ЖаңылыктарМакалалар

«Муну айтуу ар бир эркектин милдети!» Абдишүкүр ажы Садыбакас ажынын сөзүн бурмалагандарга жооп кайтарды

Аллахтын алдына жүзүм жарык барайын дегендерге күмүш сырга.

Бисмиллахир-Рохманир-Рохиим.

Аллах Таала Куранда:

“Эгер айыл элдери Аллахтан коркуп такыба болушса, аларга асман-жерден келчү берекенин эшигин ачып коймокпуз” – дейт. Аллахтан коркуп, Анын буйругун аткарып, тыюсунан тыйылган элге Аллах Таала ар тараптан береке эшигин ачып койот. Тескерисинче, Аллахты унутуп, күнөөгө батканда жашоодон береке качат. Биздин башыбызга келген балээ-кырсык, жашоодогу кыйынчылыктар, ата-бабабыз билбеген ооруулар, кургакчылык, сел, жер көчкү сыяктуу табият кырсыктары ж.б. баары өзүбүздүн жасаган күнөөлөрүбүзгө жараша болот. Мына ушунун ичинде кечээтен бери талкуу болуп жаткан “эттин кымбатчылыгы” да бар. Сөздүн кандай мааниде айтылганын анык түшүнүп туруп, ары-бери бурмалагандар, ачык денесин көрүнгөнгө көрсөткүсү келгендер, ачык денелерди көрүүнү каалагандар жана дин дегенде куйкасы куюшкан динсиз атеисттер.

Аялдардын, кыз-келиндердин абийиринин кымбаттыгы, алардын дене-мүчөсүн жаап-жашырып жүрүү зарылдыгы кайсы бир пенденин оюнан чыгарган жомогу эмес, бул Аллахтын буйругу. Ошон үчүн аялдарга карата акыл-насаат, эскертүү айтылып келген жана айтыла берет. Муну айтуу өзүн ыймандуу мусулман деп эсептеген ар бир эркектин милдети.

Аял киши өлгөндө беш кабат кепинделет. Эркектин кепини үч эле кабат болот. Аял кишини кабырга койордо жат эркектерди артка жылдырып, жакындарын гана калтырып, анан бирөө-жарымдын көзү түшпөсүн деп эки-үч адам чүпүрөк менен тосуп туруп көргө койот. Эмне, аялдарга намыс, ар деген өлгөндө эле керекпи?! Тирүүсүндө ушинтип дене-мүчөсүн жашырса болбойбу? Муну мен жума кутпаларында дайыма айтып жүрөм. Биздин айткандарыбыз Аллахтан корккон, туура жол издеген, сый-урматым менен жашап өтүп, Аллахтын алдына жүзүм жарык барайын дегендерге күмүш сырга. Ал эми бөйрөктөн шыйрак чыгарып, кандай жол менен болсо да динге асылып, динден кемчилик издегендер ар кайсы жерге башын тыкпай өз жолу менен жүрө бергени оң.

Абдишүкүр Нарматов.

Back to top button