alternatetext Багымдат: 06:18 | alternatetextКүн чыгуу: 07:49 | alternatetext Бешим: 13:18 | alternatetextАср: 17:00 | alternatetextШам: 18:44 | alternatetextКуптан: 20:18
АңгемелерТаасирдүү окуялар

Сабак боло турган окуя

Мындан бир топ жыл мурун биз жашаган үйдөн үйү анча алыс эмес жерде жайгашкан бир кошуна эжеке менен таанышып калдык. Эжени мурунтан эле көрүп калып жүрүп, сыртынан таанычумун жана эжекенин уул — кыздары, келиндери, үйүнө келип калган бир туугандарынын ушунчалык бири — бирине да, бөлөк адамдарга дагы кылган сылык-сыпаа мамилелерин байкап, ичимден дайыма өзүмчө ыраазы болуп калаар элемин. Кийинчерек жакындан таанышып калгандан кийин катышыбыз дагы жакшы болуп жүрдү. Кичине колум бошураак болуп калса эжекенин үйүнө барганга шашат элемин, анткени эже менен кичине эле убакыт болсо дагы сүйлөшүп отурсаң ушунчалык жүрөгүң рахатка бөлөнүп, чөгүп турган маанай дагы кадимкидей көтөрүлө түшчү. Эжекенин мүнөзү ушунчалык токтоо, оор басырыктуу жана өзү дагы абдан мээримдүү, боорукер эле. Орундуу, орчундуу сүйлөгөн сөздөрүн, айткан акыл — насаат кеп — кеңештерин муюп гана угуп отура бергим келчү. Анткени эжеке менен баарлашкан сайын кадимкидей өзүмдүн купуя сандыкчам тажрыйбага байып, толо түшкөндөй болчу. Биз кийинчереек ал жерден башка жакка көчүп кетип, эжекеге күн алыс учурашканы барып калып жүрдүм. Бир күнү эжеке мага телефон чалып үйүнө келип кетүүмдү сурангандыгынан улам үйүнө барып калдым. Келини эшикти ачып берип мени жылуу тосуп алып, мен үйдүн кире беришиндеги бут кийимдердин ирет — ирети менен тизилип турган текченин бош жерине өзүмдүн бут кийимимди коюп жатып, канча жылдан бери ушул текченин көрүнүктүү жеринде турган илгерки, кеминде бери жагы эле бир 30 жыл мурун кийилгендей болуп эскилиги жеткен, жешилип, сүрүлүп, жыртылып дагы калган бут кийим көзүмө чалдыкты. Келген сайын ушул бут кийим жөнүндө эжеден сурайын деп, бирок кайра орунсуз суроо берип алуудан тартынып койчумун. Алдымдан тосуп чыккан эжеке менен учурашып жатып:

