Макалалар

Мухаммед Пайгамбар (САВ) – улуу реформатор

Мындан 1400 жылдан ашуун мурун 570-жылдын, аль-аваль айынын 12-рабисинде Курайш уруусуна караштуу Бану-Хашим уруусунун таасирдүү үй бүлөлөрүнүн биринде ымыркай төрөлөт. Аны төрөгөн Амина аттуу аял Курайш уруусуна таандык Бану-Зухра уруусунан болот.

Төрөлгөн  баланын атын ал Мухаммед (макталуучу)  деп коет. Мухаммедин (САВ) теги уланып олтуруп Ибрахим алейхиссаламга такалат. Атасы Абдуллах ал төрөлөөргө жакын каза болуп калат, 5 жашка чыкканда төрөгөн энеси Амина да аркы дүйнөгө узайт. Ошондон тарта аны чоң атасы Абд аль-Муталиб асырап чоңойтуп өстүрөт.

Буттарга, ар кандай өздөрү ойлоп тапкан кудайларга сыйынган доорлордо  Кудуреттүү Аллах маал маалы менен адамдар арасынан пайгамбарларды дайындап, алар аркылуу элди жакшылыктарды жасоого үндөп, Аллахтын жалгыздыгын таанууга чакырып  турган. Бузулган араб коомуна да акыркы Пайгамбар катары Мухаммеди (САВ) Элчи кылып жиберген, пайгамбарлык милдетти, элди исламга чакыруу милдетин алган   ошол мезгилде ал 40 жашта болчу.  Кыска мезгил аралыгында ал элдин аң сезимин  Куран жана исламдагы эрежелер аркылуу о.э. жеке асыл сапаттары аркылуу өзгөртүп туура жолго салууга жетишкен.

Бүгүнкү күндө Батыш маалымат каражаттарынын таасири астында көпчүлүк Мухаммед (САВ) Аллахтын сөзүн мажбурлоо, күч, согуш  менен адамдарга таңуулаган деген ойдо калууда. Чынында мынтип ойлонууга эч бир негиз жок. Мухаммед Пайгамбардын (САВ)  өмүр жолун астейдил карап, ал адамдарды кандай жол менен, эмнеге чакыргандыгын аңдап көрбөйлүбү.

Адилет  жана ишенимге бекем

Мухаммед (САВ) бала чагынан эле эл арасында мыкты адеп-ахлагы, ар кандай иште адилеттүүлүгү, чынчылдыгы менен кадыры арткан. Анын адилет  экендигине а түгүл душмандары да ишенип, мындай мүнөзүн чын ниеттен баалашчу.  Жамандыкка каршы турууда чынчыл болуу ийгиликтерге жетишээрин ал адамдарга такай айтып, ушул сыпатка чакырып келген.

Бир күнү ага бирөө келип көптөгөн жаман адаттардан арыла албай жаткандыгын, алардын бири калпычылык экендигин айтып жардам сураганда, Пайгамбар (САВ) адегенде ар иште чынчыл, адилет болуп, туура сүйлөп көнүү керектигин айтып кеңеш берет. Жардам сурап келген адам калп айтпоого убада кылып үйүнө кетет. Арадан аз күн өтпөй кайсы  уурулук кылууну аябай каалап, бирок уурдаган менен баары бир калп айтпай, чынын айтуу керектигин ойлоп, анан кайра уурулук кылуудан баш тартат. Башка жолу ал “оюмду кенен, тартынбай айтканыма жакшы” деген ниет менен шарап ичмекчи болот да, анысын деле баары бир чынчыл болуп кимдир  бирөөгө айтаарын ойлоп, шараптан да баш тартат. Мына ушунтип ал акырындап жаман адаттардан арылып, Аллахтын Элчисинин (САВ)  берген кеңеши менен мыкты сапаттардын ээси болот.

Мухаммед Пайгамбардын (САВ) адилеттүлүгүнө, тууралыгына мусулмандар гана эмес, башка диндегилер да ишеним артып кандайдыр баалуу мүлктөрүн “сактап бер” деп бере беришчү. Меккеден Мединага көчүп жөнөгөндө ал ал мүлктөрдү өз ээлерине берип коюусун өтүнүп Алини (Ага тынчтык болсун) чакырып  анын колуна өткөрүп бергени – Пайгамбардын (САВ) адилетүү чынчылдыгынын, сөзгө бекем экенинин айкын далили. Мына ушундай сапаты үчүн аны Ас-Сидик (адилеттүү) жана Аль-Амин (ишенүүгө татырлык) деп алкап турушчу.

