Сүйүктүү Пайгамбарыбыз
Мухаммад Мустофа саллаллооху алайхи
ва салламдын жолу жакшылык, берекет,
эки дүйнөнүн сооп жакшылыктары
сүннөттөрдү аткарууда!
Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам өттө берешен болчу. Сураган адамга
«Жок»-деп эч качан айткан эмес.
Эгер бар болсо ошол замат берчү. Жок болсо жумшак мамиле менен эмкиде болсо аласын дечү. Сүйлөгөндө чындыкты айтчу.
Сөздөрүндө жеңил, оңой сөздөр менен сүйлөчү. Бирге жүргөндөрүнүн баарына көңүл бурчу жана алардын ал-абалын сурап турчу.
Уй-бүлөөсүнө өтө көңүл бурчу.
Өз тарабынан бирөөгө кыйынчылык жеткизген эмес. Түндөсү сыртка чыга турган болсо
акырын туруп, акырын бут кийимин кийип, акырын эшикти ачып сыртка чыкчу. Кайра үйгө кирген мезгилинде, бирөөгө зыян келтирбей жана уйкусун бузбоо үчүн да акырындык менен кирет эле. Басып бара жатканда
көзүн жерге салып жүрчү. Башкалар менен басып бара жатканда баарынан артта болоор эле. Бирөө жолдо турган болсо андан мурда салам берген. Олтурганда өзүн төмөн алып олтурчу. Жакыр адамдардай болуп олтуруп тамак жечү. Курсак тойгончо тамак жеген эмес. Дайыма Аллахтан коркуп, ойдо журот эле. Көбүнчө эле унчукпастан жүрчү. Зарыл болгон учурда сүйлөчү. Сүйлөгөндө сөзүн уккан киши толлук түшүнчү. Уккан киши тажай турган узун да эмес, түшүнүксүз кыска да сөз сүйлөгөн эмес. Сөзүндө, ишинде, бирөө менен мамиле кылганда орой эмес эле.
Жумшактыкты жактырган.
Жанына келген кишини урматтаган жана бирөөнүн сөзүн кесип сүйлөбөгөн.
Албетте шариятка каршы нерсени (тосчу) токтотчу же ошол жерден туруп басып кетчү! Аллах Тааланын берген (нематын) жакшылыгын кадырлачу. Тамактын айыбын ачпаган!
Көңүлү тартса жеп, тартпаса жеген эмес. Турмуштагы иштер бузулса Мисалы:
Бирөө бир нерсени сындырып койсо, Пайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи ва саллам) ачууланган эмес. Албетте шариятка каршы болсо каттуу ачууланган. Өзүнө тиешелүү иштерде (мамиледе) ачууланган эмес.
Өзү үчүн бирөөдөн өч да алган эмес.
Бирөөдөн нааразы боло турган болсо андан жүзүн бурат эле, бирок тили менен жаман сөз айткан эмес. Кубанган учурда жүзүн жерге салчу, өтө уялчаак эле. Каткырып күлгөн эмес, күлө турган болсо жылмайып гана койчу.
Баары менен тең жүрчү (өзүн өзгөчөлөнтүп жүрчү эмес эле). Кээде тамашалаган.
Тамаша кылганда да чындыкты айтып тамашалачу. Намазды (түнкү нафил намазда) узун кылып окугандыктан (кыямда) буту жара болуп, шишип кетчу. Намазда туруп Куран окуганда көкүрөгүнөн казан кайнаганда
чыккан үндөй үн чыкчу. Бул Аллахтан корккондуктан ушундай эле.
Пайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи ва саллам)дын мүнөзүндө өзүн төмөн тутуу
өтө көп болгон, ошондуктан үммөтүнө:
«Мени өтө эле аша чаап мактабагыла жөн гана Аллахтын кулу»-дегиле деп айтаар эле.
Эгерде кедей же кары картаң аны менен сүйлөшөм десе анын сөзүн угуу үчүн жолдон чыгып турчу же олтурчу. Эгер бирөө ооруп калса ага барып абалын сурачу.
