Абдышүкүр ажы Нарматов
Ассалааму алайкум урматтуу мусулман бир туугандар!
Рамазан айы он эки айдын эң ыйыгы. Аллах Таала айлардын ичинен ушул гана айдын атын атап айткан. Куранда: “Рамазан айы, бул айда адамдарга туура жол көрсөтүүчү хидаят жана фуркандан турган анык далил катары Куран түшүрүлдү. Силерден кимде-ким (жаңы) айды көрсө — орозо кармасын. Жана ким оорулуу же сапарда болсо, башка күндөрдүн эсебинен (тутуп берет). Аллах силерге жеңил болуусун каалайт, оор болуусун каалабайт. (Орозо) аны калтырбай тутууңар жана силерди туура жолго салганы үчүн Аллахка шүгүр кылып, даңазалашыңар үчүн (парз кылынды) — деп айтылган. (Бакара, 185-аят).
Аллах Тааланын сөзү менен ыйык Куранда аты аталгандыгы Рамазан айынын өзгөчө экендигин билдирип турат. Рамазан айында орозо кармоо Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын саламсалаваты болсун) Меккеден Мадинага көчүп келгенден кийин эки жылдан соң, тагыраак айтканда пайгамбарлык доордун он бешинчи жылында парз кылынган. Салман (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, минтип айтат: “Шаьбан айнын акыркы күнү Пайгамбарыбыз бизге хутба айтты.
Анда ал: “Оо, адамдар! Силерге ыйык жана берекелүү ай жакындап келе жатат.
Бул айда бир түн бар, анын даражасы миң айдан да жакшыраак. Аллах Таала бул айда орозо тутууну парз, кечинде (таравих) намаз окууну нафил кылды.
Бул айда кимде-ким бир жакшылык кылса, башка айда парз амалын аткаргандай болот. Ал эми бул айда парз амалын аткарса, башка айда жетимиш парзды аткаргандай болот.
Бул ай — сабырдуулуктун айы. Сабырдуулуктун сыйлыгы — Бейиш.
Бул айда мусулмандын ырыскысы көбөйөт.
Бул айда ким орозо камаган адамга тамак берсе, анын күнөөсү кечирилип, тозоктон кутулат. Ал орозо кармаган киши ээ болгон соопко ээ болот. Бирок андан орозо кармоочунун сообу да кемип калбайт.
Бул айдын башталышы — ырайымдуулук, ортосу — кечирим, аягы — тозоктон азат кылуу.
Бул айда төрт ишти көбөйткүлө. Анын экөөсү менен Роббуңарды ыраазы кылаасыңар, экөөсүнө өзүңөр муктаж болсуңар. Роббуңарды ыраазы кылуучу эки амал — “Лаа илааха иллаллоох” деп келме айтуу жана Аллахка истигфар айтып, кечирим суроо. Ал эми өзүңөр муктаж болгон эки амал — Бейишти сурагыла жана тозоктон сактангыла.
Бул айда ким бир адамды тойгузса, Аллах ага менин “Хавз” булагымдан ичирет, ал эч качан чаңкабайт” — деди.
Ошондо кээ бир сахабалар: “Оо, Аллахтын элчиси, орозо тутуучунун курсагын тойгузуу баарыбыздын эле колубуздан келе бербейт” — дешти. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): “Ким бир уурттам суу же сүт, же бир курма менен ооз ачырса, Аллах ага тойгузгандын сообун берет” — деп жооп берди. (Ибн Хузайма).
Рамазан айында мусулмандарга Аллахтын жардамы түшөт. Тарыхта ислам дининин таркоосуна жол ачкан Бадр жеңиши Рамазан айынын он жетисинде болгон. Бул күнү саны да, күчү да аз болгон мусулмандар Аллахтын жардамы менен жеңишке жетишкен. Адамдардын жан дүйнөсүн күмөндөн, ширктен тазалаган, Аллахтын үйүн эстеликтерден жана көп кудайлуулуктан тазалаган Меккени жеңип алуу күнү да Рамазан айында болгон.
Рамазанды кантип тособуз?
