Атактуулар ааламыПайдалуу кеңештер

Муфтий Максатбек ажы Токтомушевден Топ-5 китеп

Эгер сиз жайкы эс алууга чыгып, китеп окууну каалап, бирок кандай китепти окуу керектигин чече албай турасызбы? Биз сиздерге Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев өзү окуп жана окурмандарга сунуштаган 5 китепти сунуштайбыз. Балким бул китептер сиздердин да купулуңуздарга толуп,аларды окуп көргүңүз келеттир.

Максатбек ажы Токтомушев

1- “Хидаятуль Куран” китеби. Аталган китеп Курандын кыргызча котормосу жана анын тафсири болуп эсептелинет. Бул китеп, 2012-жылы басылып чыгып, Курани Каримдин кыргыз тилине алгачкы жолу которулган тафсири, тактап айтканда, Куран аяттарынын маани-маңызы, түшүү мезгилин, себептерин баяндайт.

Хидаятуль Куран

2- “Ханафий мазхабынын жол башчысы Имам Аъзам менен таанышуу” китеби. Бул китепте аты айтып тургандай эле ханафи мазхабынын негиздөөчүсү, улуу аалым Имам Аъзамдын өмүр таржымалы жана ишмердүүлүгү тууралуу жазылган.

Ханафий мазхабынын жол башчысы Имам Аъзам менен таанышуу

3- “Сахабалар тарыхы” китеби. Аталган китептин авторлору – Равшан ажы Эратов менен Жолдошбек ажы Абдылдаевдер. Бул китеп сахабалардын үлгүлүү жашоосун чагылдырат.

“Сахабалар тарыхы”

4- Абдишүкүр ажы Нарматовдун авторлугунда “Өчпөс өмүр” китеби. Бул китеп сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухамеддин (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) өрнөктүү өмүр жолун чагылдырат.

“Өчпөс өмүр”

5- В.Мокрынин менен В.Плоскихтин авторлугундагы бул китептен мекенибиз Кыргызстандын тарыхынан азыноолак кабардар боло аласыздар.

Кыргызстан Тарыхы

Булак
ummamag.kg
Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Close
Close