alternatetext Багымдат: 04:33 | alternatetextКүн чыгуу: 06:14 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:50 | alternatetextШам: 19:50 | alternatetextКуптан: 21:34
Макалалар

Саламдашуу адеби

Адамзат жаралгандан эле бири-бирине салам айтып учурашкан, ансыз жашоо болбойт. Кыраакы кишилер топко жаңы келип кошулган адамды биринчи көрүштө эле анын саламынан ким экендигин билип, ал кишинин баасын берип койгон. Адамдыктын көркү да, баасы да, наркы да — салам-аликте. Бири-бирине салам айтуу менен кишилердин бири-бирине мээрими, жакшы көрүүлөрү, адамгерчиликтери көрүнбөс жиптер менен өтүп келген жана ошол мамилелерден жалпы жамаат ичин ырыс, ынтымак аралаган. Бири-бири менен урушуп калгандарды «алар салам айтышпай калган», «салам-аликке келбей калган» дешет. Бул мамиленин өтө курчуп, бузулгандыгынын белгиси.

Салам бергенде, кол алышып көрүшкөндө, же бири менен экинчиси учурашып, ал-акыбалын, бала-чакасын, ден соолугун, мал-алын, айыл-апасын сурашканда адамдардын инсандык сапаттары көрүнүп, алардын жүзүнөн нур төгүлүп турат. «Салам бериш — карыз, алик алыш — парыз» дешет.

Дүйнөдө учурашуунун эң кеңири тараган жана эларалык норма катары расмийлешкен түрү — эки адам бири-бирине оң колдорун сунуп, колдорун кысышып коюу. Мында саламдашуу формасын тарыхчылар, антропологдор, археологдор, этнографтар ар тараптан изилдеп жүрүшүп, алгачкы жамааттык мезгилдердин изи дешет. Ал кезде бул тайпа менен тигил тайпа ар кайсыл үңкүрлөрдө жашап, аңчылык кылып, анан тамак талашып, душман да боло калышып, өмүрлөрүн дайыма коркунуч коштоп жүргөндө бири менен экинчиси кездешкенде «мына менин колумда куралым жок, алакандарымда сени өлтүрөр нерсем жок» дегендей мааниде колдорун көрсөтүп, кол беришкен болуу керек дешет.

Эмнеси болсо да тынчтыкка, ынтымакка, жакындыкка чакырган кол берип учурашуу кыргыздар арасына да кеңири тараганына күбө болуп турабыз.
Ошентсе да саламдашуунун, ызаат көрсөтүүнүн мындан башка да түрлөрү бар. Мисалы, биз окуучу кезде өткөн кылымдын 60-70-жылдарда мугалимдерибиз келе жатса, баш кийимибизди башыбыздан ала коюп, «саламатсызбы, агай» деп учурашып, андан кийин ал киши өтүп кеткен соң кайра кийип алчубуз. Бул саламдашуу бизге Европадан тараган болуу керек, анткени мындай саламдашуу салты бир катар европалык элдерде азыр да кеңири тараганын көрүп калабыз.
Индустар учурашканда эки алаканын бири-бирине матап коюп, анан ошол жупталып турган колдорун маңдайынын ортосуна алып барып түз алып, башын бир аз ийет.

Бир катар мусулман элдеринде оң колду көкүрөккө коюп, башын бир аз ийип (бирок бүгүлбөй эле), «ассалому алайкум» («сизге тынччылык тилейм») дейт, салам багышталган киши да куду ошондой кыймылдарды кылып, «ваалайкум ассолом» («мен да сизге тынччылык тилейм») деп жооп берет. Бул салт бизге дагы кеңири тараган, бирок азыр шаар жерлерине андайлардын калып жаткандыгы өкүнүчтүү.

