🔹Зулкарнайын аскери менен жолдо келе жатып: »Буттарыңарга илинген нерселерди жыйнай жүргүлө»-деп буйрук берет.
Аскерлери бул буйрукту уккан кезде ичтеринен бир бөлүгү : «Көп жүрдүк, катуу чарчадык. Түн ичиндебиз, ага кошо бутубузган тийген нерселерди жыйнап, дагы кыйналабызбы? Эч нерсе жыйнабайбыз»-деген чечимге келип, эч нерсе жыйнашпайт.
Экинчи бөлүгү: «Кол башчыбыз буйруган экен, амирине багынайлы, аз гана болсо да жыйнайлы. Анткени, кол башчыбызга моюн сунушубуз керек»-деп, аз гана жыйнашат.
Үчүнчү топ болсо : «Кол башчыбыз эч нерсени жөндөн-жөн буйрубайт. Милдеттүү түрдө (бир нерсени билип айтса керек) , буйругун аткарабыз»-деп каптарынын баарын толтурушат.
Таң аткан кезде бардык аскерлер түндөсү ‘алтын талаасынан’ өткөндөрүн түшүнүшөт.
Буттарына тийген нерселердин баары алтын экенин эч ким билген эмес экен. Ошондо, амирди укпай, эч нерсе албаган биринчи топ:» Кап! Неге албадык! Кол башчыбыздын сөзүн неге укпадык?! Эч болбогондо бирөөсүн алганыбызда эле?!» — деп өкүнүп калышты.
Экинчи топ өздөрүн сөгө башташты:»Кап! Бир аз дагы алышыбыз керек эле. Каптарыбызды, чөнтөктөрүбүздү оозуна чейин толтуруп алышыбыз керек эле…
Үчүнчү топ да өкүнүп :»Керексиз, пайдасыз нерселерибизди таштаганда, мындан да көп кылып жыйнайт элек»-дешти.
🌿Мына, ушул окуя сыяктуу Акыретте да бардык адамдар өкүнүшөт. Капыр болгон адам: «Эмнеге ыйман келтирбедим?! Ишенгенимде эч болбосо Тозокко түшсөм да, ыйманымдын аркасы менен соңунда баары бир Бейишке кирет элем. Түбөлүк Тозоктон кутулат элем?!! «-дешет.
Мусулман болгону менен сообу аз болгон адам: «Мындан да көп соопту иштерди жасашым керек эле. Мындан да көп нээматка калаар элем»-дешет.
Мусулман болуп, сообу көп болгон киши болсо:» Кап! Мындан да бийик даражаларга көтөрө турган ибаадат жасашым керек эле, көбүрөөк садака берип, көбүрөөк орозо тутуп, көбүрөөк сооп жыйнай турган амалдарды кылышым керек эле «-деп өкүнөт.
📖Аллах Таала Куранда:
«Бир дагы жан эртең эмне болоорун жана кайсы жерде өлөрүн билбейт. Чындыгында, Аллах — Билүүчү, Кабардар! «. (Лукман:34)
📖Жана Аллах Таала:
«Бардык жандар өлүм даамын (сөзсүз) татышат жана Кыямат Күнү ар бириңерге сыйлыгыңар толугу менен берилет. (Ошондо) ким Тозок отунан куткарылып, Бейишке киргизилген болсо, мына ошолор (чоң) ийгиликке жетет. Дүйнө жашоосу — (убактылуу) пайдаларга азгырылуудан башка эч нерсе эмес!». (Али Имран:185)
Чындыгында, ар бир жан ээси өлүм даамын татуучу! Адамдар айланасына көз чаптырсынчы! Кечээ эле ата-энесинен же дагы бир тууганынан же кошунасынан ажырап, аны өз көзү менен көрбөдү беле?! Өзү ошол адамдын жаназасына турбады беле?! Адамдарга өлүм жөнүндө эскертип айтсаң: «Жөн олтурчу! Каяктагы жамандыкты сүйлөбөй!»- дешет. Өлүм — жамандык эмес! Өлүм — чындык менен жалганды ажыратуучу нерсе! Жашоо — таттуу! Ошол үчүн адамдар жашоону жакшы көрүшөт. А өлүм — ачуу (нерсе;чындык)! Ошондуктан адамдар коркушат! Эртең берчү сурагынан эмес же эми жакшы иштерди кылып, сооп ала албай калуудар эмес, балким, бул жашоодо аз жашап, дүйнө — мүлктөрүнөн ажыроодон коркот!
❗Эй, тууганым! Айланаңды карачы! Өсүмдүктөр соолуп, жок болуп жатат! Жаныбарлар да өлүп жатат! Адамдар да өлүп жатат! Бул нерсени сен жөнөкөй гана сезимдер менен кабыл алба! Эртеңки Аллах алдында жооп берүүчү күнүңдү ойло! Аллах Таала сага берген жарык күндү, сага берген 24саат убакытты эмнеге короттуң деген суроосуна жооп бере аламбы деген коркуу сезимдери менен кабыл алып, акыретиңе азык топто! Сен кайсыл жерде, канча жашыңда өлөрүңдү билбейсиң! Кайсыл бир күнү өлүм келген кезде ал мүнөттөрдү артка кайтара албайсың!
