Аңгемелер

МУГАЛИМ КИМ?

Адилеттүүлүгү менен бүткүл мусулмандарга өрнөк болгон,атактуу Харун ар-Рашид аттуу падыша өз өлкөсүндөгү эң илимдүү аалымдарды жыйып, алты жаштагы ханзаадасына эмнени мурастасам болот деп собол узатат. Илим ээлери ары ойлонуп, бери ойлонуп отуруп, акыры арасынан эң көсөмү чыгып:
-Өкүмдарым,балаңызды бул жерге алып келип,энеден туума жылаңач кылыңыз,-дейт.
Падыша олуянын айтканын кылган соң:
-Эми ушул тестиер балаңызга эмнени берсеңиз, кайра ала албайсыз, -деп падышага кайрылат.
-Ал эмне экен? Байлыкпы же бийликпи?
-Падышам, байлыкты ууру алып кетиши мүмкүн, бийлигиңизге же мансабыңызга кепилдик жок. Бул жалганда үч нерсе бар, баланы жылаңачтап кетсе да,ал өзүңдө кала берет.
Карыянын айткан насаатына кулак төшөп,биз да жашообузда ушул үч нерсеге аракет кылалы,урматтуу туугандар! Бул насаат балдарга да,ата-энелерге да пайдалуу.
Биринчиси-илим-билим, анткени билимдүү киши эч качан кор болбойт, анын алган билими өмүр бою жашоосунда чырак болуп берет.
Экинчиси- өнөр, өнөрлүү өлбөйт деген жөн жерден чыккан сөз эмес. Замана олку-солку болгон чакта да,кесибиң жардам бере албай калган учурда, үйрөнгөн өнөрүң ошол абалдан куткарат. Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат,ошондуктан канчалык көп кырлуу өнөргө ээ болсон-ошончолук жакшы.
Үчүнчүсү-туура багыт,себеби канчалык адам билимдүү болбосун, канчалык колунан көөрү төгүлгөн адам болбосун, эгерде туура багытта жүрбөсө, адеп-ахлагы жок болсо, анда эч кандай пайда жок.
Ушул үч нерсеге жетүүдө мугалимдин орду абдан чоң,анткени чыныгы мугалим бир гана билим берип тим болбостон,туура багыт көрсөтүп жана өнөр үйрөткөнгө да себебчи болот. Ааламда миңдеген кесиптерди дарактын бутагына салыштырсак,ал эми мугалимдик кесип дал ошол дарактын тамыры болуп эсептелет. Дүнүйөдө бир да мугалимдин кол астынан өтпөгөн адам болбосо керек,анткени мугалим деген наамга бир гана мектепте же жогорку окуу жайда сабак берген киши эмес,а балким ар бир насаат берүүчү, туура жол көрсөтуучу ата-эне да татыктуу.
Мугалимдик кесип-өтө оор,машакаттуу жана жоопкерчиликтүү кесип. Анткени даарыгердин кемчилиги бир адамдын өмүрүн алса, ал эми мугалимдин кемчилигинен бир улуттун келечеги талкаланып калуусу толук ыктымал. Мугалимге карата сый-урмат илгертеден элибизде бекемделип, жадагалса ата-бабаларыбыз өз баласын агай-устазга тапшырып жатканда: «Сөөгү биздики, эти сиздики», -деп мугалимдин каттуу тарбиясына да чыдаган.
Залкар жазуучу Чынгыз Айтматовтун «Биринчи мугалим» чыгармасындагы Дүйшөн элдик баатырга айланып, нечен деген мугалимдерге чыныгы мугалимдиктин эталонуна айланганы да жөн жерден эместир. Азыркы мезгилде өкүнүчтүүсү мугалимдерге болгон мамиле бирааз суздашып, коомчулук мугалимдерди сыйлоодо чабалдык кылып жатканы байкалат. Мугалимдик кесипке кызыккандар да азайгансыйт.
Мугалимге болгон урматыбыз бир гана октябрдын биринчи жумалыгы менен чектелип жатканы зээн кейитет.Негизи мугалим күндө сыйланууга тийиш. Буга Жапониядагы мугалимдерге тиешелүү окуяны баяндап кетсек ашыкча болбос.
Жакында бир мугалим Жапонияга контракт менен иштегени барат. Ал жактагы кесиптештеринен мугалимдер күнү Жапонияда кайсыл күнү белгиленет деп сурайт. Жапонияда расмий мугалимдер күнү жоктугун угуп , кантип эле билимдүүлүк жактан эн жогорку денгээлде болгон , эн эмгекчил деп аталган жапондордо мугалимдер күнү жок болсун деп таныркайт.
