Сауд аравия королчулугунда адаттын тыш окуя болду. Атасы уулун өлтүргөн кылмышкерди өлүм жазасына тартуу учурунда , жазаны аткарууну токтотууну талап кылып айыпкерди өлүмдөн сактап калды.
Кылмышкердин башын кыюуга саналуу мүнөттөр калганда кылмышкер өлтүргөн баланын атасы “кылмышкерди кечиргендигин” айтып , ага карата эч дооматы жок экендигин билдирген.
Бул өлкөдө исламий шарият мыйзамдарына ылайык, эгер өлүм жазасына тартылып жаткан адамды айыптоочу тарап кечирсе ал кылмышкер токтоосуз бошотулат.