📖 Бул жөнүндө Аллах Таала:
«Ал эми алардын мөөнөтү келгенде (б.а. ажалы жеткенде), алар (өз) ажалдарын бир саатка кечиктире да, илгерилете да алышпайт». (Нахл:61)
🔹Өлүм — ар бир тирүү жанга эскертүү! Кандай эскертүү? Сен дагы бир күн бул дүйнөдөн өтөсүң. Сен да Аллахка кайтып баруучусуң. Өлүмдү эстөө — жамандык эмес! Кайра ал сен үчүн жакшылык! Кандай жакшылык бар өлүмдө? Ал сага сенин өлүмүңдү эскертип турат. Күнөө иштериңден тыйып, соопту амалдарды жасап калууңа жардам берет! Бул тууралуу бир икая айтайын:
📜Дауд (а.с.) пайгамбар аябай күчтүү жана кызганчаак болгон. Ал өз үйүндө жоочун бирөөнү көрүп калса, аябай ачууланчу. Жана анын үйүнө өзү каалаган адамдардан башка эч ким кире алчу эмес. Бир күнү сырттан келсе короосунда бирөөнү көрөт. Аябай ачууланып: «Эй, сен кимсиң? Менин короомо кимден уруксат сурап кирдиң? «-деп сурайт. Жанагы киши: «Биз эч кимден уруксат сурабай келебиз «-деп жооп берет. Дауд (а.с) пайгамбар бул киши Азреил(өлүм периштеси) (а.с.) экенин билет да: «Менин өлүм даамын тата турган күнүм келдиби? «-деп сурайт. Азреил (а.с.): «Ооба «-деп жооп берет. Ошондо Дауд (а.с.) пайгамбар: «Эмнеге мага алдын эскертүү берилген жок? «-дейт. Азреил (а.с.):
-Биз сага эскертүү бердик..
-Кантип? Мага эч кандай эскертүү берилбеди го?
-Сенин баланча акең кайда?-деп сурайт Азреил (а.с)
-Ал өлгөн..
-Сенин баланча эжең кайда?
-Ал да өлгөн…
-Сенин баланча кошунаң кайда?
-Ал да өлгөн..
-Мына ошолор сага эскертүү болчу -деп жооп берип, анын жанын алды…
🍃Мынакей, тууганым. Бизге ар бир нерсе өзүнчө эскертүү, сабак, үлгү! Биз өзүбүзчө келечекке чоң -чоң максаттарды коюп, үмүт кылабыз ээ? Бирок, ошол эле учурда өлүмдү да унутпоо керек.
✨ Пайгамбарыбыз (с.а.у.) тамак ичип жатканда да:
«Ушул нерсе ашказаныма жетээр бекен же ага жетпей жан таслим болоор бекем? «-деп, же басып бара жатканда да: «Бул менин акыркы кадамдарым эмес бекен? «-деп ар мүнөт сайын өлүмдү эстеп тураар эле.
Кокустан кырсык болуп, өлүм келип калуусу мүмкүн. Эч ким эртең эмне болушун билбейт жана кепилдик да бере албайт!
📜Анастын (андан Аллах ыраазы болсун) мындай дегени кабардалат:
«(Бир жолу Аллахтын Элчиси (с.а.у.) сызыктарды сызды да, мынтир айтты:
«Бул адамдын үмүтү, а бул болсо анын ажалы, ал мына ушундай (чоң үмүттүү) абалда турган кезинде ага күтүүсүздөн мобул жакын турган (кырсык) сызык келип кошулат!». (ал -Бухари)
√Бул хадисте айтылгандай Аллахтын Элчиси (с.а.у.) чийген сызыктарындагы турмуштук оош-кыйыштарды көрсөткөн жана өмүр сызыгына каптал тараптан келип кошулган (кырсык) сызыгы тууралуу айтылууда. Т.а. бул жерде адам өмүрүнүн эң акыркы окуясы болуп кала турган сызык жөнүндө айтылууда…
•Ар дайым өлүмдү эстеп, акыретине даярданган адам акылдуу адам. Анткени, ал түбөлүктүү жашоосуна кам көрүп, даярданат.
📜Өлүмдү эстеп туруу жөнүндө Пайгамбарыбыз (с.а.у.):
«Ырахаттарды кесип салуучу (өлүм) тууралуу көбүрөөк эстегиле!» (Бул хадисти ат -Тирмизи келтирип: «Жакшы хадис «деп атаган)
Ошондуктан, ар дайым өлүмдү эстеп турууну унутпаңыз! Өсүмдүктүн соолушун карап, өзүңүздүн өлүмүңүздү эстеңиз, идиштин сынганыр көрүп, өлүмдү эстеңиз, жаныбарлардын өлгөнүн көрүп, өлүмдү эстеңиз, адамдардын жаназасына туруп жатканда, өлүм тууралуу көп ойлонуңуз. Кабырстанга барганда өлүмдү көп эстеңиз. Бул эскертүү болот. А эскертүү өтө жакшы нерсе!
Ойлобоңуз карыганда гана өлөм деп. «Намаз окуйсуңбу?»- десе, «Ниет кылып жатам.. буйруса пенсияга чыкканда «-дешет. Ким кепил болот эртеңки эмес 5мүнөттөн кийин эмне болушуна? Кабырстанга барыңызчы?! Бир жашында, үч айлыгында, 14; 20; 25; 40; 43; 50 жаштарында көз жумгандарды көрөсүз. Булар жаш эле го?! Өлүм аларды жаш экенине карабай жандарын алды! Бул нерселер сиз үчүн эскертүү болсун! Билиңиз, ар бир жан ээси өлүм даамын татуучу! Кайсыл күнү болсо
ошондо …!
👤Нуриза Кармышакова, атайын «Formula.kg» сайты үчүн!