alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
ЖаңылыктарФото

Оштогу медресени аяктаган кыздар диплом алууга улуттук кийимчен келишти

Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу «Сайида Хадича» медресесин аяктаган бүтүрүүчүлөргө дипломдорду тапшыруу кечеси шаардагы «Эне-Сай» ресторанында өттү.

Куранды толук жаттатып, араб тилин жана шарият илимдерин окуткан «Сайида Хадича» медресеси кыз-келиндерге кошумча кесиптерди да үйрөтүп келет. Быйыл тогузунчу жолу уюштурулуп жаткан бүтүрүүчүлөрдү узатуу салтанатына муфтияттын окуу бөлүмүнүн жетекчиси Акимжан Эргешов, шаар казысы Убайдилла Сарыбаев, Ош облусунун казысы Самидин Атабаев, Мамлекеттик дин агенттигинин түштүк бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мырзабеков, «Ихсан хайрия» фондунун жетекчиси шейх Муса, Бириккен Араб Эмираттарынын Мадина ислам университетинин мугалими Адил Рифаий жана башкалар катышты.
Бул кечеге бүтүрүүчү кыздар улуттук кийим кийип келишкен.

http://turmush.kg/

Бул да кызыктуу

1 пикир

  1. Ма Ша Аллах Бул медресе оштун кайсыл жеринде жайгашкан

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button