alternatetext Багымдат: 04:20 | alternatetextКүн чыгуу: 06:05 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:57 | alternatetextКуптан: 21:44
ВидеоЖаңылыктарФото

Москвада кыргыз жаштары жарамазан айтышып, чогулган акчаны ооруп жаткан мекендешибизге беришти

https://m.youtube.com/watch?v=TOtCxmrEfaM

Кечээ, 11-июндан 12-июнга оогон түнү Россиянын борбору Москва шаарында эмгектенип жатышкан кыргыз улан-кыздарыбыз өз ара демилге көтөрүшүп, ошол эле Москвада кафе, чайкана, ресторан иштетишкен, соода түйүндөрүн жетектеген, медициналык борборлорду уюштурушкан мекендештерибизге жана Москвадагы кыргыздардын маданият үйүнө жарамазан айтышты.

Мындай саамалык менен алыста жүрүшкөн мекендештерибиз ортодогу өз ара ынтымакты дагы бир ирет бекемдешип, кыргыздар кайда болбосун шайыр, каада-салтын сактаган, жакшылык-жамандык күндөрдө ар дайым бирге боло алышкан улут экенин тастыктоо менен сыймыктана алышаарын иш-чараны уюштуруучулардын бири Зулпидин Нурматов билдирди.

З.Нурматов маалымдагандай, жарамазан айтуудан түшкөн каражатты толугу менен Москвада ооруп жаткн мекендешибиздин атасына беришкен.

Кайрымдуулук жарамазанындан түшкөн акчаны ооруп жаткан Мухидин инибизге беребиз деп чечкенбиз. Элден айланса болот, жалпысынан 55200 рубль акча чогулду жана ал акчаны Мухидин инибиздин атасы Тажидин акеге толук тапшырдык. Мухидин инибизге Аллах шыпаа берсин!, -деген Зулпидин Нурматов жарамазанчылардын атынан Москвадагы кыргыз ишкерлерине ыраазычылыгын айтат.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button