Биздин сайтыбызда иштөөнү жакшыртуу үчүн cookies колдонобуз. Биздин эрежелерге макулсузбу?
Макулмун
Formula.KGFormula.KG
Окулуп жатат: Миллиарды жок миллиардер
Бөлүшүү
Эскертмелер Көбүрөөк көрсөт
Акыркылар
Сасык тумоо курч, респиратордук ооруларды айыктыруунун жолу
Рубрикасыз
Нан уурдаган өспүрүм
Аңгемелер Таасирдүү окуялар
Кыргызстандык кары дүйнөлүк Куран жарышта 2-орунду багындырды
Жаңылыктар
Тогуз күн (202 саат) 7 кабаттуу үйдүн астында калган үй-бүлөнүн окуясы (ВИДЕО)
Видео Медиа Таасирдүү окуялар
Молдо Кылыч: «Зилзала» 1911-жыл.
Ырлар
Аа
Formula.KGFormula.KG
Аа
Авторизация Кирүү
Катталыңыз
  • Advertise
© 2022 FormulaMediaGroup. All Rights Reserved.
Formula.KG > Blog > Аңгемелер > Өрнөктүү өмүрлөр > Миллиарды жок миллиардер
Өрнөктүү өмүрлөр

Миллиарды жок миллиардер

admin
Жаңыланды: 2023/01/14 at 1:57 ТЧ
admin  - Charlestreri
Бөлүшүү
Бул «Duty Free” компаниясынын негиздөөчүсү. Ал 91 жашта, анын байлыгы 7,5 миллиард доллардан ашкан. Бирок, ошого карабай анын унаасы жок, эконом-класс менен учуп, ижарага алынган батирде жашайт. Чак Фини 15 долларлык электрондук саат тагынып, бырышкан көйнөк кийип жүрөт. Ал кичи мекени Ирландияга барса жөнөкөйлүгүн көрүп алышып аны америкалык турист деп эле ойлошот.
Ал ресторандарга барбай ашканалардан тамактанып, кымбат бренддүү кийимдерге кызыкпай кадимке эле базарлардан кийингенди артык көрөт жана ошондой эле бир жерге жетүү үчүн метро же таксини пайдаланат.
Чак Фининин бул кылыгын көрүп алып аны тыйынга зар сараң, зыкым адам деген ойлор келсе керек. Бирок, ал акыркы 30 жылда 6 миллиард доллардан ашык каражатты кайрымдуулукка жумшаганын укканда чындыгында кандай адам экенин түшүнөбүз. Бул кайрымдуулук АКШ, Вьетнам, Австралия, Түштүк Африка, Ирландия жана Бермуд аралдарында билим берүү, саламаттыкты сактоо, илим жана карылар үйлөрүн тейлөө кызматтарынын сапатын жогорулатууга жумшалган.
Мындан тышкары, бул экстраваганттуу адамды байлык эле эмес, даңкда кызыктырбайт экен: миллиарддаган акчасын берип жатып, көмүскөдө калууга аракет кылган. Алгачкы 15 жыл ичинде кайрымдуулугун жашыруун ийгиликтүү ишке ашырган, анын бул иштери жөнүндө эч ким билчү эмес. Кийинчерээк бул берешен адамды ким экенин аныкташкан, бирок ошого карабай Фини өзүн өтө жөнөкөй адам катары алып жүрдү. Анткени, ал 2012-жылга чейин 5ге жетпеген эле өзү боюнча интервью бергени белгилүү.
Чак Фини укмуштуудай адам. Ал бир нече жылдын ичинде эле 27 өлкөдө 200 миңдей кызматкери бар компанияны түбүнөн түптөгөн. Анын кирешеси эбегейсиз өскөн, бирок кирешенин көбү ошол замат анын “The Atlantic Philanthropies” кайрымдуулук фондуна которулуп турчу.
«Мен берген каражаттын эсебинен бир нерсе жаралып жатканын көрүп, мисалы оорукана дейли, ошондон ырахат алат экениме ынандым. Чогулган акчаны банктык эсепке салып, анын топтогондон топтой бербей, аны жакшы иштерге жумшоо логикалык эле нерсе эмеспи”, — дейт Фини.
Азыркы учурда Фининин капчыгында эки миллиондой доллар бар. Ал бул каражатты көп жылга жеткизерин айткан.

АВТОРУ: Экер Эсенбаев
admin 14.01.2023
Макаланы бөлүшүңүз
Facebook Twitter Whatsapp Whatsapp VKontakte Telegram Шилтемени көчүрүү Басып чыгаруу
admin
By admin Charlestreri
Катталуу:
https://t.me/pump_upp
Мурдагы макала Имам Аазам: «Аллах асманда» деп айтканбы?
Кийинки макала Намазда Фатиха сүрөсүнөн кийин «амийн» кандай айтылат?
Пикир калтырыңыз Пикир калтырыңыз

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

Катталыңыз

© 2022 FormulaMediaGroup

Окуу тизмесинен өчүрүү

Баш тартуу
Ассаламу алайкум!

Авторизация

Сырсөздү унттуңузбу?