Кытайдын айрым бир аймактарында учурашкандар «Сен бүгүн тамак жедиңби», «Курсагың ач эмеспи» деп учурашат экен. Тибетте болсо бири-бирине тилдерин чыгарып, жылмайып коюшат дешет. Кыргыздарда байыртан оорудан айыгып, же кырсыктан жакшы болуп, болбосо жоодон келе жатканда үйүнө киргизе койбой чыныга толтура суу куюп, башынан тегеретип, анан ошого түкүртүп, суусун сыртка төгүп таштап, чынысын босогого көмкөрүп коёт.
Эмнеси, кандайы болсо да саламдашуу адамдар ортосунда бири-бирин ызаттоо, тааныш же бейтааныш адам менен бул жер үстүндө бирге жашоого, сүйлөшүүгө, пикир алышууга даяр экенин билдирүү. Мунун ушундай өзгөчөлүгү бар: жашка, мансапка, бирөөгө көз карандылыкка карап салам берилбейт, салам баары үчүн бирдей болот. Эгер андай шарт бузулса, мындай адамдарды экижүздүү, кошоматчы дешет.

¶ Кыргыздар арасында салам-аликтин, учурашуунун ондон ашык түрү бар экенин байкап жүрөбүз: алыстан баш ийкешүү; оң колдорун кысышуу; кол булчуңдарынан сылап коюу; сөз менен «саламатсызбы» деп айтышуу; келиндердин салам салуусу; «жакшысызбы» деп коюу ж.б.
Мына ушулардын адептик эрежелерин жакшы билишибиз керек. Ысыккөл тараптарда улуулар отурган жерге кирип келген келин, же жигит, «жакшысыз» деп коёт. Мунун мааниси сурашуу эмес. Буйрук сыяктанат, «Сиз жакшысыз», «мен сурасам, сурабасам дале баары бир жакшысыз да» деген маани. Же Түштүк тарапта он беш-жыйырма киши (көбүнчө аялдар) жамаат болуп тамак ичип отурса, бирөө кирип келип, баары менен кыдырата учурашып чыгат, «кандай отурасызбы, оорубай жүрөсүзбү, Казакстандагы тамекиге кеткен уулуңуз Мамарайим жакшы жүрөбү» ж.б. деп, арадан жарым саат өтүп, тамактары муздап калат. Же шаарларда, алардан өтүп айылдарда да жаш жигиттер бири-бирине чекелерин тийгизип койчу болду, же алакандарын карс коюп кетишет, болбосо, «привет», «салам», «хелло» деп алыстан кыйкырат. Айрым бир эби жок, сыны жок тамашалашкан азилкечтер «кандай доңуз», «кандай кашек», «салам, өлүк» деп учурашчу болушкан. Дагы бирөөлөр тээ алыстан кыйкырат: «Эй, жуксуз, дагы эле өлбөй жүрөсүңбү», антсе берикиси жооп берет: «Карызыңды качан бересиң, калпычы».

Бир кыл кишилер да сага колун берет да, ары жакта бирөө менен сүйлөшүп кирет, же дагы бирөөлөр колуңду бекем кысып, силкип-силкип туруп алат, жаныңдагы киши сага кол узатып турган болот, ага болсо тигил неме колуңду бошотпойт. Башка бир кишилер кол учун гана берип, эптеп гана учурашымыш этет.

Мунун баары адепсиздик, көпкөндүк. Булар өзүн гана булгабай, жалпы жамаатты, элди сасытып, иритип жатат. Мындайлар көбөйүп кетсе, коом бузулат. Акырзаманда адамдар бири-бирине салам айтышпайт калат дешет.
Азыр биз күнүнө ондогон, жүздөгөн адамдарга салам айтабыз, алик алабыз, демек ошончо жолу мээр-махабатыбызды адамдарга чачып, алардан ошончо жолу мээр-махабат алып турабыз. Айылыбызда Акаев Абдираим деген агайыбыз улуу болобу, кичүү болобу, аялбы, эркекпи, сөзсүз токтоп, кол берип учурашып, анан ал кишилердин тууган-уругун, малы-жанын түгөл сурап чыгып, ошонон кийин жүзүнө бата тартып өтүп кетчү. Элдин баары бул кишини ызаат, урмат кылчу. Шылдыңдап туурагандар да учурачу.
Салам-аликке эч качан убакыт аябаш керек, жолум узарат деп учурашпай өтүү менен адамдардын назарынан каласың.
Ошол агай — фронтовик-физик мугалим бизге абдан көп насааттарын айтчу. Бир күнү шоктонуп атканыбызда келип калды. Анан биз отуруп калдык.