Бирок жумуштан кийин ал киши жапон кесиптеши менен метрого түшөт. Вагондо адам жык болгон бир убакта жашы картайган бир киши орун бергенге шашат.Өзүнөн бир топ улуу киши орун бергенине тан калып, канчалык баш тартсада, а бирок карыя оз ордун мугалимге берет. Метродон чыккан сон мугалим жапон кесиптешинен болгон окуянын сырын сурайт.
-Ал сенин көкүрөгүндөгү мугалимдик белгиңи көрүп, орун берди.Анткени бизде мугалимдер эн сыйлуу адамдар, -деп жооп берет.
Конокко бараткан соң дүкөнгө кирип, майда-чүйдө ала баралы деп кайрадан келгин мугалим сунуш киргизет. Анда жапөниялык атайын мугалимдер үчүн ачылган дүкөндү көрсөтөт. Көрсө Жапонияда атайын мугалимдер үчүн башка дүкөндөрдөн бир топ баалары арзан дүкөндөр ачылган экен. Эгерде кайсыл бир дүкөн же ашканага мугалим конок катары келсе, ал мекеменин башчысы ал нерсени чон сыймык жана урмат катары кабыл алат экен.
Ушул нерсенин баарын көргөн киши жапондорго мугалимдер күндүн кереги жок экендигин баамдайт, анткени мугалимдер жылдын бир күнүндө гана эмес, күн сайын урматталып турууга тийиш.
Чыныгы мугалим бир гана өз предметин мыкты билбестен, мыкты психолог болуусу да шарт. Анткени мугалимдин негизги максаты мыкты окуучуну гана чыгаруу эмес,жашоодо эң көркөм адеп-ахлакка ээ инсанды тарбиялоо. Мугалим болуу оной көрүнүшү мүмкүн ,а бирок чыныгы тарбиячылык-бул Жараткандан берилген чоң өнөр. Ар бир балага өзүнчө усул колдонуп, аларды камыр илегендей илеп, туура багытка коюу, ар бир балага өз алдынчалыкты үйрөтүү, потенциалын ача билүү- мугалимдин эн башкы максаты.
Дүнүйөдө кайсыл өлко өз жылдык бюджетинин көпчүлүк бөлүгүн билим берүүгө жумшаса-ал өлкөнүн өнүгүүсү да бир топ жогору. Азыркы учурда билим берүүгө эн көп акча короткон олкөлөрдун катарына АКШ, Жапония, Германия өлкөлөрү кирет. Жер планетасында 8 млн мугалим жетишпейт.Мектептеги мугалимдердин 68% аял кишилер түзсө, ал эми Жапондордо аялдардын үлүшү 39%ды гана түзөт. Жапон мугалимдердин дагы бир өзгөчөлүгү-алардын башка өлкөлөрдүн мугалимдеринен бир топ көп убакытын мектепке арнаганында. Мисалга жапон мугалимдери орточо алганда бир жумада 54 саат иштешет. Бирок мамлекет сегиз гана сааттык жумушту толоп бергенин эске алалы.
Жакшы мугалим болуунун формуласын да даанышмандар илгертен эле белгилеп кетишкен. Жакшы мугалим болуш үчүн учурунда жакшы окуучу болуш керек. Ошондуктан мугалимге жакшы мамиле кылып, ага көмөктөшүп, үлгүлүү окуучу болуу- ар бир өзүн урматтаган, келечекте жакшы инсан болом деген баланын милдети. Ар дайым мугалимдерге, дегеле улууларга кандай мамиле кылсак, биздин ата-энебизге, ага-эжелерибизге да башкалар дал ошондой мамиле кылуусун унутпайлы. Жашоо-бумеранг сымал, сен кандай амал кылсан да-ал кайрылып кайра дал ошондой жооп кайтарат!

Ачкыч сөздөр
Улантуу
WhatsApp группабызга кошулуңуз!

Эми биздин маалыматтарды Whatsapp аркылуу окуй аласыздар.

Бизге жазылуу үчүн +996700334493 номерине кайрыңыздар!

-БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ-

Тектеш темалар

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button
Close
Close