Бисмил-Лаахир-рохмаанир-рохим.
Оо, Аллахым бардык мактоолор сенин өзүңө болсун. Сен Мээрим дүүлөрдүн мээримдүүсүсүң, бизди өз мээримиңе алгын. Сен бизди азаптоого кудуреттүүсүң, бирок бизди азабыңа алба. Сен ырайымдуулардын ырайымдуусусуң, бизди өз ырайымың менен кара. Сен бизди жазалоого акылуусуң бирок ачууң менен караба.
Оо, Аллахым, биздин күнөөлөрүбүздү кечир, ара бызда ыймандуу адамдардын санын көбөйт, аларды азайтпа.
Оо, Аллахым, улуу Пайгамбардын сүннөтү менен жашоону насип кыл, ажал жетип бул дүйнөдөн сапар кылганда, Пайгамбардын үммөтү болуп кетүүнү буй ругун, Өзүңдүн алдыңда тирилүүчү күн келгенде, Пайгамбардын айланасында тирилткин.
Күбөлүк берем Ал Аллах жалгыз, Андан башка сыйынууга татыктуу зат жок. Ким Аллахка таянса, Аллах аны ызаттуу кылат. Ким Аллахтан башкага таянса, ал ошол таянычы менен бирге кор болот. Ал, Аллах өтө сабырдуу, Аллахтын сабырдуулугуна эч кандай чек жок. Ал, Аллах өз пенделерин да сабырдуу болууга чакырган жана ыйык Кураанда өзүнүн сабырдуулар менен бирге болуусу жөнүндө кабар берип: «Чындыгында Аллах сабырдуулар менен бирге» деп айткан.
Күбөлүк берем Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Аллахтын эң акыркы элчиси жана кулу. Ал, Пайгамбар (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сабырдуулуктун эң жогорку чегине көтөрүлгөн. Акылсыз тентектерден таяк жеп, бут кийимдери канга толуп турган учурда да, сабырдуулугу менен аларга жаман сөз айтпай, Аллахым булардын күнөөсүн кечир деп дуба кылган. Ал, Пайгамбар (Ага Аллахтын саламсалаваты болсун) өз үммөтүн да сабырдуу болууга чакырып, «чындыгында сабырдуулук бул – ыйман» деп айткан. Сабырдуулукту ыймандуулуктун белгиси деп даңаза кылган улуу Пайгамбарга, анын үй-бүлөөсүнө жана сахабаларына Аллахтын саламы жана салаваты болсун.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Сабырдуулук деген эмне? Кандай иштерге биз сабыр кылуубуз керек?
Сабырдуу адамдар кандай сыйлыктарга ээ болот? ыймандуу адам үч учурда сабыр кылуусу зарыл:
1. Аллахка ибаадат кылууда. Мисалы: (Эртең менен жылуу төшөктөн туруп, даарат алып намаз окууда. Ысык узун күндөрдө орозо кармоодо ж.б.у.с.)
2. Аллах тыюу салган күнөө иштерден тыйылууда. Мисалы: (Арам, жеңил жолдор менен тамак табуудан. Аялдар менен ойноштук кылуудан ж.б.у.с.)
3. Аллахтын жазган тагдырына сабыр кылуу. Мисалы: (Жакын адамынан ажыроодо. Ооруп калууда. Ырыскысынын тар болуусуна ж.б.у.с.) Мына ушул үч учурда сабыр кыла алган адам чыныгы сабырдуу адам болуп эсептелет. Аллах Таала Куранда:
«Оо, ыймандуулар! Сабыр жана намаз менен кубаттангыла! Чындыгында, Аллах, сабырдуулар менен бирге. Силер Аллахтын жолунда өлтүрүлгөн адамдарды «өлүктөр» деп айтпагыла. Андай эмес, алар тирүү. Бирок, силер муну сезбейсиңер. Чындыгында, Биз силерди коркуу, ачкачылык, мал-мүлктүн, жан-дененин жана мөмө-жемиштердин каатчылыгы сыяктуу нерселер менен сынайбыз. Сабыр кылуучуларга (Бейиштен) сүйүнүчтүү кабарды угуз. (Аллах Таала тарабынан) бир кырсык жеткенде: «баардыгыбыз Аллахтын мүлкү болобуз жана Анын Өзүнө кайтып барабыз» деген адамдарга…Дал ошолорго Раббиси тарабынан мактоо, ырайым бар. Жана ошолор гана туура жолго түшкөндөр». (Бакара. 153-156-аяттар).