— Кимде резина өчүргүч бар? — деди агай.
— Менде! Менде! — Баарыбыз жабыла кол көтөрдүк.
— Мага бергиле! Эми кимде измелик-төөнөгүч бар?
— Менде! Менде!
Агай баарыбызды каратып алды да резина-өчүргүчкө измелик-төөнөгүчтү сайып өткөрдү.
— Көрдүңөрбү? Өттүбү? Өттү! Эми кайра тартып алам. Тартып алдым. Ийненин изи калдыбы? Резина тешилдиби? Тешилген жок! Из калган жок! Силердин кулагыңар да ушундай экен! Бир жагынан сөз кирип, экинчи жагынан чыга берет экен да, анан ушул резинадай болуп ичинде из калбайт экен!

Абдираим агайдын ушундай аңгемесин көп эшиттим. Ал гана эмес анан ошондогу көргөзмөлүү сабагын турмушумда эчен жолу колдондум. «Саламчы» агайыбыз ушундай асыл адам болгон.
Бир жигит айтат: балалыгыбызда бир кишиге ар дайым салам айтып өтчү элек, бирок ал такыр алик алчу эмес, баш да ийкебейт эле, анан айрым тентек балдар салам айткан сыяктуу кылып ичтен сөгүп өтчү. Алик албаган кишинин жазасы ушул да. Ал алик алуу парызын унутту, кийин ага эч ким салам да бербей коёт, демек адамдардын мээр-махабаты ал тирүү жанга өтпөйт да, жукпайт да, куураган дарак сыяктуу өзү менен өзү гана болуп калат. Мына ушундайдан сактануу керек.
Ошонун эле тескериси, бир мугалим айыл мектебине жумушка баратканда жүздөгөн балдар менен учурашып, алардан алик алып, өзүнүн көңүлү көтөрүлүп, өзүн дайыма шайдоот алып жүрчү экен. Көп жыл ушинтип жүрүптүр. Анан бир жолу шаарга барат, кечке жүрөт, бир бала түгүл, бир киши салам айтпайт, анан ошол саламсыздыктан чарчап, дарманы кетип, кечинде төшөгүнө сулк кулайт.
Кыргыздардын дастандарында, ырларында, жомокторунда салам-аликке өзгөчө маани берилгенин көрөбүз. «Эр Төштүк» эпосунун башкы каарманы өзүнүн башкы душманы боло турган Желмогуз кемпир менен учурашардын алдында анын коркунучтуу элеси мындайча көрүнөт:

Куудай аппак чачы бар,
Бир башында кемпирдин
Санаса жети башы бар.
Жаны жок соку аты бар.
Таң калып Төштүк тамшанды,
Соку минип ал кемпир
Сок билектен камчы алган
Сыягы башка, заары күч,
Ал каапырдан күдөр үз.
Чекеси кетип тырышкан,
Көрүнгөн менен урушкан,
Беттеп бенде келбеген,
Төштүк, Төштүк болгону,
Төштүк атка конгону,
Балакет мындай көрбөгөн.
Көк кементай жонунда,
Ийреги бар колунда.
«Ор ийрегим, оргун» — деп,
Оруп ием тырманган.
Оройлугу бир башка
Ал кемпирди көргөндө,
Элемандын сырттаны
Көңүлү жаман бөлүндү,
Жан алгычтай көрүндү.

