Намаздын адеби жана эрежесинен оолак бир көңүл менен окулган жана ичине шайтан аралашкан намаз, адатта, пенденин жүзүнө урулган күнөө чүпүрөгү сыяктуу. Куранда минтип айтылат:
«Намаздарын кайдыгер окугандарга; (аны) эл көрсүн деп окугандарга жана дүнүйөсүн ийне-жибине чейин (элден) аягандарга наалат болсун.» (Мааун: 4-5)..
Тафсирчилер намаздагы кайдыгерликти үч түрдө түшүндүрүшкөн:
1. Намазды убагында окубай, каза кылуу;
2. Денеси намазда болсо да, жүрөгү (ой-санаасы) башка жактарда болуу;
3.Фыкх эрежелерине көңүл бурбоо.
Азирети Мавляна:
«-Ыйман деген эмне? — деп акылыман сурадым. Ал жүрөгүмдүн кулагына ийилип:
— Ыйман адептен турат. — деп шыбырады. Андай болсо, адеби болбогон киши Алланын мээриминен кур калат.» — дейт. Эң башкы адеп – бул, Алла Таалага урмат көрсөтүү. Бул урмат көрсөтүүнүн эң жакшы жана эң күчтүү чагылышы ибадаттарда, аирыкча, намазда болушу керек. Намаздын мазмунуна, адебине жана парздарынын тигил, же мунусуна кылынган кайдыгер мамиле – шайтандын пенденин намазынан уурдаган нерсеси. Намаз окуган кишинин кайдыгерликке ыкташы шайтандын илешүүсүнө шарт түзөт. Албетте, шайтан тарабынан начарлатылган намаз кабыл кылынбайт. Кээ бирлер исламдын кызуу кандуу талапкерлери болушканы менен намаз ибадатынын канчалык маанилүү экенин толук түшүнө албай, намаздарына ыкшоо, кайдыгер мамиле жасашат. Ал тууралуу Куранда жана пайгамбарыбыз тарабынан айтылган буйрук, осуяттарды жеңил санап, анча маани беришпейт. Намаздагы хушууну аткармак түгүл, анын эрежесине жөндөп баш ийишпейт. Окуган намаздары – эптемей-септемей. Алла Таала мындай кайдыгерликтен бардыгыбызды сактасын!
Бул кайдыгерлик аңгегине түшүп калгандар колундагы тоодой чоң байлыкты чыгашага учуратып, банкрот болгон адамга окшош. Анда калган нерсе – бир гана чарчапчаалыгуу.
Хадисте бул тууралуу минтип айтылат:
«Канчалаган намазкандар бар, алардын намаздан алган насиби – чарчап-чалыгуу менен убарадан башка эч нерсе эмес.» (Насаи) «Намазын зыянга учуратканына карабастан, намазын окуй берген кишинин башка кылган жакшылыктарына Алла маани бербейт.» (Табаранийи).. Мындан тышкары, намаздын негиздерин так аткарбай жана анын башка адептерин да чала-бучук орундоону Алланын Элчиси (саллаллоху алеихи васаллам) «уурулук» катары сыпаттап, мындай дейт:
«Эң жаман ууру – намаздан уурдаган киши.» (Ахмед, Хаким)..
Бул уурулук шайтандын иши болгондуктан, жогорудагы хадистерде билдирилгендеи, адамга чарчоодон башка эч нерсе алпкелбейт. Андыктан намаздан уурдагандар Алланын төмөнкy наалатын эстеши керек: «Намаздарын кайдыгер окугандарга наалат болсун!» (Мауун: 4-5) .
Бул аят билдиргендей, жалкоолук кылгандар намазга жакындай алышпайт, ал эми напсинин тоскоолунан өтө албагандар намазды формалдуу түрдө гана окушат, анын руханиятынан пайдалана алышпайт. Тагыраак айтканда, талап кылынган түрдө намаз окубаса, Алланын көзөмөлү
ндө экендерин унутушуп, эс-дартынын баары соодасатыкта, же башка дүйнөлүк иштер менен алек болсо, ал эч качан намазкан болуп саналбайт. Ал окуган намаз бул дүйнөдө гана калат. Жүрөктөгү ыймандын кемтигин толуктаган намаз мындай кайдыгерлерди натыйжада куржалак калтырат. Тескерисинче, моюндарына оролгон азап сыйыртмагы, же чыныгы жүздөрүн көрсөткөн күзгү катары жан кыйнаган азаптын кабарчысы болот:
«Чынында, эки жүздүүлөр Алланы алдайбыз дешет. Акыйкатта, Алла аларды алдоодо. Эгер алар намазга турушса, жалкоолонуп, эл көрсүн деп гана турушат жана Алланы аз гана эстебесе, башка эстешпейт.» (Ниса: 142) ..
Намаздан оолак болгондор.
Олуялар намаздан оолак болгондорду эскертyy иретинде мындай дешет:
«Мал-мүлктүн, байлыктын көптүгүнөн кайдыгерликке түшүп, намазга жакындабагандар хашр күнү Карун менен кошо тирилишет.
Бийлик, башчылыктан улам жакындабагандар Фараон менен кошо тирилишет.
Мамлекеттик жогорку кызматтан улам жакындабагандар Хаман менен бирге тирилишет.
Соода-сатык, материалдык кызыкчылык себептyy жакындабагандар паигамбарыбыздын душманы болгон Убай бин Халаф менен кошо тирилишет…»..
