alternatetext Багымдат: 04:28 | alternatetextКүн чыгуу: 06:11 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:53 | alternatetextШам: 19:54 | alternatetextКуптан: 21:38
Жаңылыктар

Кытай бийлиги мечиттерди жардырууну баштады

Кытай бийлиги мечиттерди жок кылууну баштады. Бул тууралуу «Independent» басылмасына шилтеме жасап, Лента.ру порталы жазды.

Маалыматка ылайык, Хэнань, Ганьсу, Ички Монголия райондору жана Нинся-Хуэй автономиялык райондорунда талкалоолор катталганы тастыкталган. Айрыкча, Линься шаарынын жанында жайгашкан, «Кытайдын чакан Меккеси» аталган аймактагы мечиттердин куполу, мунаралары жардырылган. Ал жерде Кытайдагы мусулмандар жыш жайгашкан – хуэй эли жашайт. Ошондой эле, бийлик Юньань аймагындагы 3 мечитти жаптырып салган жана өлкө боюнча араб жазууларын колдонууга тыюу салган.

Июнь айында Кытай бийлиги мусулман уйгурларды атайын лагерлерде кыйноого алганы боюнча тараган маалыматты четке каккан болчу. Тышкы иштер министри Чжан Ханьхуэ «саясий тарбия берүүчү лагерлер» жоктугун айтып, аны «билим берүүчү жана атайын даярдоочу борборлор» экендиги менен түшүндүргөн.

Эске салсак, 2018-жылы эл аралык коомчулук, БУУнун адам укуктары боюнча комиссиясы жана Европа парламенти Кытайдын «кайра тарбиялоо» лагерлеринин бет кабы менен этникалык жана конфессиялык азчылыктарга зордук-зомбулук жасап, алардын укуктарын тебелеп жатканын айтып тынчсызданышкан. 30 миллионго чукул калкы бар Синьцзян Уйгур автономиялык облусу Ислам динин тутунат. Аларга карата борбордук бийлик тараптан ар түрдүү кысымдар болгону көптөн бери айтылып келгени менен, 2017-жылдан баштап курч мүнөзгө өткөнү маалым.

Былтыркы жылы Кытай бийлиги Синьцзян Уйгур автономиялык облусундагы уйгур мусулмандарын «кайра тарбиялоо» лагерлерин мыйзамдаштырган. Ага ылайык, аталган лагерлер Ислам динин тутунган уйгурлардын психологиясын өзгөртүү жолу менен терроризмге каршы күрөш жүргүзөт.

Лагерлерде жүрүм-турумду оңдоо, идеологиялык сабатын жоюу иштери алынып барылып, атайын психологдор иштешет. Ошондой эле ал жерде кытай тили жана маданияты, мыйзамдар жана кесиптик билимдер үйрөтүлөрү айтылууда.

Жаңы мыйзам боюнча, сакал-мурут коюу, жоолук салынуу, «халал» терминин колдонуу, мамлекеттик телеканалды көрбөө, өзгөчө ысымдарды коюу жана мамлекеттик билим берүүдөн баш тартуу терроризмге мүнөздүү белгилер болуп саналат.

БУУнун билдиришинче, аталган лагерлерде миллиондон ашуун уйгур мусулмандары бар. Бирок Кытай тарап муну тастыктабай, жашыруун кармап жаткандыгын айткан.

Булак
"Марал" радиосу

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button