Орусиянын борбор шаары Москвада Осмон армиясын чагылдырган штаб курулуп, ал мезгилдин аскердик жашоосу түшүндүрүлдү.
Тверской бульварындагы паркта уюштурулган «Замана жана доор» темалуу Тарыхты чагылдыруу фестивалына Түркиядан ыктыярдуу топ катышты.
«Ордугах тарыхый чагылдыруу» тобу, символдук мааниде курулган штабдагы чатырда Осмон аскерлеринин жашоосун жана согуш ыкмаларынан мисалдарды жандандырды.
Осмон аскерлеринин чыныгысына жакын кийимдерин кийген топтун мүчөлөрү, Осмон пашасы, йеничери, сипахи жана соодагерлерди өкүлдүк кылышты. Программада жортуул учурунда Осмон аскерлеринин бир күндүн ичинде эмне кылгандарын түшүндүргөн жандандыруулар да болду.
Чагылдыруу оюндарын кызыгуу менен көргөн орусиялыктар аскер кийимчендер менен фотосүрөткө түшүштү.