«Мындай чечим айылдык башкармалык өткөргөн жыйында жалпы элдин бир добуштагы чечими менен кабыл алынды. Айылдын дүкөндөрүнөн 400.000 сомдук арактар сатылып алынып, атайын таштандыга ташылып жок кылынды.
Демилгечи жигиттерден жана айылдык тургундардан Аллах раазы болсун» — деп билдирди Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан Талант Канатбек уулу.