27.1 C
Bishkek
18.07.2025
Жаңылыктар

Муфтият 2019-жылдын Рамазан айындагы фитир-садаканын өлчөмүн бекитти

Битир берүү (белгиленген өлчөмдө) — ар бир колунда бар адамга важиб (важиб-парз сыяктуу такай аткарылышы талап кылынбаган, бирок күчтүү далилдер менен аныкталган иш-аракет жана милдеттер. Мисалы, курмандык чалуу, витир намазын, айт намаздарын окуу жана битир садакасы сыяктуулар). Анткени Пайгамбарыбыз (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун:)

“Садака-фитирди чоңу-кичинесине, аял-эркегине карабастан ар бир жанга берүү керек”, — деп бекиткенин азирети Умар айткан.

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы садака-фитирди берүүнүн төмөнкү тартибин бекитет:

1.Садака-фитир жан башына 1кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 кг 200 грамм (арпа, курма) же анын акчалай наркы берилет. Ар бир казыяттардын берген маалыматтарына таянып ар жан башына садака-фитирдин 2019-жылдагы баасы төмөнкүдөй бекитти.

Буудай Мейиз Ун Арпа Курма
Орточо баа 21,87 сом 240 сом 25 сом 15 сом 150сом
Өлчөм 1,600 1, 600 1, 600 3, 200 3, 200
Жалпы(Садака-фитирдин баасы) 35сом 384 сом 40 сом 48 сом 480сом

Эскертүү: Садака-фитир берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел.

Бааларды туруксуздугуна  байланыштуу, садака-фитирди берген учурда 1 кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 кг 200 грамм (арпа, курма) баасына көңүл бурууңуздарды эскертебиз.

Related posts

Нух кемесин жасап чыгышты

admin

Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев БТК төрагасы Бакыт ажы Нурдинов менен биргеликте пайдубалы түптөлүп жаткан казыяттан кабар алышты

Бишкек шаарынын казысы Самидин кары Атабаев Октябрь райондук администрациясында өткөн жыйынга катышып, бир топ маселелерди талкуулашты

Leave a Comment