Намаздан алыс кишилер бул дүйнөлүк жашоосун берекесиз өткөрүшөт. Жүзүндө Алла берген сулуулуктун нуру калбайт жана андайлардын кылган эч бир жакшылыгына сооп жазылбайт. Дубалары кабыл кылынбайт. Салих инсандардын сүйүүсүнөн кур калат. Эзелтен бери байкалып келе жаткандай, «Кандай жашасаң, ошондой өлөсүң» демекчи, акыркы деми коркунучтуу натыижаланып, кыйналып жатып жан беришет. Жаткан кабыры аны кысып, ал жер тозоктун чуңкурунан бир чуңкур болот. Кыяматта да Алла Таала ага каарын төгөт.
Эсеби өтө оор болуп, натыйжада, тозокко ыргытылат. Бухарйидин хадис китебине таянсак, Расулалла (саллаллоху алейхи васаллам) багымдат намазынан кийин сахабаларынан кандай тyш көргөндөрүн сурачу. Бир күнү да ошондой кылып, анан:
«Мен бир түш көрдүм, эки киши келип мени алып кетти.» — деп баштап, андан кийин түшүндө көргөн бейишти, тозокту жана тозоктогу кишилерге берилген азапты бир-бирден айтып берет. Алардын бири башы таш менен жанчылып, азапталып жаткан киши болчу. Таш ушунчалык катуу тийгендиктен, тийгенде башы чачырап кетип, кайра ордуна келип калып жатты. Азап болсо ушинтип токтобой улана берди. Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) өзүн алып келген эки кишиден:
— Бул ким? — деп сурайт. Алар:
— Бул киши Куран окуганды билсе дагы, аны окубаган жана парз намазын окубай, уктап жаткан киши, — деп жооп берет….
Намазга шашыл бир тууганым! Эгерде сени бирөө мусулмансыңбы деп сураса ойлонбостон албетте мусулманмын деп жооп бермексиң! А бирок сенде окуган намазың жок,намазсыз атың,каның,жүрөгүң мусулман деп согуп турган менен каапырдан айырмаң жок! Туура сага катуу тийүүс
ү мүмкүн бирок намаз -мусулмандын мусулман экенине далил болгон документ,ансыз сен Аллах алдында эч ким эмессиң!
Азирети Паигамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) мусулман баласына: «Исламдын белгиси – намаз. Кимде-ким бүткүл дитин намазга коюп, убагында, сүннөтү менен бирге окуса, ал – момун.» (Фазаил Амал, 255–256) – деп, эң оболу намазды үйрөтүп, кээ бир хадистеринде болсо намаз диндин тиреги экенин баса белгилей, момун менен каапырды айырмалоочу сыпатка ээ экенин билдирчү. Алла элчисинин (саллаллоху алеихи васаллам) сахабалары да, намазды башка амалдардан айырмалай аны билип туруп эле таштап койгонду каапырдык деп эсептешчү
Азирети Абу Бакир (Алла андан ыраазы болсун) намаз убагы келгенде, жанындагыларга: «Эй, адамдар! Тургула! Жаккан (тозок) отуңарды намаз менен өчүргүлө!» — дечү..
Ооба бул дүйнө сени алдап жатат «анан окуйсуң,али жашсың,эртең окуйсуң,насип кылса окуурмун, убак бар али,иштен бошобой жатам толгон токой шылтоолор менен шайтан өзү менен от чуңкуруна жетелөөдө, муну сезбейсиң! Ойгон, ойлон бир тууганым, сени акыркы демиңде да,кабырың да, акыретиң да намаз жаныңда коргой турган калкан! Жогоруда намазга кайдыгер болуу,намазсыз жүрүүнүн азабы кандай экенин окудуң ! Жүрөгүңдү, ниетиңди туурулап Аллах Таалага жакын болууга шашылгын!
«Алла Таала эч нерсени ыйман менен намаздан жогору коюп, парз кылган эмес. Эгерде андан да жогору болгон нерсени парз кылганда, аны периштелерине буюрмак. Ал эми периштелердин кээ бири дайыма рукууда, кээ бири болсо, дайыма саждада.»..
«Намаз – жихаддын эң барктуусу.»
«Киши намазга турганда, Алла ага бурулат. Ал намазын бүтүргөндө, Алла да жүзүн андан бурат.» (Фазаили Амал, 256) ..
«Асмандан апаат жана кырсык түшкөндө, мечиттегилерден ошол кырсык алыс болот.» (Фазаили Амал, 256) ..
«Беииштин ачкычы – намаз.» (Термезии, Тахарат, 3)
«Намаз – ар бир такыбанын (чалган) курмандыгы.» (Кузаи, Муснад, I. 181) ..
«Кимдин бир эле намазы (убагында окулбай) өтүп кетсе, ал бардык мал-мүлкү жана бала-бакырасынан колжуугандай болот.»(Насаи,Ахмад)..
Намаздагы бул бийиктик жана маанилүүлүктөн улам ислам баланы ага эрте жашынан эле тарбиялай баштайт. Буга олуттуу жана кылдат мамиле жасалып, кайдыгерликке жол берилбеши керек экенин Азирети Паигамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) төмөнкүчө баяндайт: «Балдарыңарга жети жашынан баштап намаз окуганды буйругула. Он жашында (эгер окубаса) бир аз какыс-кукус кылгыла, төшөктөрүн болсо бөлүп койгула.» (Абу Давуд) ..