Демек, Аллахтын ар бир сыноосуна сабырдуулук менен жооп берген адамдарга Аллахтын ырайымы болот.
Экинчи бир аятта Аллах Таала :
«Саабырдуулардын сыйлыгын эсепсиз кылып беремин» – деп убада кылган.
Анткени сабырдуулук, ыймандуулуктун белгиси. Ошол үчүн Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) хадисинде:
«Ыйман эки бөлүктөн турат: сабыр жана шүгүр» – деп айткан.
Бир күнү Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сахабаларынан:
«Силер ыймандуусуңарбы? – деп сурап калат. Сахабалар унчукпай калышканда, Умар (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарыбызга карап:
– Ооба. Оо, Аллахтын элчиси, биз ыймандуубуз – деп жооп берет. Анда Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) – «Ыйманыңардын белгиси эмне» – деп сурайт. Сахабалар кайрадан унчукпай калышканда, Умар: (Аллах андан ыраазы болсун)– Оо, Аллахтын элчиси. Аллахтын берген жакшылыктарына шүгүр кылабыз, кыйынчылыктарына сабыр кылабыз жана тагдырына ыраазы болобуз – деп жооп берет. Ошондо Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
«Каабанын Роббусуна ант ичем, силер ыйман дуусуңар» – дейт.
Демек ыймандын толук болуусу үчүн сабырдуулук өтө зарыл. Ыйманга байланышкан дагы бир хадисте Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
«Сабырдуулук ыймандын башы» – деп айткан.
Башы жок адамды элестете албаган сыяктуу эле, сабырдуу луксуз ыйманды элестетүүгө болбойт. Сабырдуулук, адамды бул жашоодо да акырет жашоосунда да бактылуулукка гана алып барат. Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир хадисинде:
«Пенде кабырга коюлуп, андан сурак алуу үчүн периштелер келген кезде, ал адамдын окуп жүргөн Курааны баш тарабынан келип колдоо сурайт. Периш те лер оң тарабына келишсе, оң тарабынан окуган намазы колдоо сурайт. Сол тарабына келишсе, кармаган орозосу колдоо сурайт. Бут тарабына келишсе, башка жакшы амалдары колдоо сурайт. Ал эми сабырдуулугу үчүн берилген сыйлыгы кыяматка чейин бирге болуп, пенде бейишке киргенде гана андан ажырайт» – деп айтылган. Демек адамдын бейишке кирүүсүнө сабырдуулуктун себеби өтө чоң. Ошол себептен Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) – «Сабырдуулук-бул бейиштин кендеринин бири» – деп айткан.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Бизге жашоо берип, жашоонун жолун көрсөткөн Аллах Тааланын бир аты да Ассабуур-Сабырдуу. Чынында Аллахтын сабырынын чеги жок. Бизге кимдир-бирөө жаман мамиле жасаса, бир жолу, эки жолу, ашып кетсе үч жолу кечиребиз. Бирок Аллах Таала, Ага канча күнөө кылсак да кечире берет. Анын буйруктарын аткарбай, тескери жолдо жүргөндөргө да жашоо, ырыскы бере берет.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Аллахтын тагдыры менен ар бир жанга өлүм кайгысы келет. Ата-энесинен, наристе балдарынан же бир тууганынан ажыроо албетте оор нерсе. Бирок өз жакынынан ажыраган учурда Аллахтын тагдырына ыраазы болуп, сабыр кылып жана сооп үмүт кылган адамдарды Аллах Таала эки дүйнөдө бактылуу кылат. Улуу сахабалардын бири Хубайбдын (Аллах андан ыраазы болсун) кичинекей баласы ооруп калат да, атасы сапардан келгенче кайтыш болуп калат. Хубайб (Аллах андан ыраазы болсун) үйүнө келгенде аялы күлүп-жайнап тосуп алат. Эч нерсе болбогондой тамагын берип сыйлайт. Андан соң экөө жакындашат. Ошондон кийин гана күйөөсүнө кайрылып:
