alternatetext Багымдат: 04:33 | alternatetextКүн чыгуу: 06:14 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:51 | alternatetextШам: 19:51 | alternatetextКуптан: 21:36
Жаңылыктар
Эң мыкты

Садыр Жапаров коомчулуктун нааразычылыгын жараткан казино боюнча мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров казинонун ишине уруксат берген «Кыргызстандагы оюн иши жөнүндөгү» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам Кыргызстандын Жогорку Кеңеши тарабынан 2022-жылдын 22-июнунда кабыл алынган. Анын максаты — инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жолу менен мамлекеттик бюджетке кошумча ресурстарды алып келүү.

«Ыйгарым укуктуу орган тарабынан 10 жылдык мөөнөткө берилген лицензиянын негизинде жоопкерчилиги чектелген коом жана жабык акционердик коом формасындагы юридикалык жактар гана оюн ишмердүүлүгү менен алектенүүгө укуктуу. Лицензия берүү министрлер кабинети аныктаган тартипте акы төлөө негизинде жүргүзүлөт. Ошону менен бирге, оюн мекемеси балдар бакчасынын, мектептердин, ЖОЖдордун, башка окуу мекемелеринин, медициналык жана диний мекемелердин, маданий мекемелердин жанында, ошондой эле турак-жай имараттарында жайгаша албайт», — деп айтылат маалыматта.

Аталган мыйзам долбоору коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, аймактарда жана борбор калаада бир нече ирет митингдер өткөрүлгөн.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button