—Эжеке, бул кимдин бут кийими? Канча жылдан бери көрүп жүрөмүн, дайыма сизден сурайын деп тартынып жүргөн элемин — десем эже мени жылмайып карап:
—Бул менин бүт кийимим… Баамдап, байкап жүргөн экенсиң да? Жүрү үйгө кирегой. Шашпай чай ичип алып анан айтып берейин деп — айтып, экөөбүз конок бөлмөгө кирип кеттик. Тамак-аштан даам татып, чай ичилип бүткөндөн кийин эжеке сөзүн баштап калды:
—Кызым, бул бут кийимди мен мектепти окуп бүтөөр жылы раматылык ата-энем кымбат туураарына дагы карашпастан кызыбыз чоңоюп калды дешип, чогултуп жүрүшкөн тыйындарына сатып беришкен эле. Ой ошондо кубанычым койнума батпай абдан сүйүнгөн элемин!! Бирок көп өтпөй эле экөө тең биринин артынан бири удаа өтүп кетишет. Биз алты бир тууган элек. Эң улуусу мен болчумун. Мектепти бүтөөрүм менен жогорку окуу жайга тапшырып, билим алып окуймун деп жүргөн оюм орундалбай, чиедей болгон ини — сиңдилериме ата-энебизди жоктотпостон боорума бекем кысып, өзүм баш-көз болуп калдым. Эгерде ошондо мен окуу жайга тапшырып окуп кетсем, өкмөт бир туугандарымды балдар үйүнө алып кетмек да. Аныс деле мени жашсың, али өзүң дагы баласың. Беш баланы кантип бакмак элең?- дешкендерине такыр көгөрүп макул болбой суранып жатып, балдарды бербестен өз карамагыма алып калганмын. Дароо фабрикага, кийинчереек заводторго жумушчу болуп орношуп эмгектенип, балдарды өзүм жалгыз тарбиялап, багып чоңойттум да. Ооба, ошол учурларда жанымды карч уруп иштеп жүрүп абдан кыйналган элемин… Тиягына тартсаң биягына жетпей дегендей… Колумдан келишинче бир туугандарымдын башынан баштап мектепте жакшы окуусуна жана үлгүлүү, тарбиялуу болушуна басым жасап аракет кылып жүрдүм. Жанагы текчеде турган эскилиги жеткен бут кийимди бир туугандарым чоңоюп калышканынча бутумдан түшүрбөй жай, күз бою сүйрөп кийип жүрүп, кээде кышкы өтүгүм жыртылып же жок болуп калса, сатып алганчакты кыш мезгилинде дагы алдына кийизден кесип төшөп алып, бут кийимим жакшы көрүнбөгөндөй болгон узун шымдарды кийип алчумун. Канча деген узак жылдар бою ушул бут кийимим бутумдан түшкөн жок… Бир жагынан өзүмө жаңы бут кийим сатып алганды ыраа көрбөй, бир туугандарымдын кем-карчын ойлочумун жана мүмкүнчүлүк деле жок болду да… Дагы бир жагы бул сапаттуулугуна сөз жок, көрсө союз убагында чындыгында эле көп нерселер абдан сапаттуу болчу экен… Ошентип отуруп бир туугандарымды чоңойтуп, баарын тең жогорку окуу жайларда окутуп, колумдан келишинче өбөлгөлөрдү түзүп түрткү, демилге берип, жөлөк-таяк болуп жүрүп азыр шүгүрчүлүк, баары жакшы жерлерде эмгектенишет. Өз очокторунун түтүндөрүн тың булатышууда. Өзүм дагы жүрө берип турмушка кечиреек чыктым. Эң кичүү инимдин дагы иштери жакшы жүрүшүп, жакшынакай келинчектүү болуп, өзүнчө бала-чакалуу очор-бачар болуп калгандыгынан улам, эми милдетимди толук аткарып, мүдөөмө жеттим деп кубанып жүргөнмүн. Анан бир күнү инимдин келинчеги ажырашканы жатышкандыгы жөнүндө айтып ыйлап келип калат. Үйгө келип кетсин деп чакырканымдан улам келген инимдин сөзгө келбей мүнөзү такыр эле өзгөрүлө түшкөнүн байкап отурдум. Кичине кайдыгериреек, текебериреек болуп, менменсип калганын көрүп унчукпастан эртеси ушул бут кийимди кийип алып иштеген жерине бардым. Инимдин иш — бөлмөсүнүн алдында кезекте тургандар көп болгондуктан мен дагы кезек алып, күтүп отуруп калдым. Бир убакта бөлмөсүнөн баш багып жардамчысын чакырып жаткан иним мени көрүп калып, кубанып жаныма басып келе жатып, бутумдагы эскилиги жеткен жыртык бут кийимимди көрүп эки жагын алаңдап карап:
—Иий коюңузчу эжеке… Эмне мени атайын элге уят кылайын деп ушул болбой калган жыртык бут кийимиңизди кийип келдиңизби? — деп кулагыма шыбырап айткан иниме өзүн сырттан күтүп тураарымды колум менен белги берип айтып, эшикке чыгып кеттим. Артымдан келип калган иниме карап:
—Иним!! Бул эскилиги жеткен бут кийимим алибетте эсиңде калган ээ… Анткени, сен чоңоюп бойго жеткениңче эч уялбастан эле ушул бир бут кийимди кийип алып, иштеп чуркап жүрүп силерди багып чоңойтконмун… Анан эмне үчүн сен азыр уялып, намыстанып жатасың? Биздин кандай жакырчылыкта жашаган жашоо шарттарыбызды унутуп койдуңбу? Же сен өмүр бою бала — чагыңдан баштап азыркы өзүңдүн бардар жашооңдогудай жашап, жалаң барчылык, токчулук, молчулукта чоңойдуң белең? Азыр чөнтөгүндө бар болгон биртике тыйыныңа чирене түшүп текеберленип, мурунку жашоо турмушуңду бат эле унутта калтырдыңбы? Чиренип, текеберлене берсең, турмуш өзү бат эле баарын таразалап, өзүңө келтирип, ордуңа коюп коёт… Ошондо, мындан дагы эскилиги жеткен бут кийимге муктаждык болуп калуу толук мүмкүн экендигин эсиңден чыгарбай жүргүнүң… Тобоо деп, адамкерчилик жана жөнөкөйлүк сапаттарды жоготпош керек иним… Сен элдин алдында менин эскилиги жеткен бут кийимимден уялсаң, мен сени акылы кем, көөдөнү жок текебер кылып, туура эмес тарбия берип чоңойткондугум үчүн намыстанып, уялып жатамын!!-деп айтып, ачуум келип басып кетип калдым. Бир нече күндөн кийин иним келинчеги менен жарашып алып, экөө тең чогуу үйгө келишип, менден дагы кечирим сурады. Ошол күндөн тартып инимде дагы жакшы жакка өзгөрүүлөр болуп, үй — бүлөсүндө дагы, менин жүрөгүмдө дагы тынчтык өкүм сүрүп, кубанып жүрөмүн. Бирок ошол окуядан кийин ушул эскилиги жеткен бут кийимимди текчеден албаймын. Үйгө келип калган бир туугандарым дагы ушул бут кийимди көрүшүп, сестене түшкөндөрүн байкап каламын жана өзүмдүн балдарым дагы ошол бут кийим менен жанында чыкыйып турган кымбат, жаңы бут кийимдер менен салыштырышып, жашоодо ар түрдүү жагдайлардын болуусу мүмкүн экендигин эстеп, түшүнүп, унуттан чыгарышпай ойлоно жүрүшөөр-деп эжеке окуясын айтып берди. Эшикте кеч кирип бара жаткандыктан мен дагы эжеке менен коштошуп үйгө жөнөдүм. Эжекенин айткан сөздөрүнүн тууралыгы бардыгына жолдо катар ынанып кетип бара жаттым.

Окуянын автору:
Нуржамал Бектенова

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button