– Эгерде, бир адам кошунасынын буюмун сурап алып пайдаланса, кийин кошунасы буюмун кайра берүүсүн өтүнгөндө, буюмун кайтарбай ага нараазы болсо, туура болобу? – деп сурайт. Хубайб:
– Жок. Андай кылуу туура эмес. Берүүчү, берген нерсесин алууга акылуу – деп жооп берет. Ошондо аялы
– Эгер ушул айтканың чын болсо анда сабыр кыл. Аллах бизге берген перзентибизди кайра алып кетти – деп айтат. Ушунча иш болгончо эмне айтпадың деп ачууланган Хубайб (Аллах андан ыраазы болсун) дароо Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жөнөйт. Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) келип, болгон окуяны айтып берет. Ошондо Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) аялдын сабырдуулугуна ыраазы болуп аларга дуба кылат. Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын саламсалаваты болсун) берекелүү дубасынын себеби менен Хубайб (Аллах андан ыраазы болсун) балалуу болот. Баласынын атын Абдуллах коёт. Кийин, Абдуллах сегиз балалуу болот. Алардын баары Кураанды толук жаттаган хаафиз болушат. Бул, сабырдуулук үчүн Аллахтын бул жашоодо берген сыйлыгы. Ал эми акыретте сабырдуулар үчүн чексиз сыйлыктар даярдалып коюлган.
Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)– «Бир адамдын наристеси кайтыш болгондо, Аллах Таала периштелерден:
– Пендемдин наристесинин жа нын алып келдиңерби – деп сурайт. Алар:
– ооба – деп жооп беришет. Пендем кандай абалда калды – дейт Аллах Таала. Ал, тагдырга ыраазы болуп, сабыр кылып, сага мактоо айтып калды – дешет периштелер. Ошондо Аллах Таала:
Ага бейиштен үй даярдап, ал үйдү мактоо үйү деп атап койгула – деп айтат» – деген. Дагы бир хадисте Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
– «Балагат жашына жетпестен өтүп кеткен наристелер кыяматта ата-энесине шапаат суранышат. Алар:
– Оо, Аллахым. Биз башка балдардай ата-энебиздин мээримин көрбөдүк. Эми бул жашоодо бизге мүмкүнчүлүк бер, ата-энебиз менен бейиште бирге бололу деп айтышат» – деп айткан.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Сабырдуулук, адамды тозокко жетелеп баруучу напсинин каалоосунан тыйып турат. Эгер адамда сабыр дуулук болбосо напсинин каалоосуна кул болот да, жаман күнөөлөрдү жасай берет. Ислам аалымдарынын бири:
– Эң чоң сыйынуучу бутуң (идоль) өзүңдүн напсиң – деп айткан. Демек биз, тоого-ташка сыйынбаганыбыз менен напсибизди тыя албасак, анда напсиге сыйынган болуп калабыз. Ал эми напсиге сыйынуудан бизди сабырдуулук гана кайтара алат. Сабырдуулук сыпаты кимге берилсе ошол эң бактылуу адам. Ошондуктан Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)– «Эгер сабырдуулук адам болгондо өтө кереметтүү адам болот эле» – деп айткан.
Аллахым ар бирибизге сабырдуулук сыпатын бергин. Кыямат күнүндө сабыр дуу адамдардын катарында баарыбызды бейишке киргизгин. Аллахым күнөөлөрүбүздү кечирип, ыймандуу адам дар менен бирге кылгын. Ассалааму алайкум ва рахматул-Лоохи ва баракатуху.
Абдишүкүр ажы Нарматов.
«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»