Бисмиллахир Рахмаанир Рахийм
Бул китепче айттырбай келген ажал, капыстан келген кырсык жана ар бирибизге өтө узун жана түгөнгүстөй туюлган өмүр шамын алеки саатта жалп өчүргөн өлүмдүн өжөр чындык экени жөнүндө икая кылат.
Өлүм – бул капыстан келген капсалаң, ажал – бул айттырбай келген ажыдаар! Өлүм жөнүндө биз көп угабыз. Аалымдар дагы аны бизге көп эскертишет. Бирок, биздин эсибиздин түбү тешик белем, уккан сайын унута беребиз, көргөн сайын көңүл бурбай кетебиз. Өлүм кырсыгы болсо каш менен кабактын ортосунда. Ал келгенде качкандан пайда жок. Аллах Таала кимдин жанын алгысы келсе, асманга учса да кутулбайт.
Урматтуу окурман! Бул китепченин максаты үрөй учурган турмуштук эпизоддор менен силерди коркутуу эмес. Болгону ал бизди өткөөл дүйнө кумарына алданып, акыретти унутпоогочакырат, башталгандын акыры бар экенин эскертет жана Аллах Тааланын өлүм-өмүр жөнүндөгү аяттарын, улук пайгамбардын насааттарын көңүл борборунда тутуп жүрүүгө үндөйт. Расулуллах саллаллоху алайхи ва саллам айтты:
«Кыямат жакындашкан сайын адамдар дүйнөгө сук болуп, Аллах Тааладан алыстап жатышат»
Аллах Таала айтты:
«(Эй, адамдар!) Билгиле, чынында дүйнө жашоосу болгону оюн-күлкү, зыйнат-жасалгалар, өз араңарда (дүйнөңөр менен) сыймыктануу жана мал-дүйнө, бала-чака көбөйтүүдөн гана турат» (Хадид – 20)
Улук пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам үмөттөрүнүн умтулганы – дүйнө, самаганы – байлык болуп, акыретти унутуп калуусунан көп кабатыр болгон эле.
Ал өзүнүн бир хадисинде мындай деген:
«Раббим мага «Макканын бүт таштарын алтынга айлантып берейинби?» дегенде, мен айттым: «жок, эй Раббим! Мен бир күн ток болсом, бир күн ачка жүрөйүн. Ток болгон кезде Сага шүгүр кыламын, ач калганымда Сага жалбарып, дуба кыламын.»
Уктуңарбы, эй мусулмандар! Дүйнө жыргалына алданып, акыретти унутпагыла! Аллах Тааланын ыймандууларга кантип кайрылганын уккула:
«Эй, ыйман келтирген адамдар! Мал-дүйнөңөр, бала-чакаңар силерди Аллахты эскерүүдөн алагды кылбасын! Ким ушундай кылса, алар эки дүйнөдө зыян тартуучулар! Жана силерден бириңерге өлүм келгенге чейин Биз ырыскы кылып берген нерселерден эхсан-садака кылып калгыла! Анан ал (ажалдын колуна түшкөн бирок, эхсан кылууга үлгүрбөгөн) адам айтат: “эй, Раббим! Эгер мени жакынкы мезгилдерге чейин (жанымды албай) кечиктирсең, садака кылаар элем жана жакшы адамдардан болоор элем!” Бирок, ажалы жеткенде Аллах эч бир жанды кечиктирбейт! Аллах силер жасап жаткан иштерден Кабардар!»» (Мунафикун — 9,10, 11)
Расулуллах саллаллоху алайхи ва саллам айтты:
«Эгер мен билгенди билгениңерде азыраак күлүп, көбүрөөк ыйламаксыңар»
Чынында, эгер биз жан алкымга келгендеги азапка, акыретте болор каар-казапка, ошондой эле, бар экени чын Бейишке терең ишенсек, азыраак жыргап, көбүрөөк амал кылмакпыз. Биз дин аалымдарынан өлүмдү эскерүү жана өлүмгө даярдануу жөнүндө көп угабыз. Бирок, укканыбыз жуга бербейт.
