15.1 C
Bishkek
12.07.2025
Жаңылыктар

Ооганстан кыргыз-тажик чек ара согушу боюнча пикирин билдирди

Ооганстандагы радикалдык талиптер кыймылы түзгөн өкмөттүн Тышкы иштер министрлиги атайын билдирүүсүндө Тажикстан менен Кыргызстандын бийлигин чек ара көйгөйлөрүн тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды. Билдирүүнүн текстин Твиттердеги баракчасына Талибандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Абдул Каххар Балхи жарыялады.

«Ооган Ислам Эмирлигинин Тышкы иштер министрлиги Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жакында болгон чек ара жаңжалын кооптондуруучу деп эсептейт жана курман болгондорго байланыштуу көңүл айтат.

Бул кагылышуулар эки тараптын карапайым калкы үчүн көйгөйлөрдү жаратып, анын ичинде кыргыз тараптан миңдеген карапайым тургундарды жер которууга мажбурлаган. Жабыркагандар жана карапайым калктын жер которуусу кейиштүү. Ислам Эмираты эки тарапты чек ара маселелерин диалог жана өз ара түшүнүшүү жолу менен чечүүгө чакырат.

Кагылышуулардын улантылышы бүтүндөй аймактын коопсуздугуна жана стабилдүүлүгүнө доо кетириши мүмкүн. Чек аранын эки тарабындагы адамдар жабырланбашы же көчүп кетүүгө мажбур болбошу керек”, — деп айтылат Талибандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

https://twitter.com/QaharBalkhi/status/1571455502667612162?ref_src=twsrc%5Etfw%7Ctwcamp%5Etweetembed%7Ctwterm%5E1571455502667612162%7Ctwgr%5E8b2d007a7506ee2d55939dfbc69c4312f13ecce1%7Ctwcon%5Es1_&ref_url=https%3A%2F%2Fbomdodrus.com%2F2022%2F09%2F19%2Ftaliby-prizvali-tadzhikistan-i-kyrgyzstan-k-mirnym-peregovoram%2F

Related posts

Чубак Жалилов: «Фетхуллах Гүлендин террористтик идеяларды жайылтат дегени саясий көз караш деп эсептейм»

admin

Ошто «Ислам-тынчтыктын жарчысы» аттуу китеп окуу сынагына 1400дөн ашуун окурмандар катышышты

Рамазан 2017: Орозо кармагандарга ыңгайлуу тиркеме чыкты

admin

Leave a Comment