alternatetext Багымдат: 04:33 | alternatetextКүн чыгуу: 06:14 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:51 | alternatetextШам: 19:51 | alternatetextКуптан: 21:36
АалымдарЖаңылыктар

Муфтият: Садыбакас ажынын айткандарын териштиребиз

Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы (муфтият) Бишкек шаарынын Свердлов районунун баш имам хатиби Садыбакас Дооловдун социалдык тармактарда талкуу жараткан видеосуна байланыштуу териштирүү жүрө турганын кабарлады.

“Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы Садыбакас ажы Дооловдун айткандары боюнча тактоо иштерин жүргүзөт жана видеодогу сөздөр кандай максатта айтылгандыгын териштирет”, — деп белгиленген билдирүүдө.

6-июлда бир катар жергиликтүү басылмалар диний ишмер Садыбакас Дооловдун видеосун жарыялашкан. Анда имамдын ачык кийинген кыз-келиндер тууралуу кеп кылып, «аялдын эти арзандаганы үчүн, койдун эти кымбаттады» деп айтканын көрүүгө болот.

Садыбакас Доолов ал видео жөнүндө “Азаттыкка” кыскача комментарий берди. Ал сөзү “контекстен үзүлүп алынып, мааниси бурмаланып калганын” айтууда.

“Эт кымбаттады дейсиңер, ал жерде ар бириң өзүңдүн мүнөзүңдү, адебиңди, тарбияңды таразалап көр. Жөн эле падышага, элге, базарга шылтай бербей дегем. Эт кымбаттады дейсиңер бирок аялзатынын, апалардын, эжелердин денелери ачык жүргөндө эмнеге намыстанбайсыңар деген сөздөр бар болчу”, — деген Доолов насааты кыз-келиндерди басынтуу үчүн айтылбаганын кошумчалады.

Муфтияттын сайтындагы маалыматта Садыбакас Доолов 2021-жылдары Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү болгону жазылган. 2020-жылы ошол кездеги муфтий Максат Токтомушев Дооловго муфтияттын эң жогорку даражадагы «Айкөл» орденин тапшырган.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button