Каабаны кайра оңдоо ишинде урууларды бириктирүү

Адамдардын үйлөрүн, көчөлөрдү, анын ичинде  Каабаны да сел, суу каптап кетет.  Кааба арабдарда ыйык жай катары саналгандыктан, уруулардын баары чогулуп, суу ташкынынын кесепетинен сыны кеткен ыйык жайды  оңдомок болушат. Оңдоп бүткөн соң Каабанын бир бурчуна кара ташты ( Хажр аль-Асвад, Адам ата менен Обо эненин заманынан берки сакталып келген таш) коюу ишине келгенде уруулар арасында “аны силер койбойсуңар..биз коебуз..” деген ызылдашып, талашуулар башталат. Анын  себеби “кара ташты” коюу да  өзүнчө бир кадырлуу  зыйнат иши эле. Талашып тартышып олтурушуп акыры ибадат жайга дарбаза аркылуу биринчи болуп кандай инсан кирип келчү болсо ошол ташты койсун деген пикирге келишет, баарды жардап карап турушканда, алыстан Мухаммед (САВ) басып келе жатканын көрүшүп, ташты коюу насиби ага ыйгарылат. Мухаммедин  (САВ) тууралыгына, адилеттүлүгүно баары ишенишчү, айткандай эле ал акылдуулук кылып бир кездеме алып келдирет да, ортосуна ташты коюп, кездеменин четинен ар уруунун башчылары кармашып, чогуу  көтөрүп таш коюлчу жерге чейин көтөрү барышканда, ташты Мухаммед (САВ) өз колу менен алып барып коет.

Мына ушунун өзү анын канчалык денгээлде кысталыш, талаш учурунда  маселени эч ким тарынбагыдай, адилеттүү, калыс чече билген касиетин көрсөтүп турат.  Мындан тышкары, келечектеги Пайгамбар Аллах тааладан исламды жайылтуу тууралуу  кайрылуу түшкөнгө чейин эле,  тар бир чөйрөнүн эмес, жалпы адамдардын кызыкчылыгын калыс чечүүгө белсенген ниетин, баарына теңчилик болуусун каалаган калыс сыпатын көргөзө алган.

Адамдардын сезимине жумшак мамиле кылуу

Аллахтын Элчиси (САВ) адегенде өзү үлгү болуп, сахабаларды айланасындагыларды “адамдарды урмат менен мамиле кылгыла, бардык иште өзүңөр жакшылыкты көрсөткүлө” деп үндөгөн. Демейде түшүм бышканда ага белек катары ооз тийип коюусун өтүнүп түшүмдүн мөмөсүн алып келишчү,  бир күнү кедей адам алакандай жеринен  алган түшүмүнөн биртке алып келип “ооз тийиңиз” деп айтат. Мухаммед (САВ)  мөмөнү колуна алып, оозуна салып жеп көрөт. Жанында олтурган сахабалардын бири “биз да ооз тийип көрөлү” деп сурайт, себеби мындай учурда Мухаммед (САВ) дайыма өзү жегенден башкаларга да бөлүшчү. Пайгамбар (САВ) бир саамга туруп, мөмө алып келген киши кеткенде жылмая жооп берет: Бул мөмө али быша элек,даамы бир аз кычкыл экен.  Эгер аны араңардан бирөөнөр жеп көргөндө ачырканып, бети-башын тырыштырмак, ошол жоругу менен  мөмөнүн ээсин таарынтып коймок”.  Бул окуядан көрүнүп тургандай, Аллахтын Элчиси (САВ) адамдардын ар бир мамилесине этияттык менен мамиле кылып, алардын көңүлүн оорутуп албаганга болушунча аракет кылган.

Жумуш кылган жумушчалырдан мээнетине көңүл буруу

Мухаммед Пайгамбар (САВ)  (ошол доордо) үйдө кызмат кылган кулдардын мээнетине, түйшүгүнө адилет мамиле кылуу керектигин дайыма баса белгилеген. Анткени ошол заманда колунда бар, бардар байлар кол астындагы кызмат өтөгөн кулдарда өтө заалымдык, кара мүртөздүк менен мамиле кылышчу.  Пайгамбар (САВ) болсо тескерисинче, өзүнүн төөсүн мамыга байлаганда да башкаларды убара кылбай өзү байлачу.

