Жаңылыктар

Муфтият жардамга муктаж 575 жаранга 1 миллион 725 миң сом битир-садака таратты

Кыргызстандын Мусулмандарынын Дин Башкармасы жардамга муктаж 575 жаранга 1 миллион 725 миң сом битир-садака таратты

13-июнда Кыргызстандын Мусулмандарынын Дин Башкармасы улуу Рамазан айында элден чогултулган битир-садаканы жардамга муктаж 575 жаранга таратты.

Муфтиятка калктын аярлуу катмарынан жардам сурап, Рамазан айында арыз менен кайрылгандардын саны 575 адамды түздү. Мунун негизинде атайын түзүлгөн комиссиянын көзөмөлү менен колунда жок, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген ар бир жаранга 3 миң сом өлчөмүндөгү жардам чегерилип, жалпы суммасы 1 миллион 725 миң сом таратылды.
Белгилей кетсек, чогултулган битир-садаканын 50 пайызы жергиликтүү мечиттерде, 15 пайызы райондук хатибияттарда, 15 пайызы облустук казыяттарда жана 20 пайызы муфтиятка бөлүнөт.

Ачкыч сөздөр
Улантуу
WhatsApp группабызга кошулуңуз!

Эми биздин маалыматтарды Whatsapp аркылуу окуй аласыздар.

Бизге жазылуу үчүн +996700334493 номерине кайрыңыздар!

-БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ-

Тектеш темалар

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button
Close
Close