Бирөөнүн жаназасы болсо ага катышчу.
Конокко чакырса барган. Арпанын нанын же даамсыз ич май менен берсе да кабыл кылган. Пайдасыз сөз сүйлөгөн эмес,
баарынын көңүлүн байкап мамиле кылат эле.
Эч кимди чочутпастан мамиле жасачу.
Заалым, жаман адам менен да жакшы мамиле жасаган, өзүн сактоо үчүн ошондо да көңүлү ачык, жакшы мүнөздө болгон.
Ар бир ишти өз ордунда жасаган.
Олтурганда, турганда дайым Аллахты эстеп (зикир менен) жүргөн. Эл чогулган жерге барган учурунда, кайсыл жерден бош орун тапса ошол жерге олтурган. Эгерде бирөө менен суйлөшө турган болсо ошол адамды тиктеген абалда суйлөгөн. Ким менен мамиле кыла турган болсо, ал адам ойлоп калчу «Пайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи ва саллам) баарынан мени көбүрөөк жакшы көрөт !»- деп. Бирөө менен олтуруп сүйлөшө турган болсо ошол киши ордунан турмайынча Пайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи ва саллам) ордунан турчу эмес. Үйүндө эс алуу үчүн жаздык жазданчу.
Үйдөгү жумушун өзү кылаар эле. Мисалы:
Эчки сааса, өзүнүн кийимин тазаласа,
көбүнчө өз ишин өз колу менен кылчу.
Канчалык жаман адам болсо да ал Пайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи ва саллам)дын алдына келе турган болсо Пайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи ва саллам) жумшак мамиле кылчу. Анын көңүлүн калтырчу эмес, ага каттуу соз айтпачу. Каттуу мамиле да жасачу эмес. Пайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи ва саллам) катуу кыйкырган инсан эмес эле. Жамандык кылган адамга,
жакшылык менен жооп берчү !
Эх пайгамбарым сүйүктүүм ?!
Кана эле сенин жанында болуп,
кызматыңды кылсам, Суйуктуу Пайгамбарым !
Колу менен инсан эмес жаныбарды да урган эмес. Албетте шарияттын өкүмүн сөзсүз аткарчу. Бирөөлөр
Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва салламга жамандык кыла турган болсо,
алардан өч алган эмес. Дайыма жылмайып, жылуу, көңүлү ачык журсө да акыретти ойлоп жүрчү. Бирөөнүн айыбын
элдерге айтчу эмес эле. Ошол адамдын өзүнө да айткан эмес. Бир нерсени бергенде
чын көңүлүнөн берчү.
Кайсыл нерсени сүйлөгөндө сооп болсо
ошону сүйлөгөн.
Жолоочу (мусаапыр) келсе ал жайын сурап, билип турчу.
Бирөө адепсиздик кылса ага чыдачу.
Суйуктуу Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафа (саллаллоху алайхи ва саллам) баарынан сулуу, баарынан жогору эң жакшы мүнөздө болгон. Аллах Таала Куранда
Пайгамбарыбызды мактап:
«Эй Мухаммад !
Сен жакшы кулк-мүнөз жана
адеп-ахлактын ээсисиң!»,
Аллах Таала башка аяттын маанисинде айтат: «Биз сени бүткүл ааламга рахмат жана ырайым кылып жибердик!»-дейт.
Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам) хадисте айтат:
«Мен эң жогорку кулк-мүнөз ээсимин
жана бүткүл ааламга рахмат,
ырайым болуп, жакшы кулк-мүнөздү толуктоо үчүн жиберилдим !»-деп айтат .
Биз туура жолдо болуубуз үчүн,
бул жолдо туура жашап отүүбүз үчүн бир жол башчы издейбиз.
Биз үчүн Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллооху алайхи ва саллам) гана
Жол башчы боло алат.
Али Оши~
Formula.kg