alternatetext Багымдат: 04:33 | alternatetextКүн чыгуу: 06:14 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:51 | alternatetextШам: 19:51 | alternatetextКуптан: 21:36
Жаңылыктар

Муфтият 2019-жылдын Рамазан айындагы фитир-садаканын өлчөмүн бекитти

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы тарабынан Кыргызстан мусулмандары үчүн битир-садаканы берүүнүн, жыйноонун жана шариятка ылайык жумшоонун тартиби бекитилди. Бул тууралуу муфтият кабарлайт

Битир берүү (белгиленген өлчөмдө) — ар бир колунда бар адамга важиб (важиб-парз сыяктуу такай аткарылышы талап кылынбаган, бирок күчтүү далилдер менен аныкталган иш-аракет жана милдеттер. Мисалы, курмандык чалуу, витир намазын, айт намаздарын окуу жана битир садакасы сыяктуулар). Анткени Пайгамбарыбыз (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун:)

“Садака-фитирди чоңу-кичинесине, аял-эркегине карабастан ар бир жанга берүү керек”, — деп бекиткенин азирети Умар айткан.

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы садака-фитирди берүүнүн төмөнкү тартибин бекитет:

1.Садака-фитир жан башына 1кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 кг 200 грамм (арпа, курма) же анын акчалай наркы берилет. Ар бир казыяттардын берген маалыматтарына таянып ар жан башына садака-фитирдин 2019-жылдагы баасы төмөнкүдөй бекитти.

Буудай Мейиз Ун Арпа Курма
Орточо баа 21,87 сом 240 сом 25 сом 15 сом 150сом
Өлчөм 1,600 1, 600 1, 600 3, 200 3, 200
Жалпы(Садака-фитирдин баасы) 35сом 384 сом 40 сом 48 сом 480сом

Эскертүү: Садака-фитир берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел.

Бааларды туруксуздугуна  байланыштуу, садака-фитирди берген учурда 1 кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 кг 200 грамм (арпа, курма) баасына көңүл бурууңуздарды эскертебиз.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button