alternatetext Багымдат: 04:20 | alternatetextКүн чыгуу: 06:05 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:57 | alternatetextКуптан: 21:44
ВидеоЖаңылыктарКитептерМедиа
Эң мыкты

Махмуд Кашгаринин атактуу чыгармасы реставрацияланды (ВИДЕО)

Махмуд Кашгари — он биринчи кылымдагы түрк калктарынын чыгаан энциклопедист окумуштуусу, тилчи, тарыхчы-этнограф, географ, картограф, диалектолог, этнолог.

Махмуд Кашкари Барсканинин кайда өлүп, кайда көмүлгөнү белгисиз. Анын арап тилинде жазылган “Дивану лугати т-түрк” эмгеги орто кылымдарда Евразияны байырлаган түрк элдеринин тили, этнографиясы жана тарыхы тууралуу соолбос булак.

«Дивану лугати т-түрк» учурда Түркиянын борбору Стамбул шаарындагы улуттук китепканада сакталууда. Жакында бул китепти реставрациялоо жана ордун которуу иштери тартылган тасма жарыяланды.

1072-1077-жж. аралыгында «Түркий тилдер сөз жыйнагы» («Диван лугат ат-турк») чыгармасын араб тилинде жазган. Кашкардын жанындагы Махмуд Кашгаринин күмбөзү делген эстелик – орто кылымдардын кеч мезгилине таандык. Аны Кашгаринин мүрзөсү катары кароого болбойт.

Азыр Барскан шаарынын урандылары Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон кыштагынын жанында жайгашкан.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button