alternatetext Багымдат: 04:22 | alternatetextКүн чыгуу: 06:06 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:56 | alternatetextКуптан: 21:43
ЖаңылыктарМакалаларРубрикасыз

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин улуу Курман айт майрамына карата куттуктоосу

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим!Ассалааму алайкум ва рохматулоохи ва барокаатуху!

Урматтуу мекендештер, кымбаттуу бир тууган мусулман агайындар, ага-ини, эже-карындаштар! Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын атынан жана ошондой эле өзүмдүн атымдан бардык кыргызстандыктарды улуу Курман айт майрамы менен куттуктап коюуга уруксат этиңиздер. Майрамыбыз берекелүү болуп бардыгыбызга, тынчтык, бейпилчилик, молчулук алып келсин.

Эзелтеден эле Курман айт майрамы адамзаттын баа жеткис байлыгы, дөөлөтү: тынчтыкты, ынтымакты, боорукердикти жана кайрымдуулукту чагылдырган мусулмандардын башкы майрамдарынан болуп эсептелет.

Биздин мамлекетибизде Курман айт коомубуздун турмушундагы маданий жана руханий баалуулуктарды өнүктүрүүдө, тынчтыкты, ынтымакты чыңдоодо маанилүү орунду ээлейт. Коомду руханий жактан тазалоого, жаңы муунду патриоттук сезимде тарбиялоого жана адеп-ахлактын принциптерин сыйлоого көмөк көрсөтөт.

Мусулмандар кайрымдуулук иштерине, үй-бүлөлүк баалуулуктарды чыңдоого жигердүү катышуу менен, улуттар аралык жана диндер аралык өз ара аракеттешүүнүн өнүгүүсүнө зор салымын кошуп келет.

Куттуу Курман айт майрамы Алла Таала тарабынан берилген жана ал ички тазалыктын, жакшылыктын, кайрымдуулуктун, жоомарттыктын, жакындарга болгон боорукерликтин жана камкордуктун салтанатын чагылдырат. Бул күндөрү жетим-жесирлерге, кары-картаңдарга, майыптарга жана жалпы эле муктаждарга көрсөтүлгөн жардамдар жүрөктөрдү жакшылык жана ыраазылыкка толтуруу менен бийик сезимдерди ойготот. Алла Таала бардык дуба, тилектерибизди кабыл кылуу менен, берекесин жаадырсын! Мамлекетибизде ар дайым тынчтык, ынтымак жана биримдик болсун!

Жалпы кыргызстандыктарга чың ден-соолук, ийгилик жана аманчылык каалайм!

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button