Аллах силерге тууганыңарды кол астыңарга кызмат кылуу үчүн берди. Кимдин кол астында ошондой тууганы бар болсо, ага кам көрүп,кийиндирсин, жеп-ичиндирсин, майыштырып катуу иш кылдырбасын.  Эгер оор жумуш тапшырган болсо, өзү ага кошулуп жардамдашсын”.  (Бухари)

Мына мунун өзү, башкаларды кордоп жумшоого болбостугунун, айрыкча кол астыңызда иштеген кызматкерлерге жумшак мамиле зарылдыгынын айкын мисалы. Тилекке каршы, биздин заманда ушул хадиске карама каршы иш кылган мисалдар арбын: кээ бир бардар, чөнтөктүү адамдар өзү  кожоюндук кылган  ишканадагы кызматкерлерге өтө кор, текебер мамиле кылышат. Бул Пайгамбардын (САВ) сүннөттүнө  каршы келет.

Жаныбарларга аяр мамиле

Мухаммед (САВ) адамдардын укугуна гана эмес, жаныбарлардын укугуна да өтө аярлык менен мамиле жасаган. Бирөө чымчыктын уясынан балапандарын алып кеткенин угуп Пайгамбар (САВ) “ал балапандарын энеси жаны жай албай издеп жаткан болуш керек байкуш..” деп санааркап,  жанагы кишини  балапандарды кайра уясына алып барып коюсун айтат. Анан да ал адам өз тамак-азыгы үчүн жаныбарларды сойгондо да өтө аео менен, жанын кыйнабай муздоо керектигин айткан.

Малды сойгонгондо башка малдын көзүнчө сойбогула. Кыйнап кайра-кайра кескилебей, шар жаны чыккыдай кылгыла” (Муслим)

Мухаммед (САВ) өзү жаныбарларга аео менен мамиле кылып, башкаларды да ошондой болууга үндөгөн. Эч ким ага чейин Мухаммеддей (САВ) болуп адамдарга, жаныбарларга кам көрүп тынчсызданган эмес болчу.

Аялзатын урматтоо

Ислам келгенге чейин арабдарда аязлзатына өтө кор,зомбулук менен мамиле жасалчу. Үй бүлөдө кыз төролчү болсо, анын пайдасы жок бирдеме дешип, эл укса уят дешип, жерге көмүп да салышчу. Аялдар үйдөгү мүлккө ээлик кылуу укугунан ажыратылып, аларды кулдардан кийинки эле орунда көрүшчү.

Калыптанып калган бул жапайы салтты Пайгамбар (САВ) Аллахтын айткан сөздөрүнө тууралап, аялдарга үйдөгү мүлктөргө ээ болуу укугун берип, алардын күйөөлөрүно аялынын мүлктөрүн каалагандай пайдалана берүүсүнө тыюу салган. Мындан тышкары, бэзели мурда болбогон эрежелерди кийирип,  аялдарына теңата мамиле жасоого, бала чакасын каралашып, багууга күйөөлөрүн  милдеттендирген. Эгер күйөөсү аялы менен ажырашууну талап кылса, аял калыңды өзүндө калтырууга укуктуу болгон жана эгерде үй бүлөлүк жашоосуна аял канааттанбай турган болсо, ажырашууга мүмкүндүк  берген жаңы диний эрежеден улам бул калоосун эркин аткара алган. Ислам келгенге чейин аялдар мындай кенен укукка ээ эмес эле, эркектер канча аял алгысы келсе ала беришкен, аялдарга малдай мамиле кылышып, уруп-сабашкан. Акыркы Пайгамбардын келиши менен баары өзгөрдү, аялдарды коргогон мыйзамдар пайда болду, шарият боюнча баарына тең карай ала турган денгээли болгондо гана эркектерге 4 аялга чейин  алууга уруксаат берген жаңы эрежелер пайда болду.

Хижаб маселсин айтсак, исламга чейин аялдар ачык-чачык кийинишип эркектер аларга сексуалдык моокум кандырчу  бир ургаачы макулук катары карашчу. Бирок Мухаммед (САВ) Аллахтын амири менен аялдарга эркектердин көзүнөн өзүн калкалап, аярлап мусулманча хижаб кийинип жүрүүсүн талап эткен мыйзамдарды коомго жар салды.

Айтор Пайгамар (САВ) мындай талаптарды коомго кийирүү менен аялдардын укугун, эркиндигин жакшырткан, анан калса бул эрежелерди ал таңуулап, күчтөп,зордогон эмес. Аялдар өздөрү да жаңы эрежелер өздөрүнө пайдалуу экендигин эң жакшы билип, аңдашкан.