Анан ушундай жанга эмне деш керек эле? Апкарып өзүн жоготкондо болбойт, анда жаны анын колунда калат. Жигит эң биринчи, баарынан алдын салам айтат: «Ассалоому алейким, жети баштуу энеке» дейт, ушул салам сөзү менен ортодогу психологиялык кырдаалга таасир этип, кала берсе Желмогуз кемпирди да саламы менен арбап алат. Демек кыргыздардын элдик түшүнүгүндө салам коркунучтуу мифтик жаныбардын да ичин жылытып, көңүлүн бурат деген маани жатат.
Илгери төкмө акындар бири менен бири жолукканда, же бир айылга барганда ат үстүнөн түшпөй туруп учурашуу ырын ырдашкан соң гана акындын атын алышкан. Же болбосо советтик доордо дале элдик ырчылар, төкмөлөр ар бир концерттик программаны саламдашуу менен ачкан, азыр эстрада келүү менен бул жакшы салт да четке сүрүлүп калды.
Салам берүү — бул ызаттоо, көңүл алуу, сыйлоо. Кыргыздар «бир күн туз таткан жериңе миң күн салам бер» дейт, бул саламдын улуулугун көрсөтүүчү сөз.
Силер бүгүн канча адамга салам бердиңер? Канчалык көп салам берген болсоңор, ошончо адептүү адамсыңар…

Салам берүү жана алик алуу менен адам өзүн башкалар арасында күзгү сыяктуу ачып таштайт. Ошондуктан салам берүүнүн айрым бир адеп сактай турган учурлары болот.

√ бирөөлөр кызуу маектешип атса, алардын сөзүн бөлбөө үчүн кол берип учурашууга болбойт;
√ жамааттан эки адам бөлүнүп кетип ары жакта сүйлөшүп жатса алар менен кол алышып учурашуу жарабайт;
√ жамаат отурган жерде кечигип келгенде кол берилип саламдашылбайт;
√ көпчүлүк тамак жеп жатышса кол берип учурашуу туура эмес болуп калат;
√ таанышбы, бейтаанышбы, көчөдө учурашкан киши менен саламдашуу парз;
√ бир күндө бир адам менен кайра-кайра жолукса, кайра-кайра саламдаша берүү керек, Мухаммед пайгамбар айткан, эки момун
мусулман бири менен бири учурашып саламдашып бүткөн соң алдыларынан кокус жол боюнда өсүп турган дарак учураса, экөө ал дарактын эки жагынан өтүп кайра жаңыдан жолуккандай саламдашса көп сооптуу иш болот деп;

√ жашы кичүүлөр жашы улууларга озунуп салам айтат;
√ топко улуу кишилер салам айтып кирип келсе, кичүүлөр ордунан туруп алик алат;
√ эркектер жашы улуу аялдарга кол берип учурашыш керек болсо, биринчи кол сунбайт;
√ жаш балдар улуу кишилер менен кол берип учурашканда эки колу менен кармап саламдашса жакшы болот;
√ эркектер менен аялдар өтө жакын тууган, же классташ, теңтуш болбосо, кол берип учурашпайт;
√ көптөн бери көрүшпөгөн, же узак сапардан келген эркек адам менен эркектер кучакташып, бирок катуу кыспай көрүшөт,
мындайда далысын таптап, же сылап да койсо жакшы;
√ узак сапардан, мисалы, ажылыктан келген киши менен кучакташып көрүшкөндө өтө этият кылуу керек, себеби ал киши бул жердин абасына, көп элдин шаңына көнүгө элек болот;
√ кыргыз салтында өбүшүп учурашуу жок;
√ аял менен эркек, эркек менен эркек, аял менен аял ооздорунан өбүшүп учурашуу маданиятсыздык, батышты эби жок ээрчигендик;
√ жаш балдарды, кыздарды улуу адамдар учурашуу учурунда чекесинен өөп койсо болот;
√ улоодо, же кыймылда бараткан адам токтоп турганга; жаштар улууларга; жамаатка кирип келген киши ал жердегилерге;
√ кыймылда кетип жатканда мурдагысынан кийинки озуп баратса, ошол озуп бараткан адам биринчи салам айтат;
√ мас, жинди, баңги кишилерге салам айтылбайт;
√ жамаатка кирип келген киши кимдир бирөөнүн өтө жакыны болуп, көптөн бери көрүшө элек болсо, ошол киши менен гана кучакташып учурашат, мындайда калгандарга «көргөнүбүз көрүшкөн» деп коёт;
√ үй-бүлөдө ар күн эртең менен турганда балдар жана кичүүлөр чоңдор менен саламдашат;
√ салам берүүчү алик алуучулардын алик алышын күтүп отурбайт.

? Абдыкерим Муратов

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button