Рамазан айы жүрөгүндө ыйманы бар адамдар үчүн майрам жана жан дүйнөнү дарылоочу убакыт. Рамазан айы биздин үйүбүзгө келип, отуз күн түнөп кетүүчү конок. Рамазан айы биздин бир жылдык жасаган күнөөлөрүбуздү жууп кетирүүчү жана Акыретибизге азык камдап алуучу мүмкүнчүлүк. Демек, бул айды күтүп алуу, конок күткөндөй маанилүү. Сахабалар Рамазан айы киргенде кубангандыктан көз жашын төгүп ыйлашат эле. Ал эми Рамазан айы чыгып кеткенде кайгыргандыктан көз жаш төгүшөт эле. Алар “Аллахым Рамазан айына жеткиргин” деп дуба кылышат эле. Алар Рамазанга жетсе, күнөөдөн кутуларына, соопту көбөйтөрүнө толук ишенишет эле. Аларрамазандан алдын аны утурлап нафил орозолорду кармашса, Рамазандан кийин аны менен коштошуп нафил орозо кармашчу. Рамазанды татыктуу тосуп алуу үчүн биз дагы төмөнкү амалдарды аткаруубуз керек:
1. “Рамазанда орозо камаймын” деп ниет кылуу. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): “Бардык амалдар ниетке жараша болот” — деп айткан. Адам өз эркин өзү башкара алат б.а. нафси каалоосун сындырууга өз кудурети жетет. Күн сайын календардын барагын карап, “Рамазан батыраак келсе экен, орозо кармайт элем” деп ниетин бекемдей берсе, ал психикалык жактан орозого даяр болуп калат. Орозо жакындап калганда “кармасамбы же, кармабай эле койсомбу” деген эки анжы ойлор келбейт.
2. Орозо тууралуу китептерди окуп, орозо тууралуу айтылган баяндарга кулак салуусу керек. Анткени, орозонун пайдаларын уккан сайын ага кызыгуу пайда болот жана өзү кызыккан ишти аткаруу жеңил болот.
3. Буга чейин жасаган күнөөлөрүн баштан-аякка чейин эстеп өзүнө эсеп берүүсү керек. Кайсы эле адам жасаган күнөөлөрүн эсептеп чыкса, абдан көп күнөө жасаганын билет. Күнөөсүнүн көптүгүн көргөн адам, бул күнөөлөрдөн тазалоочу Рамазан айын текке кетирүүдөн коркуп, орозо кармайт.
4. Акыретти, Аллах Тааланын алдында эч кандай сообу жок турган күндү көбүрөөк эстөө керек. Эгер биз жасап жаткан амалдарыбыздын аздыгын биле алсак, анда Рамазанды сөзсүз пайдаланып калмакпыз. Анткени, анда биздин бүтүндөй бир өмүрүбүз да жетпей турган “Кадыр кечеси” бар.
5. Аллах Тааланы көп зикр кылуу айрыкча эртең мененки жана кечиндеги зикр сөздөрүн көп айтуу керек. Себеби, зикр кылуу адамды шайтандын азгырыгынан сактайт. Көпчүлүк адамдар шайтандын азгырыгына алданып орозо кармабай калышат.
6. Шаьбан айынын жарымына чейин нафил орозолорду кармап, нафсини көндүрүү керек. Нафил орозо кармаганга көнгөң нафси парз орозону кармоого жөн эле көнөт, анан да орозо кармоого көнүп калгандыктан Рамазандын орозосун кармоо да жеңил болот.
7. “Рамазан айынын орозосун кармоону насип кыл” деп Аллахка көп дуба кылуу керек. Анткени, ар бир иш Аллахтын каалосу менен болот. Канчалаган мусулмандар орозого бир күн калганда бул дүйнөдөн өтүп кетип жатышат.
Рамазанда кандай амалдарды кылуу керек?
Рамазан айы мусулман адам үчүң табылгыс мүмкүнчүлүк. Бул айда жасалган жөнөкөй амал башка айда жасалган парз амалы сыяктуу соопко ээ болот. Ал эми бул айда жасалган бир парз амалы, башка айдагы жетимиш амалдын сообун берет. Ошондуктан бул айга жетүүнү Аллах Таала насип кылса, анда төмөнкү амалдарды аткарууга шашылалы:
1. Таравих жана башка нафил намаздарды окууга. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): “Рамазан айында ким ишенүү жана сооп үмүт кылуу менен намаз окуса, анын өткөн күнөөлөрү кечирилет” — деген. Бул айда окулган бир рекет намаз жетимиш рекет менен барабар. Мындан өткөн сооптуу ишти кайдан таба алабыз?
2. Куранды окууга жана катмы кылууга. Рамазан Куран түшүрүлгөн ай. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Рамазан айында Жибрийил периште менен бирге Куранды катмы кылган. Курандын ар бир тамагасы үчүн он сооп болорун айткан, ал эми Рамазан айында сооптор жетимишке көбөйөрү белгилүү.
3. Тооба кылууга жана кечирим тилөөгө. Рамазандын алгачкы он күнү — ырайымдуулук, ортоңкусу — кечиримдүүлүк күндөрү болуп эсептелинет. Бул күндөрү кылынган тообалар кабыл болору шексиз.
4. Көбүрөөк дуба кылууга. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): “Орозо тутуучунун ооз ачардагы дубасы сөзсүз кабыл болот” — деген. Демек, отуз күндү текке кетирбейэмне тилегибиз болсо, аны Аллахтан сурап калуубуз керек.
5. Кайрымдуулук кылууга. Ааиша энебиз айтат: “Аллахтын элчиси Рамазан айында абдан кайрымдуу болчу”. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын саламсалаваты болсун) дайыма кайрымдуу, колу ачык болгон. Ал эми Рамазан убагында кайрымдуулукту чексиз көп жасаган.
