21.1 C
Bishkek
10.07.2025
Жаңылыктар

Ош казыяты улут жана дин аралык диалогго үндөгөн иш-чара өткөрдү

Анын алкагында бир канча темалар боюнча баяндамалар жасалды.

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Самидин кары Атабаев «Үй-бүлө баалуулуктарын сактоо» деген темада баяндама жазаса, Ош шаарынын казысы Мурзакул кары Осмонов «Жалган маалымат таратуунун кесепеттери» аталышында маалымат берди. Ал эми Кыргызстан калкы ассамблеясынын Ош бөлүмүнүн жетекчиси Балтагул Нурунбетов «Этностор аралык ынтымак, нарк,насил маселелери» темасында өзүнүн кайрылуусун жазаса, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков «Конфессиялар жана этностор аралык ынтымак» темасында баяндама жасады.

Жыйынга Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Самидин кары Атабаев, Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, Ош шаарынын мусулмандар казысы Мурзакул кары Осмонов, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Кыргызстан калкы ассамблеясынын Ош бөлүмүнүн жетекчиси Балтагул Нурунбетов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, дин кызматкерлери, социалдык мекемелердин, муниципалдык аймактык башкармалыктын жана кварталдык комитеттердин кызматкерлери катышты.

Related posts

Казакстандын мектептеринде бетти чүмкөгөн кийим кийүүгө тыюу салынат

admin

Кыргызстанда Сауд өнүктүрүү фондунун жардамы менен 16 мектеп курулат

Адилет Сыдыков

Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Мамлекеттик туу күнүнө арналган майрамдык салтанатка катышты

Leave a Comment