматов жөнүндө…
Чыңгыз Айтматовдун китептерин окуганда эмнеге идеологияны бузгандар тууралуу жазат деп кээде ага нааразы болуп кетем. Буйрук менен жазылган китептердей сезилет. Анткени СССР убагындагы түшүнүккө каршы китеп жазса, Нобель сыйлыгы берилет деген түшүнүк бар эле да. Кайсы бир системанын чынжырларын бузгандарга сыйлык беришкен. Ал эми «Тоолор кулаганда» китебин окуганда Айтматов өзүнүн тагдырын жазганбы деген ойго келем. Өзүнүн кошогундай сезилет. Мен Айтматовду чындыкты айта алганы үчүн сыйлайм.
Музыка укпаш керек, кола ичпеш керек…
Анткени ал биздин продукт эмес деген кеп. Өзүбүздүн жарманы ич деген эле сөз. Базарда бир тууганыңыз алма сатып отурса андан албай, душмандан алат деген кеп. Ошол себептен ичпе деп айтылат. Ал эми комузду укпа деп эч качан айткан эмесмин.