Медреседегилерге англис тилин тандоодон өткөн мугалимдер үйрөтөт.
Буга чейин «Улуттук китеп аркылуу англис тилин үйрөнүү» долбоорунун алкагында 2014-2016-жылдары Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй облустарында жана Ош шаарындагы диний окуу жайлардын мүдүрлөрү, мугалимдер жана казыят кызматкерлерин кошкондо, жалпысы 24 адам окутулган.
Медреседегилерге англис тилин тандоодон өткөн мугалимдер үйрөтөт.
«Бул процессти ишке ашыруу үчүн долбоордун 1-этабында англис тилин мыкты өздөштүргөн мугалимдер маектешүү аркылуу тандап алынат. Аларга төрт күндүк методикалык сабактар өтүлөт. Андан соң, сабак өтүүгө даяр болгон мугалимдер долбоордун окутуучусунун жардамы менен медресе окуучуларына англис тилин үйрөтүп башташат», — деп айтып берген «Чет тилчи мугалимдердин бирикмеси» форумунун президенти Асел Доромбаева.
Маалымат кызматы англис тилин окутуу үчүн колдонмо катары кыргызча китеп даярдалып жаткандыгын, ага дин боюнча тексттерди киргизүү процесси муфтияттын адистери менен биргеликте каралып чыгарын кошумчалады.
«Спутник»