6. Башкалардын оозун ачырууга. Бул айда бир адамга суу же курма берип ооз ачыруу, анын курсагын тойгузгандай соопко ээ кылат жана ал адам Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) булагынан суу ичүүгө татыктуу болуп калат. Башка мезгилде таштай албаган жаман адаттарды таштоого. Анткени була йда шайтандын азгырыгы алсыз болот, натыйжада тамеки, насыбай ж.б.у.с. жаман адаттардан кутулууга болот.
Бул айда эмнелерден тыйылабыз?
Рамазан айында Аллах Таала бизди башка учурда адал болгон үч иштен б.а тамактануудан, суусундук ичүүдөн жана аялга жакындык кылуудан тыят. Башка убакта адал болгон иштерден тыйылган соң, башка учурда арам болгон иштерден тыйылуу турган иш. Рамазан айы сооптуу ай болгон менен аны туура пайдалана албаган адамдар кайра күнөөкөр болуп калуусу мүмкүн. Ошондуктан орозо кармаган адам төмөнкү иштерден сактануусу зарыл:
1. Көп сүйлөөдөн. Рамазан Аллахты зикр кылуучу ай. Аллахты зикр кылуудан башка сөздөрдүн баары пайдасыз. Ал эми кыйбат, ушак, жалган айтуу сыяктуу сөздөр орозонун сообун кетирет.
2. Көп уктоодон. Кээ бир адамдар орозодо иш кылууга болбойт дешип көп убактысын уйку менен өткөрүшөт. Бул туура эмес түшүнүк. Орозодо колдон келишинче уйкуну азайтып, ибадатты көбөйтүүгө аракет кылуу керек.
3. Урушуп талашуудан. «Орозо бул – калкан. Ошондуктан ким орозо кармаса, адепсиздиктен этият болсун, үнүн көтөрбөсүн, аны кимдир бирөө сөксө же урушууга тартса, анда ал: Мен орозо тутуучумун деп айтсын” — деген.
4. Ысырапкорлуктан. Кээ бир учурларда “Орозо кармоочулар ооз ачканда шайтан коркуп качат” дешип, ашыкча ысырап кылган адамдар бар. Бул дагы туура эмес түшүнүк. Адам канчалык ачка болбосун, өз деңгээлинен ашыкча тамак жей албайт. Ошондуктан тамак-ашты ашыкча көп жасап ысырап кылууга болбойт.
Рамазан айынын артыкчылыктары:
1. Орозо кармоочуга далил болот. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун): «Орозо бул – далил. Ошондуктан ким орозо кармаса, адепсиздиктен этият болсун, үнүн көтөрбөсүн, аны кимдир бирөө сөксө же урушууга мажбурласа, анда ал: “Мен орозо тутуучумун” деп айтсын. Мухаммаддын жаны колунда турган Аллахка ант болсун, орозо тутуучунун оозунан чыккан жыт Аллах үчүн мисктен да жагымдуу. Орозо тутуучу эки убакта кубанычка бөлөнөт: ооз ачкан убакта жана Роббусуна жолуккан кезде» — деп айткан. (Муслим).
2. Орозо тутуучунун күнөөлөрү кечирилет. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун): «Ким Рамазан айында ишеним жана Аллахтан сыйлык үмүт кылып орозо кармаса, анын мурдагы күнөөлөрү кечирилет» — деп айткан. (Бухарий, Муслим).
3. Орозо кармоочунун сообу чексиз болот. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) айтты: «Аллах Таала: “Адам баласынын орозодон башка ар бир иши өзү үчүн. Ал эми, орозо – Мен үчүн. Анын сыйлыгын Мен беремин” — деген. (Бухарий, Муслим).
4. Орозо, Бейишке кирүүгө себеп болот. Аллахтын элчиси (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун): «Чындыгында, Бейиште, Кыямат күнү орозо кармоочулар гана кирүүчү «Ар-раян» деген эшик бар. Андан орозо тутуучулардан башка эч ким кирбейт. «Орозо тутуучулар кайда» деп айтылганда, алар алдыга чыгышат. Алар кирип кеткен соң эшик бекем жабылып, андан кийин ага эч ким киргизилбейт» — деп айткан. (Бухарий, Муслим).
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун): «Рамазан айы киргенде Бейиш эшиктери ачылып, Тозок эшиктери жабылат. Ал эми шайтандар кишенделет» — деп айткан. (Бухарий, Муслим).
5. Орозо кармоочу адам тозоктон алыс болот. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) «Аллах жолунда бир күн орозо кармаган адамдын жүзүн анын ошол амалы үчүн, Аллах Таала оттон жетимиш жылдык аралыкка оолак кылат» — деп айткан. (Бухарий, Муслим).