Басра шаарында бир Кудайдан корккон такыбадар инсандын ажалы жетип өлүм төшөгүндө жатты. Анын бул дүйнө менен кош айтышаарын билген туугандары тегеректешип алып ыйлап жатышты. Алардын ага ушунчалык ыйлашканын көрүп:
— Мени төшөктөн чыгарып олтургузгулачы – деп суранды. Туугандары анын өтүнүчүн дароо орундатышты. Анда ал атасына карап:
— Оо атаке сизди эмне анчалык ыйлатып жатат? – деди. Атасы баласына көзүнөн жашы токтобой:
— Ай балам ай, сени жоготуп, өзүм жалгыз каламбы – деп, ыйлап жатам деди. Андан соӊ энесине кайрылып:
— Оо энекем, сизди эмне анчалык ыйлатып жатат? – дегенде, жүрөгүмдү жаралантып кетип жатасың ал мен үчүн айыкпас дарт – деди. Андан соӊ жубайына карап:
— А сени эмне анча ыйлатып жатат? – деди. Жубайы да көздөн жашын агызып:
— Сенин жакшылыгыңдан айрылдым. Эми сенден башка адамдын көзүнө карап каламбы? – деп, ыйлап жатам деди. Андан соң балдарына карап:
— Силер эмне үчүн ыйлап жатасыңар? – деп, сураганда:
— Биз сизден айрылып жетим калабызбы, мындан кийинки жашообуз кандай болот? – деп, ыйлап жатабыз дешти. Алардын баарынын жоопторун уккан соң ал адам өзү эчкирип ыйлап кирди. Баары ыйларын токтотуп андан сурап киришти:
— А сени эмне ыйлатып жатат? – дешип. Анда ал такыбадар адам аларга карап:
— Мен силерди көрүп ыйлап жатам, ар бириңер өз жаныңарды ойлоп ыйлап жаткан турбайсыңарбы мага эмес? – деди. Кайра эле аларга карап:
— Силердин араңарда менин узак сапарга чыгаарымды ойлоп ыйлаганыңар барбы?!
— Силердин араңарда менин жатар жайым жабынаар жуурканым кара топурак экенин билип ыйлаганыңар барбы?!
— Силердин араңарда менин эсеп күнүмдү ойлоп ыйлаганыңар барбы?!
— Силердин араңарда менин Улуу Жаратканымдын алдында кандай туруп жооп береримди ойлоп ыйлаганыңар барбы?! – деди да, жүзү менен жерге карай жыгылды. Аны кайра жерден көтөрүшкөн кезде анын жаны чыгып кеткен болчу.
— Сапарым алыс, жете турган жол азыгым аз. Күчүм калбай барган сайын алсызданып барат, бирок акыйкат ажал тынбай талап кылат.
Ѳлүм төшөгүндө болгон ажайып бир окуя.
Пикир калтырыңыз
Пикир калтырыңыз