Согуш учурундагы акыйкаттулук, калыстык

Мухаммедин (САВ) пайгамбарлык вазыйпасынын бирден бир максаты – Кудуреттүү Аллахтын Сөзүн калкка жайылтуу болгон. Ал максатты ишке ашырууда  ал мүмкүнчүлүктүн болушунча тынчтык жолу менен динди жайылтуу камын көргөн.  Маселен, Пайгамбарды (САВ) кордоп, ташбараңга алып, жаман ахвалга жеткиришкенде  Жабрайил периште ага Таиф тоосуна аны кордогондорду алпарып тыптыйпыл кылып жиберүү сунушун айтканда, Мухаммед (САВ) ага макул болбой, динди толук түшүнбөй  душман болуп жаткан адамдарга мээримдүүлүктү Аллахка ишенүүнү тилеген.

Меккеде  алгач мусулман болгондор бутпарастардын жек көрүүлөрүнө кабылып, куугунтукталып, а турсун карөзгөй адамдар Аллахтын Элчисин (САВ) өлтүрөбүз деп камынышканда, ал мусулмандар менен бирге Мединага көчүп кетүүго мажбур болгон. Исламга каршы болгон динсиздер ага да болбой, Меккеде калып калган мусулмандарга зулумдук көрсөтүшкөндө  Мединадагы мусулмандар аргасыз согуш жолу менен коомго тынчтык алып келүү тагдырына баш ийишкен.

Согушуу  аргасыздыгы келип чыкканы менен, Пайгамбар (САВ) ошол согушуу учурунда да  сахабалардан  адилет эрежелерди, талаптарды сактоого чакырган:
Аллахтан гана жардам суроо 

  • Дароо эле согушуп кирбей, адегенде маселени сүйлөшүү жолу менен жайгарууга аракет кылуу. 
  • Эгерде согушуу зарылдыгы баары бир турган болсо, ошондо да калыс, адилеттүү болуу. 
  • Өлгөн адамдардын  денелерин  кордобоо.
  • Аялдарга, балдарга, карыларга, оорулууларга залал келтирбөө. 
  • Башка динди карманган кечилдерге, дубаналарга, дин кызматкерлерине тийбөө. 
  • Басып алынган жерлердеги элди талап-тонобоо, элди жакырлантпоо, эгин-тегиндерин, мөмө дарактарын тартып албоо, кыйратпоо.
  • Колго түшүп  жан соогалаган душманды кун төлөнгөн соң кое берүү.
  • Курчоодо  калган душмандарды өлтүрүп салбай, тынчтыкка келүүсүнө, макул болуусуна мүмкүндүк берүү.

Мусулмандар каапырлар менен согушуп Меккеге  кирген соң  исламда көргөзүлгөн жогорудагы акыйкаттуулуктарды карманып, айкөлдүк, мээримдүүлүгүн көргөзүшкөн.  Мунун өзү сонку кезде мусулмандарды кан ичкич, баскынчы катары көрсөтүп жаткан пикирлерди  жокко чыгарат.  Айыпсыз бейкүүнөө адамдарды өлтүрүп, гумандуулуктун бүт принциптерин тепсеп,  согушуп жаткандар – чыныгы ислам жолундагылар эмес, анткени алар мындай корс, орой кадамдары менен Аллахтын мыйзамдарына каршы иш кылып жатышат.

Биздин Пайгамбардын (САВ) таң калаарлыктай, керемет сапаттарын дүйнөгө белгилүү ойчулдар, ислам дүйнөсүнөн башка маданияттын аалымдары  тамшана баалап баа беришкен. Мисалы, индия элинин диний лидери Махатма Ганди  Мухаммеддин (САВ) динди жайылтуудагы эң бир асыл сапаттары  кылычтан да өткүр, таасирдүү болгонун белгилеген.

Сөз соңунда эмне деп айтууга болот?  Мухаммед пайгамбар (САВ) миллиондогон адамдардын тагдырын  адеп-ахлак жагынан, социалдык жагынан  түп тамырынан бери жакшы жагына өзгөртө алган. Бекеринен аны жер жүзүндө мурда-кийин жашап өткөн, жашап жаткан исандардын арасындагы эң улуу, залкар, кайталангыс реформатор катары сыпатташпайт чыгаар.

Булак
"IslamLife"
Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Close
Close

Adblock Detected

Please consider supporting us by disabling your ad blocker