Макалалар

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухммед ﷺ дын кечиримдүүлүгү ..

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухммед ﷺ дын кечиримдүүлүгү ..

✍🏻 Куттуу Рамазан айы кечирим айы болгондуктан Аллах Тааланын кечиримине ээ болууну кааласаңыз кечирүү кандай болот Сүйүктүү Пайгамабарыбыз (салалооху алейхи васаллам) дан үйрөнүп үлгү алыңыз..
Алла Таала кечирүүнү жакшы көрөт.Пенде өзү кетирген кемчиликтерине чын жүрөктөн өкүнүп, тообо кылса, Алла Таала анын тообосун кабыл кыларына убада берет.
Куран Керимде болсо Өзү өтө кечиримдүү болгондуктан, кулдарынын да кечиримдүү болуусун каалайт.
Кечиримдин шарты – өкүнүч, Алланын буйруктарына моюн сунуу жана арам нерселерден оолак болуу.
Кечиримдин эң жакшы мисалдары Азирети Пайгамбардын (саллаллоху алейхи васаллам) өмүр жолунда.
Ухуд согушунда абасы Азирети Хамзаны өлтүргөндөн кийин, боорун тиштегилеп чайнаган Хиндди Мекке алынган күнү ыйман келтирип, алдына келгенде кечирген.
Хинд Пайгамбардын (саллаллоху алейхи васаллам) арт жагына өтүп:
– Йа, Расулалла! Мени тааныдыңбы? – дейт.
Азирети Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам) Ухуд согушунан беш жыл өтсө да Хинддин сүйүнгөнүнөн кыйкырганын унута албаганын билдире:
– Мен ал кыйкырыкты кантип унутуп калайын? – деп жооп берип, шахадат келмесин келтиргенин урматтап, Хиндди кечирген.
Башка өңүттөн алганда, ырайым Пайгамбары (саллаллоху алейхи васаллам) Меккенин алынышынан кийин эмне кыларын кабатырлана күткөн шаар калкына:
– Эй, курайш коому! Эми мени силерге эмне кылат деп ойлойсуңар? – деп сурайт. Курайштар:
– Биз сенин кайрымдуулук менен жакшылык иштериңен үмтөтүп, жакшылык кыларсың дейбиз.
Сен жакшылык ээсисиң! Улуулук менен жакшылык ээси бир боорубуздун уулусуң! – дешет.
Бул сөздөргө Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам):
– Мен да Азирети Жусуптун туугандарына айтканындай:
”Силерге бүгүн эч бир какмалоо жана айыптоо көрсөтүлбөйт!» – деймин.
Кана эми тарагыла, силер эркинсиңер! – деген. Дагы бир жолку сөзүндө:
“Бүгүн ырайым күнү. Бүгүн Алла Таала курайштарды ислам менен күчтөндүрүүчү, үстөм кылуучу күн.» – деген.

Абу Жахилдин уулу Икрима исламдын белгилүү душманы эле. Мекке алынгандан кийин Йеменге качып кеткен. Аялы мусулман болуп, аны Азирети Пайгамбардын (саллаллоху алейхи васаллам) алдына алып барат. Алла элчиси (саллаллоху алейхи васаллам) Икриманы кубана тосуп алып:

«Эй, көчмөн чабандес, кош келипсиң!» – деп, мусулмандарга көрсөткөн зулумдугун бетине айтпай, аны кечирген.
Хабир бин Асад да ислам душмандарынын бири эле. Меккеден Мадинага хижрат кезинде Азирети Пайгамбардын (саллаллоху алейхи васаллам) кызы Зейнепти (Алла ага ыраазы болсун) атайлап төөдөн түртүп жиберип, кулаткан.
Азирети Зейнеп кош бойлуу болгондуктан боюнан түшүп, катуу жаракат алат. Хабир бин Асад ушу сыяктуу бир далай кылмыш жасаган.
Мекке алынгандан кийин качууга аракеттенет, бирок жол табалбай калат. Анан ыйман келтирип, Азирети Пайгамбардын (саллаллоху алейхи васаллам) алдына келет. Азирети Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам) аны да кечирет. Азирети Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам) дайыма:
“Йа, Рабби! Үммөтүмдү кечире көр, анткени алар билбей жатышат!» (Ибни Маажа, Менасик, 56; Ахмед бин Ханбал, IV, 14) – деп дуба кылчу.
Хамаама ысымдуу бир соодагер мусулман болгондон кийин, Меккелик бутпарастар менен соода-сатык байланышын үзөт.
Меккеликтер мындан тынчсыздана Азирети Пайгамбарга (саллаллоху алейхи васаллам) кайрылышат.
Азирети Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам) Хамаамага кат жазып, соодасын уланта берүүсүн өтүнөт.Ал эми ошол бутпарастар үч жыл бою мусулмандарды ачкалык менен кыйнап, азап чектирген эле. Алла элчиси буларга карабастан аларды кечирген.
Кийин бул улуу өзгөчөлүктү көргөн меккеликтердин баары мусулман болгон. Дагы бир күнү Алла элчисин өлтүрүүгө сексен кишиден турган топ келип, кармалып калат.
Азирети Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам) аларды да кечирген. Хайбарда бир аял Алла элчисинин тамагына уу кошкон эле. Расулалла (саллаллоху алейхи васаллам) тамактан ооз тийгенде байкап калат. Жөөт аял тамакка уу кошконун мойнуна алат. Азирети Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам) ушул аялды да кечирген. Анткени, Куран Керимде:
«(Эй, Расулум!) Сен кечирим жолун карма; кечиргин, жакшылыкка буюргун жана түркөйлөргө көңүл бурба!» – (Аъраф: 199) – деп буйурган….

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ +79099502601..
✿ WWW.FORMULA.KG

Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Close
Close

Adblock Detected

Please consider supporting us by disabling your ad blocker