Аллах Тааланын айтканын уккула: «Ар бир жан (өлүм шарабын) татуучу. Кыямат Күндө силерге сообуңар толук берилет. Кимде-ким (ошондо) тозоктон четтетилип, Бейишке киргизилсе, демек ал анык жеңишке жетти! Ал эми, дүйнө жашоосу болсо, азгыруучу пайдалардан башка эмес» (Аалы Имран – 185)
Өлүм – бул өжөр чындык!
Аллах Таала айтты: «Андагы бардык нерселер өтүп кетет. Бир гана Улуулук, Урматтуулук Ээси болгон Раббиңдин Жүзү гана түбөлүк калат!» (Ар Рахман – 26,27)
Өлүмдөн асманга учкандар дагы кутулбайт. Аллах Таала айтты:
«Кайда болсоңор дагы өлүм силерди таап алат. Эгер бекем курулган сарайларда болсоңор дагы» (Ниса – 78)
Эч бир адам кай жерде, кандай абалда өлүшүн билбейт.
Аллах Таала айткан:
«Ар бир элдин ажалы (б. а. өлүм үчүн белгиленген убактысы) бар. Качан алардын ажалы жеткенде бир саатка да кечиктирилбейт. Жана тездетилбейт дагы» (А,РАФ: 35)
Аллах Таала дагы мындай деген:
«Айткын: силер андан качып жүргөн өлүмгө сөзсүз жолугасыңар. Андан кийин кайыпты да ашкерени да билип турган Аллахка кайтарыласыңар жана Ал силерге жасаган ишиңердин кабарын билдирет» (Жума – 8)
Аллах Таала айтты:
«Айткын: «эгер өлүмдөн же өлтүрүлүүдөн качсаңар, качуу силерге эч пайда бербейт… Айткын: эгер Аллах силерге бир жамандыкты кааласа Андан силерди ким сактап кала алат?» (Ахзап – 16,17)
Жакынкы жылдарда Израил мамлекетинде бир топ напси пенделерин көз көрүнөө эле… жер жутуп кетти.
Анткени, Аллах Таала айткан:
«Айла-амал менен күнөөлөрдү жасаган адамдар, аларды Аллах жерге жуткуруп жиберүүсүнөн аманбы? Же болбосо, аларга сезбеген тараптан азап келишинен аман бекен? Же болбосо саякаттап жүргөн мезгилдеринде (Аллахтын азабы) кармашынан жана андан качканга жай таппай калышынанаманда бекен?!» (Нахыл – 45,46)
О, адамдар! Тообага шашылгыла! Кеч болуп кала электе Аллахка кайткыла! Аллах Таала азаптоого шашылбаса, бейгам болбойлу.Ал бизди күтүүдө. Эгер кайтпасак катуу азап менен кармап коёт.
Аллах Таала айтты:
«Сенин Раббиң заалым шаарларды (азап менен) кармаганда ушундай кармайт! Чынында Анын кармаганы азаптуу жана катуу! Мында Акырет азабынан корккон адамдар үчүн үлгү-сабактар бар»
О, замандаштар! Көздөрүбүз качан ачылат! Аллах Таала бизге жетиштүү эле алааматтарды көргөздү-го! Өлүм сааты келип калгыча эсибизге келбейлиби?!
Өзүнүн «бол!» деген бир гана сөзү менен жаралган дүйнөнү заматта жок кылып коюу Аллах Таалага оор эмес! Анткени, ар бир нерсе жок болуучу, бир гана Аллах Таала түбөлүк!
Аллах Таала айтты:
«Эй, адамдар! Раббиңерден корккула! Чынында кыямат коогалаңы өтө айбаттуу! Силер аны көргөн күндө бардык сүт эмизүүчү жаныбарлар (коркуудан) өз баласын унутат! Жана ар бир кош бойлуу бойундагысын таштап коёт! Жана сен адамдарды нес-мас абалда көрөсүң! Жок, алар мас эмес, бирок Аллахтын азабы катуу!» (Хаж – 12)
О, адамдар! Ар бир адам өлүм менен бетме-бет келет. Өлүмдөн эч ким качып кутулган эмес. Ар бир адам: ал каапырбы-мусулманбы, жаманбы-жакшыбы, жашпы-карыбы, урматтуубу -урматсызбы, мансаптуубу-мансапсызбы, падышаабы-кедейби, ким болсо- болсун, өлүм менен бетме-бет келет.
Өлүм чындыгы – ушундай!